Загрузка…
ТЕСКЕМЕ
Распоряжение
[Тескеменин күнү]Бишкек ш.
№ [Тескеменин номери]
Өлкөнүн башкы илимий мекемеси болуп эсептелген Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын түзүлгөндүгүнүн жана калыптануу этабынын 70 жылдыгын майрамдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын [Мыйзамдын биринчи беренесинин номери], [Мыйзамдын экинчи беренесинин номери]-беренелерине ылайык:
1. [Конгресс өтө турган жыл]-жылдын 29-30-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгына арналган Окумуштуулардын эл аралык конгрессин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Уюштуруу комитети бир айлык мөөнөттүн ичинде Бишкек шаарында Окумуштуулардын эл аралык конгрессин даярдоо жана өткөрүү боюнча планды иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Уюштуруу комитетине зарыл болгон учурда министрликтердин, административдик ведомстволордун адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
4. Уюштуруу комитетинин мүчөлөрүнүн ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына жүктөлсүн.
[Кол койгондун кызмат орду]/колу/[Кол койгондун аты-жөнү]