Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-майы № 275
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
''Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н.В.Никитенко, Е.Г.Строкова, А.Ж.Исмаилова демилгелешкен "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 275 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н.В.Никитенко. Е.Г.Строкова, А.Ж.Исмаилова демилгелешкен "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Негиздеме-маалымкатта айтылган маалыматка ылайык Мыйзамдын долбоору жамааттык бала бакчалар институтун түзүүгө, мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги мектепке чейинки билим берүү уюмдарын жылына бир балага эсептелген каржылоо принциптеринин негизинде каржылоо системасына өтүүгө багытталган.
Мында Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүндө мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тармагына камтылбай калган балдар үчүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын ишке ашыруу максатында жергиликтүү коомчулуктар тарабынан жамааттык бала бакчалардын түзүлүшү мүмкүн экендигин белгилөө сунушталат.
Аны менен бирге кайсы мамлекеттик билим берүү программалары жөнүндө сөз болуп жатканын тактоону сунуштайбыз, анткени "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында негизги билим берүү программаларынын мазмунунун милдеттүү минимумун аныктоочу негизги билим берүүнүн бардык деңгээлине мамлекеттик билим берүү стандарттары белгиленет.
Ошондой эле "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мектепке чейинки билим берүү уюмдары өздөрүнүн иштерин Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды кароо" мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык жүргүзүшөт.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун тиешелүү жоболорун "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине шайкеш келтирүү керек.
2. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгүндө балдарды мектепке даярдоону камсыздоо үчүн жалпы билим берүү уюмдарында жыл ичинде бир баланы бюджеттен каржылоо стандарттарына ылайык республикалык бюджеттен каржылануучу 5-7 жаштагы балдарды мектеп алдында даярдоо боюнча милдеттүү программалар ишке ашырылаары каралган.
Ошону менен бирге азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 601 "Мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарга барбаган балдарды мектепке даярдоо жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан мектепке чейин билим берүү уюмдарына барбаган балдарды мектепке даярдоо ишке ашырылып жатканын белгилейбиз.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-октябрындагы № 742 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды кароо" мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык (мындан ары - Мамстандарт) мектеп алдындагы даярдоо класстары мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында уюштурулуп, алар белгиленген убакыт ичинде билим берүү программаларын ишке ашырышаарын белгилөө керек.
Айтылгандарды эске алуу менен Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгүндө баяндалган "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-1-беренесин төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"15-1-берене. Мектеп алдындагы даярдоо программасы
Мектепке чейинки билим берүүгө камтылбаган балдардын бирдей старттык мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоо үчүн жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган жылына бир балага эсептелген жан башына бюджеттик каржылоо стандарттарына ылайык республикалык бюджеттен каржылануучу 5-7 жаштагы балдарды мектеп алдындагы даярдоо программалары ишке ашырылат.".
3. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацында кайсы "тиешелүү мамлекеттик органдар" жөнүндө сөз болуп жатканын тактоону сунуштайбыз, анткени жалпыланган айтылыштар укук колдонуу практикасында кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн.
4. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында балдардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы балдарды багуу боюнча кызмат көрсөтүүгө жана тамак-ашына акы төлөй тургандыктары каралган.
Мында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 45-беренесине ылайык ар бир адам билим алууга укуктуу экенин белгилөө керек.
Ошондой эле "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык мектепке чейинки билим берүү программасы баланын курактык жана жекече өнүгүү өзгөчөлүгүнө ылайык мектепке чейинки тарбиялоонун жана окутуунун милдеттүү минимумун белгилейт.
Аталган Мыйзамдын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык мектепке чейинки билим берүү программалары балдарды тарбиялоону, өнүгүүсүн жана багууну карайт. Демек, мектепке чейинки тарбия берүү жана окутуу мазмунунун минимумуна балдарды багуу да кирүүгө тийиш. Бул учурда мектепке чейинки билим берүү программасы Мамстандарттын курамдык бөлүгү болуп калат.
Андан тышкары "багуу" түшүнүгү Мамстандартка ылайык санитардык-гигиеналык, ден соолукту чыңдоочу процедураларды өткөрүүнү, мектепке чейинки курактагы балдарды кароону жана тамактандырууну уюштурууну түшүндүрөт, башкача айтканда Мамстандарттын ажырагыс бөлүгү болуп саналган иш-чаралардын комплексин камтыйт.
Жогоруда баяндалгандарды эске алып, Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацын алып салууну сунуштайбыз.
5. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 3-бөлүгүнүн төртүнчү абзацына ылайык мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн менчигиндеги мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын жана мүлктөрүн күтүүнү камсыздайт.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 222-беренесине ылайык, эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса менчик ээси өзүнө таандык мүлктү күтүү милдетин алат жана мындай милдетти бир тараптуу тартипте үчүнчү жакка жүктөй албай тургандыгын белгилейбиз.
Ошондой эле "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 46-беренесине ылайык билим берүү уюмдары өздөрүнө бекитилген жана (же) менчик укугунда таандык болгон имараттарды, курулмаларды, жабдууларды, ошондой эле социалдык, маданий жана башка багыттагы мүлктөрдү, Кыргыз Республикасында колдонулуучу ченемдерде аныкталгандан төмөн эмес деңгээлде күтүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 3-бөлүгүнүн төртүнчү абзацын алып салууну сунуштайбыз.
Жалпысынан алганда "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын талаптарына ылайык каралып жаткан Мыйзамдын долбоорунун жоболору ченем жаратуу техникасын жана ченемдик укуктук актыны тариздөөгө карата талаптарды сактоо менен редакциялык жана стилистикалык жактан дыкаттык менен кайра иштеп чыгууга муктаж экендигин белгилейбиз.
Жогорудагы айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул корутундуда баяндалган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен жогоруда аталган Мыйзамдын долбоорун кабыл алууга болот деп эсептейт.