Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 31-декабры № 722
Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Мамлекеттик финансыны башкаруу тутумун өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоо жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоо боюнча стандарттарды жана методологиялык документтерди бекитүүдө ыйгарым укуктар берилсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| Ж.Сатыбалдиев |