Загрузка…
№ [Келишимдин номери] келишим
Бишкек ш.[Келишим түзүлгөн күн]
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борборунун директору [Окуу-маалымат борборунун директорунун аты-жөнү (АТКАРУУЧУ)], мындан ары “АТКАРУУЧУ” деп аталып, бир тараптан жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде иш алып барган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси [Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчисинин аты-жөнү (БУЙРУТМАЧЫ)] мындан ары “БУЙРУТМАЧЫ” деп аталып, экинчи тараптан, биргеликте Тараптар деп аталып, төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түзүштү:
1. Келишимдин негизи
1.1. БУЙРУТМАЧЫ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын кызматкерлерине иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү үйрөтөт;
1.2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Окуу-маалымат борбору менен келишим түзөт.
2. Тараптардын укуктары жана милдеттери
2.1. АТКАРУУЧУ төмөнкүлөргө милдеттүү:
• [Окутуунун көлөмү (мөөнөтү жана саат саны)] өлчөмүндө иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү үйрөтүүгө;
• келишимде көрсөтүлгөн иш милдеттерин өз убагында жана талаптагыдай сапатта, тиешелүү көлөмдө аткарууга;
• иш милдеттерин аткарууга илимий жана чыгармачылык мамиле жасоого;
• аткарган иштери тууралуу жазуу түрүндө маалымат берүүгө;
• келишимди бузуу ниети тууралуу 2 жумадан кечиктирбей жазуу жүзүндө БУЙРУТМАЧЫГА кабарлоого;
• окуу аяктаганда курстун угуучуларына сынактын жыйынтыгынын негизинде сертификат берүүгө.
2.2. АТКАРУУЧУ өз ишин аткарууда БУЙРУТМАЧЫНЫН иш сапатын жогорулатуу максатында көрсөтмө-сунуштарын эске алып, аткарылган иштер тууралуу БУЙРУТМАЧЫГА зарылчылыкка жараша маалымат берип турат.
2.3. БУЙРУТМАЧЫ төмөнкүлөргө милдеттүү:
• АТКАРУУЧУНУН окуу процессин аткаруусу жана жакшыртуусу үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык шарттарды түзүүгө;
• кызматкердин сабакка өз убагында катышуусун камсыздоого;
• келишимге ылайык АТКАРУУЧУНУН кызмат көрсөтүү акысын БУЙРУТМАЧЫ ар бир кызматкердин 1 (бир) айлык окуу курсу үчүн [Бир угуучуга 1 айлык окутуунун баасы, сом (сан жана сөз менен)] сом эсебинде төлөп берүүгө.
3. Эмгек акы төлөө
3.1. Иш кагаздарын мамлекеттик тиде жүргүзүү курсунун жалпы саны [Угуучулардын жалпы саны] угуучу;
3.2. Келишимдин 2.1 жана 2.3-пункттарында көрсөтүлгөндөй ар бир угуучуга 1 (бир) ай үчүн [Бир угуучуга 1 айлык окутуунун баасы, сом (сан жана сөз менен)] сом.
3.3. АТКАРУУЧУ көрсөтүлгөн мөөнөттө жана өлчөмдө, көрсөткөн кызматы үчүн ушул келишимдин 2.3-пунктуна ылайык БУЙРУТМАЧЫ кызмат акыны келишим күчүнө кирип, окуу процесси башталган мөөнөттөн 5 (беш) банктык күндөн кийин төлөп берет.
3.4. Жеке себептери менен окуу курсуна катышпай калган кызматкерлердин төлөм акысы кайтарылып берилбейт.
4. Келишимди бузуу, өзгөртүү, узартуу
4.1. Төмөнкү учурларда Келишим бузулат жана эмгек мамилелери толукталат:
• тараптардын макулдашуусу боюнча;
• келишимдин мөөнөтү бүткөн учурда;
• келишимде көрсөтүлгөн милдет, талаптар так аткарылбаган учурда;
4.2. Келишимдин шарттары тараптар үчүн милдеттүү юридикалык күчкө ээ жана тараптардын өз ара макулдугу боюнча гана өзгөртүлүшү мүмкүн.
5. Башка шарттар
5.1. Келишим тараптар кол койгон күндөн тартып жана тараптар өз милдеттерин толук аткарганга чейин юридикалык күчкө ээ.
5.2. Келишим 2 нускада түзүлөт жана экөө тең бирдей юридикалык күчкө ээ.
5.3. Тараптардын ортосунда пайда болгон талаш маселе мыйзамда белгиленген тартипте чечилет.
5.4. Келишим колдонулган учурда АТКАРУУЧУ башка ишканалар, уюмдар менен ушундай келишим түзүүгө жана эки ишти айкалыштырууга укуктуу.
6. Тараптардын маалым даректери жана колдору:
|
| |
Бишкек шаары, | Бишкек шаары, | |
[БУЙРУТМАЧЫНЫН дареги (көчө, үй)] | [АТКАРУУЧУНУН дареги (көчө, үй)] | |
Эсептешүү эсеби [БУЙРУТМАЧЫНЫН эсептешүү эсеби] БИК [БУЙРУТМАЧЫНЫН БИК] ИУРК [БУЙРУТМАЧЫНЫН ИУРК] ИСН : [БУЙРУТМАЧЫНЫН ИСН]
КР ЖК Аппарат Жетекчиси
_____________________ М.О. | Окуу-маалымат борбору Эсептешүү эсеби: [АТКАРУУЧУНУН эсептешүү эсеби] | |
| ||
| ||
М.О. | ||
|
| |
|
| |
|
|