Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-ноябры № 554
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн илим чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-июнундагы № 32 , 2024-жылдын 16-февралындагы № 60, 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 153, 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 154, 2024-жылдын 6-июнундагы № 295, 2024-жылдын 7-июнундагы № 297, 2024-жылдын 13-июнундагы № 310, 2024-жылдын 24-июнундагы № 331, 2024-жылдын 29-октябрындагы № 651
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын илим жаатындагы мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 60 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 154 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 331 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 153 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-июнундагы № 297 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ''Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин уставында:
- 18-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. "ААМ" ИӨБ директору кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан 70 жаш курактан ашпаган, тиешелүү багыттагы илимдин доктору окумуштуу даражасы бар адистердин ичинен 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Тиешелүү багыттагы илимдин доктору окумуштуу даражасы бар адис жок учурда тиешелүү багыттагы илимдин кандидатын дайындоого жол берилет.
Бир эле адам "ААМ" ИӨБ директору кызматына катары менен экиден ашык мөөнөткө дайындала албайт.";
- 20-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси "ААМ" ИӨБ директорунун кызмат орду бош болсо, анын милдеттерин аткарууну "ААМ" ИӨБ директорунун орун басарына үч айдан ашпаган мөөнөткө жүктөйт.".
7. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-июнундагы № 295 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 310 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-июнундагы № 32 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-октябрындагы № 651 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
11. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
12. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жана билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
13. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 4-декабрындагы № 99 (3171) жарыяланды
Премьер-министр | С.Н. Жапаров |