КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 235 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2003-жылдын 22-апрели № 237
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, жана Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын жарандык кызматкерлеринин кызматтык маяналарын көбөйтүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-мартындагы № 158 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 27-январындагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаны аткаруу боюнча башкы башкармасынын жана Түзөтүү мскемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен алып жүрүү боюнча департаментинин кызматкерлерин жана аскер кызматчыларын акчалай күтүү жөнүндө" Указын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин органдарын, Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасын тейлеген жарандык кызматкерлердин кызматтык маяналары 50 процентке көбөйтүлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-мартындагы № 158 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул токтом менен белгиленген кызматтык маяналар 2003-жылдын 1-январынан баштап, бекитилген эмгек акы төлөө фондунун чегинде киргизилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышынын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Н. Танаев |