Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-майы № 249
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Бюджетке салыктардын жана төлөмдөрдүн толугу менен жыйналышын, ири салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын сакталышын натыйжалуу контролдоону камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ири салык төлөөчүлөрдү аныктоонун критерийлери жана тартиби жөнүндө жободо:
- 4-пунктунда:
3-пунктчасынын экинчи абзацындагы "салык мыйзамдарында белгиленген салык отчетторун, эсептөөлөрдү жана декларацияларды, бухгалтердик баланстарды жана тиркемелерди, башка кабарларды, маалыматтарды жана документтерди" деген сөздөр "мыйзамдарына ылайык салык отчетторун, эсептөөлөрдү жана декларацияларды, бухгалтердик баланстарды жана анын тиркемелерин, ошондой эле салыктарды эсептөө менен байланышкан башка документтерди" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- Ири салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан электрондук байланыш системасы (интернет) аркылуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген салык отчетторунун, эсептөөлөрдүн жана декларациялардын ИСКБга берилүүсү;";
- 6-пунктунда:
"а" пунктчасындагы "50,0" деген цифралар "100,0" деген цифралар менен алмаштырылсын;
"б" пунктчасында:
биринчи абзацындагы "30,0" деген цифралар "50,0" деген цифралар менен алмаштырылсын;
экинчи абзацындагы "2,5" деген цифралар "10,0" деген цифралар менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацындагы "5,0" деген цифралар "10,0" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 8-пунктундагы "50,0" деген цифралар "100,0" деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |