Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-майы № 274
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам чыгаруу актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Е.Г.Строкова, А.М.Нурбаев, Д.Д.Бекешев, А.Э.Самигуллина тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам чыгаруу актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 274 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам чыгаруу актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Е.Г.Строкова, А.М.Нурбаев, Д.Д.Бекешев, А.Э.Самигуллина тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам чыгаруу актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Бул мыйзамдын долбоору менен "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын билим берүү уюмдарын аккредитациялоо бөлүгүндөгү жоболорун жакшыртуу максатында өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда.
Алсак, мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 4-бөлүгү менен "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесин "мамлекеттик аккредитация'' түшүнүгү менен толуктоо сунушталууда.
Ошону менен бирге белгилеп кетүүчү нерсе, сунушталган мыйзамдын долбоорунун жоболорунда аталган түшүнүк колдонулган эмес, ошондой эле мамлекеттик аттестацияны өткөрүү тартибин белгилеген кандайдыр бир ченемдер же механизмдер да жок.
Жогоруда айтылганды эске алып, ошондой эле мыйзамдын долбоорун кабыл алган учурда укук колдонуу практикасында кандайдыр бир кыйынчылык жаралбашы үчүн мыйзамдын долбоорунун жоболорунда мамлекеттик аккредитацияны өткөрүү жөнүндө так ченемдерди, анын механизмдерин көрсөтүү менен белгилөөнү сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 6-бөлүгүнө карата да ушуга окшогон эскертүү берилет.
2. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 5-бөлүгүнүн бешинчи абзацында мектепке чейинки жана мектептик билим берүү деңгээлиндеги мамлекеттик билим берүү стандарттары, ошондой эле кесиптик билим берүүнүн бардык деңгээлдери үчүн Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын үлгүлөрү, жалпы билим берүү мектептери үчүн предметтик стандарттар жана кесиптик билим берүүнүн бардык деңгээлиндеги адистиктери жана даярдоо багыттары боюнча стандарттар Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип жана бекитиле тургандыгы көрсөтүлгөн.
Ошону менен бирге, жогоруда аталган стандарттар аныкталбаган адамдардын чөйрөсүнө эсептелген ченемдик укуктук актыларынын мүнөздөмөсүнө жана белгилерине ээ болот жана тиешелүү түрдө "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренеси менен белгиленген ченем жаратуучу органдар тарабынан, башкача айтканда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан гана бекитилет.
Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, аталган конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга негизденүү менен Өкмөт аларды ишке ашыруу функцияларын министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда бөлүштүрө тургандыгын белгилеп кетүү зарыл.
Ушундан улам Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруу бийлигинин органдарынын ишине, функцияларына жана ыйгарым укуктарына тиешелүү кандайдыр бир ченемдерди мыйзам чыгаруу деңгээлинде бекитүү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын ченемдерине каршы келет.
Жогоруда айтылганды эске алуу менен мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 5-бөлүгүндөгү жогоруда аталган абзацынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарына тиешелүү жоболорун кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
Ушундай эле эскертүү мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 5-бөлүгүнүн алтынчы абзацына карата берилет.
3. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 8-бөлүгүндө "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесинин 1-бөлүгүн жаңы редакцияда баяндоо сунушталган, ага ылайык жалпы башталгыч, жалпы негизги, жалпы орто жана мектептен тышкаркы билим берүү программаларын ишке ашырып жаткан билим берүү уюмдары, мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарын кошпогондо, билим берүү программаларын ишке ашырууну тиешелүү лицензияларды алгандан кийин гана башташат.
Ошол эле учурда "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесине ылайык, мамлекеттик мектептерден, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынан билим берүү уюмдары билим берүү программаларын ишке ашырууну тиешелүү лицензияларды алгандан кийин гана башташат.
Ошону менен бирге "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 56-пунктунда мектептен тышкаркы билим берүү кызматын көрсөтүү чөйрөсүндө лицензия берүү тартиби каралбаган билим берүү уюмдарынын толук тизмеси белгиленген.
Ушуга байланыштуу, жогоруда аталган актылардын ортосунда келишпестиктердин бар экенин белгилеп кетүү зарыл жана аларды бири-бирине ылайыкташтырууну сунуштайбыз.
Жогоруда айтылганды эске алып, мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 8-бөлүгүн кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
4. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 9-бөлүгүндө кесиптик билим берүү программаларын ишке ашырып жаткан билим берүү уюмдары институттук же программалык аккредитациядан аккредитациялык агенттиктерде өтүшөт, негизги, орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашырып жаткан билим берүү уюмдары институттук аккредитациядан билим берүү тутумун башкаруунун мамлекеттик органдарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте өтүшөрү каралган.
Ошону менен бирге белгилеп кетүүчү нерсе, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык билим берүү тутумун башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын билим берүүсүн мамлекеттик башкаруунун борбордук жана региондук органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Билим берүү тутумун мамлекеттик башкаруунун түзүмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ага мыйзам берген ыйгарым укуктардын чегинде иштелип чыгат жана бекитилет.
Ушуга байланыштуу, ошондой эле мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 9-бөлүгүндө көрсөтүлгөн "билим берүү тутумун башкаруунун мамлекеттик органы" деген түшүнүк органдардын субъекттерин болжолдогонун эске алуу менен мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 9-бөлүгүн кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
5. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 11-бөлүгүнө ылайык аккредитациялана турган уюм көрсөтүүчү билим берүү кызматтары белгиленген талаптарга шайкеш келбеген учурда билим берүү тутумун башкаруунун аккредитацияланган мамлекеттик органы билим берүү уюмун аккредитациялоодон баш тартууга укуктуу.
Ошол эле учурда, "укуктуу" деген термин коррупциялык факторлорду жаратат, анткени субъекттерге мыйзамда бекитилген так критерийлерди жетекчиликке албай, тигил же бул кырдаалдарды өзү каалагандай чечмелөөгө жол берет.
Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун аталган беренесинин 11-бөлүгүнүн жоболорун кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
6. Ошондой эле мыйзамдын долбоорунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү билим берүү уюмдарынын башкаруунун мамлекеттик органдарында институттук аккредитациядан өтүү тартибин аныктайт деп белгилөө сунушталууда.
Ушуга байланыштуу, Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө алты айлык мөөнөттө өз чечимдерин аталган Мыйзамга ылайык келтирүү тапшырмасын караштырган жобону жазууну сунуштайбыз, анткени бул мыйзамдын долбоорун кабыл алган учурда, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптарды, анын ичинде коомдук талкуулоону, башка аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары менен жана башка кызыкдар мамлекеттик органдары жана уюмдары менен макулдашууну эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өзүнүн чечимдерин кабыл алынган Мыйзамдын ченемдерине ылайык келтирүү үчүн убакыт талап кылынат.
7. Мыйзамдын долбооруна тиркелген негиздеме-маалымкат "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин талаптарына жооп бербейт, анткени төмөнкүлөр камтылган эмес:
- ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу учурунда колдонуудагы ченемдик укуктук базанын талдоосу, мониторинг жүргүзүү жөнүндө маалымат жана ушул чөйрөдөгү коомдук мамилелердин колдонуудагы мыйзамдарга баа берүүсү;
- коомдук талкуулоо жүргүзүлүшү керек болгон учурларда анын натыйжалары жөнүндө маалымат;
- ченемдик укуктук актынын долбоорунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүсүн талдоо.
8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 8-пунктуна ылайык бир мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоорунда ошол мыйзамдын аталышы камтылууга тийиш, ошого байланыштуу мыйзамдын долбоорунун аталышын жогоруда аталган нускамага ылайык келтирүүнү сунуштайбыз.
Жалпысынан алганда, каралып жаткан мыйзамдын долбоору "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын талаптарына ылайык дыкаттык менен толуктап иштеп чыгууну талап кылаарын белгилей кетүү зарыл.
Жогоруда айтылгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул корутундуда баяндалган эскертүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу менен жогоруда аталган мыйзамдын долбоорун кабыл алууга болот деп эсептейт.