Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-апрели № 245
"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ж.Салянова демилгелеген "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 245 токтому менен жактырылган |
"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ж.Салянова демилгелеген "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинде "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин 21-пунктун жаңы редакцияда баяндоо сунушталат. Сунушталган редакция калктын социалдык аялуу катмарларынын ичинен Улуу Ата мекендик согуш жылдарында дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларынын сөөгү коюлган жерлерге алардын жакындарынын жана туугандарынын (жакын туугандарынын) Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин каражаттарынын эсебинен баруу мүмкүнчүлүгүн белгилөөгө багытталган. Мыйзамдын долбооруна негиздеме-маалымкатка ылайык Улуу Ата мекендик согуш жылдарында дайынсыз жоголгон аскер кызматчылары болжол менен 56 миң кыргызстандык деп эсептелинет. Бул санга аскер кызматчысы статусу бар адамдар сыяктуу эле партизандык отряддардын, жашырын топтордун жана башка кошуундардын курамында башка мамлекеттердин аймактарында экинчи дүйнөлүк согуш убагында фашисттик Германияга жана анын өнөктөштөрүнө каршы согуш аракеттерине катышкан адамдар да киргендиги көрсөтүлөт. Муну менен бирге негиздеме-маалымкатта дайынсыз жоголгондордун аталган санындагы кайсы бөлүгү ошол убакта аскер кызматчылары болуп саналгандыгы тууралуу маалымат көрсөтүлгөн эмес. Ушуга байланыштуу, сунушталган оңдоолор Улуу Ата мекендик согуш убагында дайынсыз жоголгон аскер кызматчылары болуп саналбаган кыргызстандыктардын сөөгү коюлгандыгы табылган жерлерге баруу жана алардын жакын туугандары менен байланышкан мамилелерге жайылтылабы деген суроо келип чыгат.
2. Мыйзамдын долбоорунда ачылып берилбеген "жакын туугандары" деген түшүнүк колдонулат, ага байланыштуу "жакын туугандарга" кайсы категориядагы адамдар кирери түшүнүксүз болуп калууда.
"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинде "жакын туугандарына" социалдык гарантияны эмес, мындай гарантиялар дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү үчүн гана каралгандыгына көңүлүңүздөрдү бурабыз. Жакын туугандары деп эсептелген адамдардын тизмесин белгилөө керектиги "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинде курман болгон (дайынсыз жоголгон) аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө кирген адамдардын тизмеси менен бекемделген, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ар башка чөйрөлөрүндөгү мыйзамдарында (үй-бүлө, турак жай мыйзамдары, мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдар) мамилелердин бул тармагы ар түрдүү жөнгө салынгандыгына да байланыштуу.
3. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин үчүнчү жана төртүнчү абзацтарында Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аталыштары колдонулат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу чөйрөсүнүн мезгил-мезгили менен реформаланып турушунун натыйжасында мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмү жана алардын аталыштары өзгөрүлүп турганын эске алсак, мамлекеттик органдардын аталыштарын "...чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген жалпы түшүнүктү колдонуу менен алмаштыруу максатка ылайык деп эсептейбиз.
4. Аскер кызматы каралган ар түрдүү мамлекеттик органдар болгондугуна байланыштуу, мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин төртүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин каражаттарынын эсебинен" деген сөздөрдү "аскер кызматчысы аскер кызматын өтөгөн мамлекеттик органдын каражатынын эсебинен" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
5. Мыйзамдын долбоорунда Улуу Ата мекендик согуш жылдарында өлгөн жана/же дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларынын сөөгү коюлган жерлери табылган учурда калктын социалдык аялуу катмарларына кирген жакын туугандарынын сөөк коюлган жерге баруу жана кайтып келүү жол киресин Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин каражаттарынын эсебинен төлөө сунушталат. Жогоруда баяндалгандардан мыйзамдын долбоору республикалык бюджеттин эсебинен жабылуучу кошумча финансылык чыгымдарды талап кылары келип чыгат. Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбооруна негиздеме-маалымкатты, колдонулуудагы мыйзамдар республикалык бюджеттен ушу сыяктуу чыгымдарды карабагандыктан, мыйзамдын долбоору кабыл алына турган болсо, керектүү финансылык эсептөөлөр менен толуктоо керек деп эсептейбиз.
Аны менен бирге "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын' Мыйзамынын 26-беренесине ылайык мамлекеттик бюджеттин каржылоосу менен ишке ашырылуучу ченемдик укуктук актылар каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбоого тийиш. Бул учурда мыйзамдын долбоорун ишке ашырууга талап кылынуучу чыгымдар "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралбаганын эске алуу керек.
Ошондой эле мыйзамдын долбооруна негиздеме-маалымкатты "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин талаптарына шайкеш келтирүү зарыл экендигин белгилейбиз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жогоруда айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алууга мүмкүн деп эсептейт.