Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 88 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-апрели № 236
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 118 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна мүчөлүгүнүн алкагында милдеттенмелерди ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 118 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жободо:
- 1-пункту "борбордук органы болуп эсептелет" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Эл аралык медициналык-санитардык эрежелери боюнча улуттук координатору болуп саналат" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пункту "башка ченемдик укуктук актыларды," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пунктундагы "юридикалык жак болуп эсептелет" деген сөздөр "юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгүнө ээ болот" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |