Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-майы № 255
"Тбилиси шаарында 2016-жылдын 13-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Грузия Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Тбилиси шаарында 2016-жылдын 13-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Грузия Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Тбилиси шаарында 2016-жылдын 13-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Грузия Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Тбилиси шаарында 2016-жылдын 13-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Грузия Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Тбилиси шаарында 2016-жылдын 13-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Грузия Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ратификациялык грамоталарды алмашсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 255 токтому менен жактырылган |
Тбилиси шаарында 2016-жылдын 13-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Грузия Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Тбилиси шаарында 2016-жылдын 13-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Грузия Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашуунун долбооруна кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен 2016-жылдын 11-октябрында, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен 2016-жылдын 12-октябрында, Бюджет жана финансы боюнча комитети менен 2016-жылдын 11-октябрында макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-октябрындагы № 425-б буйругу менен жактырылган.
Жогоруда аталган Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевдин 2016-жылдын 13-октябрында Тбилиси шаарындагы расмий иш сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри тарабынан кол коюлган.
Бул Макулдашуунун негизги максаты инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жолу менен алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууга жана капитал салуу менен байланышкан мүмкүн болуучу коркунучтарды азайтууга багытталган тикелей чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу чөйрөсүндө келишимдик укуктук базаны түзүү болуп саналат.
Бул Макулдашууну ратификациялоо Кыргыз Республикасы менен Грузиянын ортосундагы эки тараптуу экономикалык байланыштарды кеңейтүүдө маанилүү элемент болуп саналат жана өлкөбүздүн экономикасына тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын агымын көбөйтүүгө жөндөм берет.
Бул Макулдашууну ратификациялоо финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерди алып келбейт.