Загрузка…
Курулушу бүтпөгөн үйдү сатып алуу-сатуу келишими
[Нотариалдык иш жүргүзүлгөн жер]
[Келишим түзүү датасы]
Биз, [Сатуучунун жарандыгы (мамлекеттин аталышы)] жараны [Сатуучунун аты-жөнү], [Сатуучунун туулган күнү], жашаган дареги: [Сатуучунун жашаган дареги]
жана [Сатып алуучунун жарандыгы (мамлекеттин аталышы)] жараны [Сатып алуучунун аты-жөнү], [Сатып алуучунун туулган күнү], жашаган дареги: [Сатып алуучунун жашаган дареги]
төмөнкүлөр жөнүндө өз ара ушул Келишимди түздүк:
Мен, [Сатуучунун аты-жөнү] жер участогунун өлчөмү [Жер участогунун өлчөмү (чарчы м.)] чарчы м., N [Кварталдын номери] кварталда, N [Жер участогунун номери] жер участогунда жайгашкан: [Курулушу бүтпөгөн үйдүн дареги] дарегинде турган габарити [Объекттин габаритинин маалыматтары], [Даярдык пайызы] % даяр болгон курулушу бүтпөгөн үйдү (мындан ары - объект) саттым, ал эми [Сатып алуучунун аты-жөнү] сатып алды.
Бул объект [Менчик укугун белгилеген документтин аталышы] негизинде [Сатуучунун аты-жөнү] таандык.
Тараптардын макулдашуусу боюнча объекттин наркы [Объекттин наркы (цифра жана жазуу менен)] сомду түздү.
Объекттин идентификациялык номери [Объекттин идентификациялык номери].
Объект боюнча куруучунун бардык укуктары жана милдеттери [Сатып алуучунун аты-жөнү] өтөт.
Азыркы мезгилге чейин [Шаар, райондун аталышы] кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органынын маалыматтарына ылайык ээликтен ажыратылып жаткан объект эч кимге сатылган эмес, күрөөгө коюлган эмес, талаш-тартышта жана тыюу салууда (камакта) турган эмес.
Келишим түзүү боюнча чыгымдарды [Келишим түзүү боюнча чыгымдарды төлөөчү Тарап (тараптар)] төлөйт.
Келишимдин Тараптары нотариустун катышуусунда алар аракетке жөндөмдүүлүгүнөн ажыратылбаганын, кол коюп жаткан Келишимдин маани-маңызын түшүнүүгө тоскоол болгон оорулардан жапа чекпегендигин, ошондой эле өздөрү үчүн өтө пайдасыз шарттарда бүтүм жасоого мажбурлаган жагдайлардын жоктугун билдиришти.
Келишим үч нускада түзүлдү, бир нускасы [Нотариалдык контордун аталышы] көктөмөсүндө сакталат, экинчиси - бирдиктүү каттоо органына жиберилет жана үчүнчүсү [Сатып алуучунун аты-жөнү] колуна берилет.
Тараптардын колу:
|
|
|
[Нотариалдык иш жүргүзүлгөн дата] ушул Келишимди [Нотариалдык контордун аталышы], [Нотариустун аты-жөнү] күбөлөндүрдүм.
Келишимге менин катышуумда Тараптар кол коюшту. Тараптардын инсандыгы аныкталып, алардын аракетке жөндөмдүүлүгү, ошондой эле ээликтен ажыратылып жаткан объекттин [Сатуучунун аты-жөнү] таандыктыгы текшерилди.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин [Граждандык кодекстин беренесинин номери]-беренесине ылайык бул келишим кыймылсыз мүлктү мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органда катталууга тийиш.
№ [Реестрде катталган номер] менен реестрде катталды.
[Мамлекеттик алымдын суммасы (сом)] сом мамлекеттик алым өндүрүлдү.
Нотариус _________________________