Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-апрели № 227
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Долбоор
1-берене
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 971-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуласы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) конституциялык Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 11-берене менен толукталсын:
«11-берене. Ушул конституциялык Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жана алардын кепилдиктерин аныктайт, Кыргыз Республикасынын Президентин (мындан ары - Президент), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын (мындан ары - Жогорку Кеңештин депутаттары) шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.»;
3) 3-беренесинин 3-бөлүгүндөгү «же эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар» деген сөздөр «жарандар, соттун күчүнө кирген айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген адамдар» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) 15-беренесинин 4-бөлүгүнүн биринчи абзацы «Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун» деген сөздөрдөн кийин «же Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун (ID-картасынын)» деген сөздөр менен толукталсын;
5) 46-беренесинин 1-бөлүгүндөгү «ушул конституциялык Мыйзамда» деген сөздөр «мыйзамда» деген сөз менен алмаштырылсын;
6) 49-беренесинде:
а) 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Саясий партияларды мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө маалыматтарды шайлоону дайындоо жөнүндө чечим күчүнө кирген күндөн тартып 3 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган мамлекеттик орган жөнөтөт. Катталган саясий партиялардын тизмеси мамлекеттик органдын расмий сайтына жарыяланат.»;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
«6. Президенттин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан кызмат адамдары Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Президенттин кызмат ордуна талапкер катары чыга албайт.»;
7) 53-беренесинде:
а) 1-бөлүгүнүн 4-пункту «маалымдаманы» деген сөздөн кийин «(эгер болсо)» деген сөздөр менен толукталсын;
б) 7-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
«6) ушул конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 6-бөлүгүндө каралган учурларда.»;
8) 60-беренесинин 2-бөлүгүндө:
а) экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Саясий партияларды мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө маалыматтарды шайлоону дайындоо жөнүндө чечим күчүнө кирген күндөн тартып 3 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган мамлекеттик орган жөнөтөт.»;
б) төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын:
«Катталган саясий партиялардын тизмеси мамлекеттик органдын расмий сайтына жарыяланат.»;
9) 61-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту «иштеген же окуган жерлеринен маалымдаманы» деген сөздөрдөн кийин «(эгер болсо)» деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти