Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-майы № 252
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 324 "Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 324 "Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:
"2-этап" главасынын 1-9-пункттарында бүткүл тексти боюнча "мартынан" деген сөз "сентябрынан" деген сөз менен алмаштырылсын;
"3-этап" главасынын 1-5-пункттарында бүткүл тексти боюнча "2017-жылдын 1-июлунан" деген цифралар жана сөздөр "2018-жылдын 1-мартынан" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
"4-этап" главасынын 1-3-пункттарында бүткүл тексти боюнча "2017-жылдын 1-ноябрынан" деген цифралар жана сөздөр "2018-жылдын 1-июлунан" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |