Загрузка…
Бөлүп төлөө менен батир сатып алуу-сатуу келишими
[Нотариалдык иш жүргүзүлгөн жер]
[Келишим түзүү датасы]
Биз, [Сатуучунун жарандыгындагы мамлекеттин аталышы] жараны [Сатуучунун аты-жөнү], [Сатуучунун туулган күнү], [Сатуучунун ИЖН жана паспорттогу дайындары], жашаган дареги: [Сатуучунун жашаган дареги]
жана [Сатып алуучунун жарандыгындагы мамлекеттин аталышы] жараны [Сатып алуучунун аты-жөнү], [Сатып алуучунун туулган күнү], [Сатып алуучунун ИЖН жана паспорттогу дайындары], жашаган дареги: [Сатып алуучунун жашаган дареги]
төмөнкүлөр жөнүндө өз ара ушул Келишимди түздүк:
1. Мен, [Сатуучунун аты-жөнү] [Батирдин дареги] дарегинде жайгашкан пайдалуу аянты [Батирдин пайдалуу аянтынын өлчөмү] чарчы м., турак аянты [Батирдин турак аянтынын өлчөмү] чарчы м. болгон батирди саттым, ал эми [Сатып алуучунун аты-жөнү] сатып алды.
2. Бул батир [Менчик укугун белгилеген документтин аталышы] ылайык [Сатуучунун аты-жөнү] менчик укугуна таандык.
Идентификациялык коду: [Идентификациялык код].
3. Тараптардын макулдашуусу боюнча батирдин бааланган наркы [Батирдин бааланган наркынын суммасы] сомду түзөт, бул Келишим түзүлгөн күнгө карата макулдашылган курс 1 АКШ доллары - [Макулдашылган курс (1 АКШ доллары үчүн сом)] сом боюнча эквиваленттик түрдө [Батирдин наркынын АКШ долларындагы эквиваленти] барабар. Бул келишимге кол коюу учурунда акча каражаттарынын [Келишимге кол коюу учурунда төлөнгөн баштапкы сумма] өлчөмүндө баштапкы суммасы төлөндү, ошондой эле ушул Келишимге кол коюуда Сатып алуучу [Төлөнүүчү акчанын калган суммасы] өлчөмүндө акча каражаттарынын калган суммасын [Төлөө күнү] чейин топтолгонуна жараша ийкемдүү график боюнча Сатуучуга төлөп берүүгө милдеттүү экендиги жана акчанын калган бөлүгүн төлөө учурундагы доллардын курсуна барабар болушу керектиги жөнүндө Тараптар макулдашышты.
Ошол эле учурда Тараптарга Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин [Граждандык кодекстин беренелеринин номерлери (талаш-тартыш)]-беренелерине ылайык талаш-тартыш болгон учурда Келишимде көрсөтүлгөн батирдин наркы баштапкы болуп эсептелери маалымдалды.
4. Сатып алуучу жогорудагы батирди толук эсептешкенге чейин тескөөгө укугу жок. Сатып алуучу сатуучу менен акыркы эсептешүүдөн кийин жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөткө ылайык сатуучу нотариалдык кеңсеге толук эсептешкендиги жөнүндө арыз менен кайрылат. Сатып алуучу акча каражаттарынын калган суммасын төлөй албай турган күтүүсүз жагдайлар болгон учурда, Сатып алуучу жогоруда көрсөтүлгөн батирде жашаган бардык убакыт үчүн Сатуучу [Сатуучу кармап калууга укуктуу сумма (АКШ доллары)] АКШ долларын кармап калууга укуктуу. Сатуучу Бул келишим бузулгандан кийин Сатып алуучуга акча каражаттарынын калган бөлүгүн кайтарып берүүгө милдеттүү.
Сатуучу Сатып алуучуга кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырган органда келишимди каттоого өзүнүн макулдугун берет.
5. Азыркы мезгилге чейин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органынын жана Бишкек шаарынын Свердлов районунун мамлекеттик нотариалдык конторунун маалыматына ылайык ээликтен ажыратылып жаткан батир эч кимге сатылган эмес, күрөөгө коюлган эмес, талаш-тартышта жана тыюу салууда (камакта) турган эмес.
6. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин [Тараптарга түшүндүрүлгөн Граждандык кодекстин беренелеринин номерлери]-беренелеринин мазмуну Тараптарга түшүндүрүлдү.
7. Келишим түзүү боюнча чыгымдарды Сатуучу төлөйт.
8. Келишимдин Тараптары нотариустун катышуусунда алар аракетке жөндөмдүүлүгүнөн ажыратылбаганын, кол коюп жаткан Келишимдин маани-маңызын түшүнүүгө тоскоол болгон оорулардан жапа чекпегендигин, ошондой эле өздөрү үчүн өтө пайдасыз шарттарда бүтүм жасоого мажбурлаган жагдайлардын жоктугун билдиришти.
9. Келишим төрт нускада түзүлдү, бир нускасы [Нотариалдык контордун аталышы] көктөмөсүндө сакталат, экинчиси - бирдиктүү каттоо органына жиберилет жана үчүнчүсү Сатып алуучунун колуна берилет.
Бул келишимдин текстин кол коюлганга чейин окуп чыктык жана биздин ниетибизге ылайык келет.
Сатуучунун колу
______________________________________________________________
Сатып алуучунун колу
_____________________________________________________________
[Нотариалдык иш жүргүзүлгөн дата] ушул Келишимди [Нотариалдык контордун аталышы] [Нотариустун аты-жөнү] күбөлөндүрдүм.
Келишимге менин катышуумда Тараптар кол коюшту. Тараптардын инсандыгы аныкталып, алардын аракетке жөндөмдүүлүгү, ошондой эле ээликтен ажыратылып жаткан батирдин [Сатуучунун аты-жөнү] таандыктыгы текшерилди.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин [Граждандык кодекстин беренесинин номери (каттоо)]-беренесине ылайык бул келишим кыймылсыз мүлктү мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органда катталууга тийиш.
№ [Реестрдеги номер] менен реестрде катталды.
[Өндүрүлгөн мамлекеттик алымдын суммасы (сом)] сом мамлекеттик алым өндүрүлдү.
Нотариус _________________________