Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-майы № 288
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 29 "Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрүн дайындоо жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 29 "Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрүн дайындоо жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |