Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 184 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-апрели № 231
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1095-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуласы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 11-берене менен толукталсын:
«11-берене. Мыйзамдын предмети
Ушул Мыйзам Жогорку Кеңештин депутатынын ишинин принциптерин жана кепилдиктерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган анын негизги укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.»;
3) 6-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын ишин башка милдеттерди аткаруу менен айкалыштыруу
Жогорку Кеңештин депутаты илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иш жүргүзө алат.
Премьер-министр же биринчи вице-премьер-министр кызматына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаты Жогорку Кеңештин төрагасы жана анын орун басары кызматына шайлана албайт, ошондой эле Жогорку Кеңештин комитетинин же Жогорку Кеңештин убактылуу комиссиясынын төрагасы, мүчөсү боло албайт.
Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык мандатты жана Жогорку Кеңештин пленардык жыйындарында добуш берүү укугун сактоо менен Премьер-министр же биринчи вице-премьер-министр кызматына дайындалышы мүмкүн.
Премьер-министр же биринчи вице-премьер-министр кызматынан кеткен, бошогон жана милдетин аткарууну токтоткон Жогорку Кеңештин депутатынын депутаттык ыйгарым укуктары толук көлөмдө калыбына келтирилет.»;
4) 24-беренесинин 3-бөлүгүндөгү «макулдугу менен гана» деген сөздөр «депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) 28-беренесинин 4-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене
2017-жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө кирүүчү ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 3 жана 4-пункттарынан тышкары, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти