Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-апрели № 235
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 4-августундагы № 582 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин уюмдарынын жана мекемелеринин финансылык-чарбалык ишин текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 22-апрелиндеги № 495 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын граждандык персоналынын эмгегине акы төлөө жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-апрелиндеги № 237 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын жарандык кызматкерлеринин кызматтык маяналарын көбөйтүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 1-августундагы № 557 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |