Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-апрели № 240
"Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 7, 496-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоо - адамды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген критерийлердин негизинде адамдарды сатуунун курмандыгына киргизүүнүн эрежеси;
адамдарды сатуунун курмандыктарын тийиштүү жакка жиберүүнүн улуттук механизми - адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам берүүгө жана аларды коргоого багытталган мамлекеттик органдардын, коммерциялык эмес уюмдардын, ошондой эле адистештирилген мекемелердин иш-аракеттеринин жыйындысы;";
2) 6-статьянын:
3-пунктундагы:
- сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;";
- төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;";
6-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталуучу" деген сөздөр алып салынсын;
3) 7-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- адамдарды сатуунун курмандыктарын тийиштүү жакка жиберүүнүн улуттук механизмин түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу.";
4) 8-статьянын:
- 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3 жана 4-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 9-статья төмөнкүдөй мазмундагы 10-1-пункт менен толукталсын:
"10-1. Миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган адамдарды сатуунун алдын алууга, аныктоого жана бөгөт коюуга катышат.";
6) төмөнкүдөй мазмундагы 19-1-статья менен толукталсын:
"19-1-статья. Адамдарды сатуунун курмандыктарын тийиштүү жакка жиберүүнүн улуттук механизми
Адамдарды сатуунун курмандыктарын аныктоо, идентификациялоо, тийиштүү жакка жиберүү жана реабилитациялоо, адамдарды сатуунун курмандыктары, ошондой эле адистештирилген мекемелер менен болгон мамилелерди жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдардын өз ара аракеттенүүлөрү адамдарды сатуунун курмандыктарын тийиштүү жакка жиберүүнүн улуттук механизминин алкагында ишке ашырылат.";
7) 25-статьянын 1-пункту "өтүнмөсү боюнча" деген сөздөрдөн кийин ", адамдары сатуунун курмандыктарын тийиштүү жакка жиберүүнүн улуттук механизмдеринин алкагында" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып беш айлык мөөнөттүн ичинде өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМ КАТ
Ушул Мыйзамдын долбоорунда "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча 2013-2016-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы жөнүндө" токтомуна ылайык, Программанын аткарылышы боюнча топтомо отчетту түзүү Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине жүктөлгөн.
Бирок Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-ноябрындагы № 768 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин укук улантуучусу болуп саналбайт. "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 6-пунктуна ылайык, координациялоочу орган Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталууга тийиш.
Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жаатындагы иштерди толук кандуу координациялоону камсыз кылуу максатында, ушул мыйзамдын долбоорунда ыйгарым укуктуу органды аныктоо функциясын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берүү болжолдонот.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматын адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жаатындагы иштерди жүзөгө ашырган субъектилердин тизмесине киргизүү боюнча өзгөртүүлөр каралат.
Ошондой эле, мыйзамдык долбоорунда адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам көрсөтүү маселелеринде өтө маанилүү инструмент болуп саналган "адамдарды сатуунун курмандыктарын (мындан ары - АСК) башка жакка жиберүүнүн улуттук механизми" киргизүү сунушталат.
АСК толук кандуу коргоо жана аларга жардам берүү үчүн, азыркы учурда бир нече субъектилер ишке ашыруучу иш-чаралардын бүтүндөй комплекси зарыл. Башка жакка жиберүү механизми АСК аныктоо жана идентификациялоо, башка жакка жиберүү, реабилитациялоо тартибин белгилеген мамлекеттик органдардын жана БКУлардын, ошондой эле АСК менен мамилелерди жөнгө салуу боюнча адистештирилген мекемелердин иш-аракеттер системасын билдирет. Башка жакка жиберүү механизми АСК жардам көрсөткөн бардык субъектилердин өз ара аракеттенүү маселелерин, аларга укуктук жана социалдык колдоо көрсөтүү кезектүүлүгүн, АСК персоналдык маалыматтарын жана инсандыгын коргоону камсыз кылуунун атайын механизмдерин жана социалдык реабилитациялоо маселелерин карайт.
Башка жакка жиберүү механизмин жайылтууну эске алуу менен, адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгы аныкталган соң кийинки кадам аны АСК идентификациялоонун бекитилген критерийлеринин негизинде курмандык катарында идентификациялоо жол-жобосу болуп саналат. Идентификациялоо адамга "адамдарды сатуунун курмандыгы" статусун ыйгарууга жана аны коргоонун жана жардам көрсөтүүнүн толук кандуу механизмин киргизүүгө жол ачат.
Аталган мыйзамдын долбоорун кабыл алуу АСК идентификациялоо критерийлерин жана эрежелерин бекитүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечимдерин иштеп чыгуу жана кабыл алуу зарылчылыгын пайда кыларын эске алуу менен, Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып беш айлык мөөнөттүн ичинде өз чечимдерин ушул Мыйзамдын жоболоруна шайкеш келтирүү каралган.
Сунушталган мыйзамдын долбоору ишкердик жүргүзүүгө багытталбагандыктан жөнгө салуу таасирин талдоого жатпайт.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын расмий сайтына ушул жылдын 13-октябрынан - 13-ноябрына чейин (чыг. № 03-15/2955 10.10.2016-ж.) жайгаштырылган жана коомдук талкуулоо жол-жобосунан өткөрүлгөн. Сунуштар жана сын-пикирлер түшкөн жок.
Бир эле учурда, аталган мыйзамдын долбоорун кабыл алуу укук коргоочулук, социалдык, экономикалык, коррупциялык, гендердик кесепеттерди алып келбейт.
Ошондой эле, аталган мыйзамдын долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансы каражаттарын талап кылбайт.
Сунушталган долбоор эл аралык жана улуттук мыйзамдардын ченемдерине каршы келбейт.
Төраганын орун басары |
| А.Асанбаев |
"Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
Колдонуудагы редакция | Сунушталган редакция |
"Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | |
1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн пайдаланылуучу түшүнүктөр төмөндөгүдөй маанилерде колдонулат: тартуу - кандайдыр бир жумуштарды аткаруу үчүн адамдарды жалдоо, топтоо, аларды кандайдыр бир ишке тартуу, анын ичинде укукка каршы ишке, кандайдыр бир уюмдун, анын ичинде мыйзамда тыюу салынган уюмдун курамына киргизүү; даректүү мамлекет - аймагында адамдарды сатуунун курмандыктарынын күч-кубатын пайдалануу же аларды мажбурлап эмгекке тартуу жүзөгө ашырылган мамлекет; окуя болгон мамлекет - аймагынан сатуунун курмандыктарынан болгон адамдарды алып чыгуу жүзөгө ашырылган, же жарандары адамдарды сатуунун курмандыктары болгон, болбосо аймагында адамдарды сатууну жүзөгө ашырган юридикалык жак иштеген жана (же) катталган, болбосо адамдарды сатууну жаап-жашыруу үчүн кызмат кылган мамлекет; транзит мамлекети - аймагы аркылуу адамдарды сатуу боюнча иш-чаралар жүзөгө ашырылуучу мамлекет; адамдарды сатуунун курмандыктары - тартууга, ташып жеткирүүгө, өткөрүп берүүгө, сатууга же адамдарды сатуу менен байланышкан дагы башка иш-аракеттерге ошол адамдын макулдугу бар - жогуна карабастан, адамдарды сатуудан жапа чеккен адам; | 1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн пайдаланылуучу түшүнүктөр төмөндөгүдөй маанилерде колдонулат: тартуу - кандайдыр бир жумуштарды аткаруу үчүн адамдарды жалдоо, топтоо, аларды кандайдыр бир ишке тартуу, анын ичинде укукка каршы ишке, кандайдыр бир уюмдун, анын ичинде мыйзамда тыюу салынган уюмдун курамына киргизүү; даректүү мамлекет - аймагында адамдарды сатуунун курмандыктарынын күч-кубатын пайдалануу же аларды мажбурлап эмгекке тартуу жүзөгө ашырылган мамлекет; окуя болгон мамлекет - аймагынан сатуунун курмандыктарынан болгон адамдарды алып чыгуу жүзөгө ашырылган, же жарандары адамдарды сатуунун курмандыктары болгон, болбосо аймагында адамдарды сатууну жүзөгө ашырган юридикалык жак иштеген жана (же) катталган, болбосо адамдарды сатууну жаап-жашыруу үчүн кызмат кылган мамлекет; транзит мамлекети - аймагы аркылуу адамдарды сатуу боюнча иш-чаралар жүзөгө ашырылуучу мамлекет; адамдарды сатуунун курмандыктары - тартууга, ташып жеткирүүгө, өткөрүп берүүгө, сатууга же адамдарды сатуу менен байланышкан дагы башка иш-аракеттерге ошол адамдын макулдугу бар - жогуна карабастан, адамдарды сатуудан жапа чеккен адам; |
мажбурлоо эмгеги - жазалоо коркунучу менен адам аткарууга ыктыярдуу макул болбогон кандай иш болбосун аткартуу же кызмат көрсөттүрүү; | адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоо - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген критерийлердин негизинде адамды адамдарды сатуунун курмандыгына киргизүү эрежеси; адамдарды сатуунун курмандыктарын башка жакка жиберүүнүн улуттук механизми - мамлекеттик органдардын, коммерциялык эмес уюмдарын, ошондой эле адистештирилген мекемелердин ортосундагы адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам берүүгө жана аларды коргоого багытталган кызматташуу түзүмүн калыптандырган иш-аракеттердин жыйындысы; мажбурлоо эмгеги - жазалоо коркунучу менен адам аткарууга ыктыярдуу макул болбогон кандай иш болбосун аткартуу же кызмат көрсөттүрүү; |
6-берене Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу субъекттер 3. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча ишти өзүнүн компетенциясынын чегинде жүзөгө ашыруучу субъекттер болуп төмөндөгүлөр саналат: прокуратура органдары; ички иштер органдары; тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери; улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган; мамлекеттик чегараны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган; бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган; | 6-берене Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу субъекттер 3. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча ишти өзүнүн компетенциясынын чегинде жүзөгө ашыруучу субъекттер болуп төмөндөгүлөр саналат: прокуратура органдары; ички иштер органдары; тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери; улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган; мамлекеттик чегараны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган; бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган; |
социалдык өнүктүрүү жана эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган; | эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган; |
билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган; жарандардын саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган; | билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган; жарандардын саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган; миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган; |
жергиликтүү мамлекеттик администрациялар; жергиликтүү өзалдынча башкаруунун органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чектеринде. | жергиликтүү мамлекеттик администрациялар; жергиликтүү өзалдынча башкаруунун органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чектеринде. |
6. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча органдардын ишин координациялоо [Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталуучу] ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат. | 6. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча органдардын ишин координациялоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат. |
7-берене Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары 1. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарына төмөндөгүлөр кирет: - адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жана аны ишке ашыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу; - адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу жана кабыл алуу, алардын сакталышына контролдук жүргүзүү; - адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндө улуттук программаларды иштеп чыгуу, бекитүү жана ишке ашыруу; - адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун бирдиктүү тутумун түзүү жана анын иштөөсүн камсыз кылуу; - адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндө эларалык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу жана эларалык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткаруу. | 7-берене Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары 1. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарына төмөндөгүлөр кирет: - адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жана аны ишке ашыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу; - адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу жана кабыл алуу, алардын сакталышына контролдук жүргүзүү; - адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндө улуттук программаларды иштеп чыгуу, бекитүү жана ишке ашыруу; - адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун бирдиктүү тутумун түзүү жана анын иштөөсүн камсыз кылуу; - адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндө эларалык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу жана эларалык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткаруу; - адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча иштерди координациялаган ыйгарым укуктуу органды аныктайт. |
8-берене Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча ишти координациялоо жагындагы ыйгарым укуктуу орган 1. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу органды (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) [түзүү жана иштөө тартиби ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу орган жөнүндөгү жобо менен аныкталат.] | 8-берене.. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча ишти координациялоо жагындагы ыйгарым укуктуу орган 1. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу органды (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. |
[3. Ыйгарым укуктуу орган өзүнүн ишин коомдук уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүктөрү бар, адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча ишти жүзөгө ашырган эл аралык өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен өз ара аракетте жүзөгө ашырат.] |
|
[4. Ыйгарым укуктуу орган юридикалык жактын статусуна ээ.] |
|
9-берене. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу субъекттердин компетенциясы | 9-берене. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу субъекттердин компетенциясы 10-1. Миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган адамдарды сатуунун алдын алууга, аныктоого жана бөгөт коюуга катышат. |
| 19-1-берене. Адамдарды сатуунун курмандыктарын башка жакка жиберүүнүн улуттук механизмдери 1. Адамдарды сатуунун курмандыктарын аныктоо, идентификациялоо, башка жакка жиберүү жана реабилитациялоо, мамлекеттик органдардын, коммерциялык жана эл аралык уюмдардын адамдарды сатуунун курмандыктары, ошондой эле адистештирилген мекемелер менен мамилелерди жөнгө салуу боюнча өз ара аракеттенүүлөрү адамдарды сатуунун курмандыктарын башка жакка жиберүүнүн улуттук механизминин алкагында ишке ашырылат. |
25-берене Адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам берүү жана аларды коргоо боюнча чаралар 1. Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдын, тергөөчүнүн, прокурордун, соттун жүйөлөштүрүлгөн өтүнмөсү боюнча адамдарды сатуунун курмандыктарына аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, башпаанектердин жана борборлордун ыйгарым укуктуу органы тарабынан ушул Мыйзамга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык өздөрүнүн компетенциясына жараша жардам көрсөтүлүүгө тийиш. | 25-берене Адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам берүү жана аларды коргоо боюнча чаралар 1. Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдын, тергөөчүнүн, прокурордун, соттун, адамдары сатуунун курмандыктарын башка жакка жиберүүнүн улуттук механизмдеринин алкагындагы, жүйөлөштүрүлгөн өтүнмөсү боюнча адамдарды сатуунун курмандыктарына аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, башпаанектердин жана борборлордун ыйгарым укуктуу органы тарабынан ушул Мыйзамга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык өздөрүнүн компетенциясына жараша жардам көрсөтүлүүгө тийиш. |
Төраганын орун басары |
| А.Асанбаев |