Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-майы № 290
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.К.Турускулов тарабынан демилгеленген "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-майындагы № 290 токтому менен жактырылган |
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.К.Турускулов тарабынан демилгеленген "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып төмөнкүдөй жыйынтыкка келди.
1. Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатына ылайык мыйзам долбоорунун максаты алтын камтыган руданы жана концентратты Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртка ташып кетүүгө тыюу салууну белгилөө болуп эсептелет.
Мыйзам долбоорунда сунушталган өзгөртүүлөрдү киргизүү мамлекеттик бюджеттин кыскартылышына алып келиши мүмкүн.
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасы 2015-жылдын августунан тартып Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекет экенин белгилейбиз. 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 28-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык ички рынок экономикалык мейкиндикти камтып, Келишимдин жоболоруна ылайык анда товарлардын, жактардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана капиталдын эркин жүгүртүлүүсү камсыз кылынат.
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 54-беренесинде, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган. мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде ушул Мыйзамда каралгандан башка эрежелер белгиленсе анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонула тургандыгы каралган.
Ошентип, Мыйзам долбоору алтын камтыган руданы жана концентратты Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерге ташып чыгууга тыюу салуу маселесин жөнгө салбайт.
Мында көңүл буруучу жагдай "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык бул Мыйзам мамлекеттин жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле башка мамлекеттер менен жер казынасын пайдалануудан келип чыккан мамилелерин жөнгө салат.
Аталган Мыйзамдын 4-беренесине ылайык жер казынасынын пайдаланылышы (жер казынасын пайдалануу) - бул техногендик түзүлүштөрдөн пайдалуу кендерди чыгарып алуу боюнча иштерди кошкондо, жер казынасынын белгилүү бир участогун пайдалануу.
Ушуга байланыштуу пайдалуу кендерди жана аларды кайра иштетүүдөн алынган продуктуларды экспорттоону кошо алганда, сатуу маселелери баалуу металлдар менен болгон операцияларды жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынууга тийиш.
2. "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесинде пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия лицензиатка пайдалуу кендерди жана аларды кайра иштетүүдөн алынган продуктуларын экспорттоону кошкондо, сатууга. өзгөчө укуктарды бере тургандыгы белгиленген,
Мыйзам долбоорунда лицензиатка бериле турган өзгөчө укуктардын тизмесин чектөө, ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары алтын камтыган руданы жана концентратты ташып чыгууга тыюу салууну белгилөө сунушталат.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык ишкердик иш-аракетти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Методикага ылайык жөнгө салуучу таасирин талдоо жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 токтому менен бекитилген Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасына ылайык ар бир категория боюнча кызыкдар тараптардын: ишкерлердин, жеке жактардын жана алардын бирикмелеринин, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пикирлерине талдоо жүргүзүү жана алардын кызыкчылыктарына таасир көрсөтүү жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүүнүн этаптарынын бири болуп эсептелет.
Ошондуктан тыюу салууну киргизүү кен казуучу ишканалардын ишине түздөн-түз таасирин тийгизет жана Мыйзам долбоорунун жөнгө салуучу таасири талдоого алынууга тийиш.
3. Маалымат катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Дж.Рыспаев "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун жаңы редакциясын демилге кылганын билдиребиз. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 24-ноябрындагы жыйынында биринчи окууда кабыл алынган. Мыйзам долбоорунун сунушталган редакциясында лицензиатка пайдалуу казыналарды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган продуктуларды экспорттоону кошкондо, сатууга өзгөчө укук берген ченем жок.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Мыйзам долбоорун кабыл алуу азырынча эртелик кылат деп эсептейт.