Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-апрели № 247
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондорунун аймагында жайгашкан жер участокторун Кыргыз Республикасындагы "Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед" жоопкерчилиги чектелген компаниясынын филиалына мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жөнүндө
Бишкек шаарында 2013-жылдын 11-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан-Кытай" газ түтүктөрүн курууда жана пайдаланууда кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 5 жана 53-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондорунун аймагында жайгашкан, "Өнөр жайдын, транспорттун, энергетиканын, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясындагы 51,87 га жер Кыргыз Республикасындагы "Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед" жоопкерчилиги чектелген компаниясынын филиалына ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык 35 жылга мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилсин.
2. Алай жана Чоң-Алай райондорунун мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнүн компетенциясынын чегинде "Кыргызстан-Кытай" газ түтүктөрүн куруу мезгилине Кыргыз Республикасындагы "Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед" жоопкерчилиги чектелген компаниясынын филиалынын кызыкчылыгында ушул токтомдун 2-тиркемесинде аталган жер участокторуна карата сервитут белгилесин.
3. Кыргыз Республикасындагы "Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед" жоопкерчилиги чектелген компаниясынын филиалына төмөнкүлөр сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер маселесин чечүү үчүн зарыл болгон милдеттүү төлөмдөрдү төлөө;
- "Кыргызстан-Кытай" газ түтүктөрүнүн курулушу башталганга чейин:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 27-декабрындагы № 715 токтому менен бекитилген Жерге жайгаштыруу жана аны жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 12-июлундагы № 304 токтому менен бекитилген Жерлерди рекультивациялоо (калыбына келтирүү) жана аларды пайдаланууга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобого ылайык жерди рекультивациялоонун долбоорун иштеп чыгуу;
"Кыргызстан-Кытай" газ түтүктөрүн куруу зонасында жайгашкан Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарынын кыймылсыз объектилерин комплекстүү археологиялык изилдөө, казуу, фиксациялоо жана документтештирүү боюнча иштерди каржылоону камсыздоо жана тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана колдонуу жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдардан тиешелүү корутунду алуу;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу арналышы боюнча гана пайдалануу.
4. Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондорунун мамлекеттик администрациялары төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участокторун максаттуу арналышы боюнча гана пайдаланууну.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Алай жана Чоң-Алай райондорунун аймагында жайгашкан жерлерден мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилүүчү жер участокторунун аянты
№ | Айыл аймактарынын аталышы | Баардык аянт, га |
Чоң-Алай району | ||
1 | Жекенди | 1,20 |
2 | Чоң-Алай | 2,31 |
3 | Кашка-Суу | 17,64 |
Район боюнча жыйынтыгы: | 21,15 | |
Алай району | ||
1 | Талды-Суу | 16,27 |
2 | Сары-Таш | 14,45 |
Район боюнча жыйынтыгы: | 30,72 | |
Облус боюнча баардыгы: | 51,87 | |
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Алай жана Чоң-Алай райондорунун аймагында жайгашкан "Кыргызстан-Кытай" ("Д" тарамынын) магистралдык газ өткөргүчүн куруу максатында сервитут белгиленүүчү жер участокторунун аянттары
№ | Айыл аймактарынын аталышы | Баардык жер, га | Анын ичинен | ||||||||
Сугат айдоо | Кайрак айдоо | Чабынды | Жайыт | Короо жанындагы участок | Башка жерлер | Мамлекеттик менчик | Жеке менчик | Муниципалдык менчик | |||
Чоң-Алай району | |||||||||||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 |
1 | Жекенди | 175,12 | 16,85 | 3,64 | 0,87 | 62,67 | 0,20 | 90,89 | 161,71 | 11,1 | 2,31 |
2 | Чоң-Алай | 166,05 | 50,25 | - | 11,26 | 42,52 | - | 62,02 | 109,67 | 43,89 | 12,49 |
3 | Кашка-Суу | 153,67 | 74,07 | 3,06 | 0,03 | 73,68 | - | 2,83 | 110,89 | 27,93 | 14,85 |
4 | Район боюнча жыйынтыгы | 494,84 | 141,17 | 6,70 | 12,16 | 178,87 | 0,20 | 155,74 | 382,27 | 82,92 | 29,65 |
Алай району | |||||||||||
1 | Сары-Могол | 22,21 | 1,65 | 0,33 | 6,66 | 12,54 | - | 1,03 | 22,21 | - |
|
2 | Талды-Суу | 86,38 | 27,68 | - | - | 49,27 | - | 9,43 | 58,7 | 9,68 | 18 |
3 | Сары-Таш | 226,16 | - | - | - | 193,61 | - | 32,55 | 225,96 | 0,2 |
|
4 | Район боюнча жыйынтыгы | 334,75 | 29,33 | 0,33 | 6,66 | 255,42 | 0 | 43,01 | 306,87 | 9,88 | 18 |
| Облус боюнча баардыгы | 829,59 | 170,50 | 7,03 | 18,82 | 434,29 | 0,20 | 198,75 | 689,09 | 92,8 | 47,7 |