Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-майы № 272
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-ноябрындагы № 670 "Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-ноябрындагы № 670 "Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында:
- 2 жана 20-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 27-пунктунун "Аткаруу мөөнөтү" графасындагы "2015-жылдын 2-жарым жылдыгы" деген цифралар жана сөздөр "2017-2018-жылдардын ичинде" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |