Загрузка…
ТУРАК ЭМЕС ЖАЙДЫ БЕЛЕК КЫЛУУ КЕЛИШИМИ
[Нотариалдык иш жүргүзүлгөн жер]
[Келишим түзүү датасы]
Биз, [Белек кылуучунун жарандыгы (мамлекеттин аталышы)] жараны [Белек кылуучунун аты-жөнү], [Белек кылуучунун туулган күнү], [Белек кылуучунун ИЖН жана паспорттогу дайындары], жашаган дареги: [Белек кылуучунун жашаган дареги], мындан ары “Белек кылуучу” деп аталып, акыл-эсим жайында жана эс тутумум тунук,
жана [Белек алуучунун жарандыгы (мамлекеттин аталышы)] жараны [Белек алуучунун аты-жөнү], [Белек алуучунун туулган күнү], [Белек алуучунун ИЖН жана паспорттогу дайындары], жашаган дареги: [Белек алуучунун жашаган дареги], мындан ары “Белек алуучу” деп аталып,
төмөнкүлөр жөнүндө өз ара ушул Келишимди түздүк:
Мен, Белек кылуучу жер участогунун өлчөмү [Жер участогунун өлчөмү (чарчы м.)] чарчы м., N [Кварталдын номери] кварталда, N [Жер участогунун номери] жер участогунда жайгашкан [Турак эмес жайдын дареги] дарегинде турган пайдалуу аянты [Пайдалуу аянттын өлчөмү (чарчы м.)] чарчы м. болгон турак эмес жайды белекке бердим, ал эми Белек алуучу белекке алды.
Бул турак эмес жай [Менчик укугун белгилеген документтин аталышы] ылайык Белек кылуучунун менчик укугуна таандык.
Тараптардын макулдашуусу боюнча турак эмес жайдын наркы [Турак эмес жайдын наркы] сом өлчөмүндө аныкталды, ал Келишим түзүлгөн күнгө карата Тараптар тарабынан макулдашылды. Тараптардын бири-бирине доосу жок.
Мен, Белек алуучу берилген белекти кабыл алдым.
Азыркы мезгилге чейин ээликтен ажыратылып жаткан турак эмес жай эч кимге сатылган эмес, күрөөгө коюлган эмес, талаш-тартышта жана тыюу салуу (камак) алдында турган эмес. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 510, 514-беренелеринин мазмуну тараптарга түшүндүрүлдү.
Келишим түзүү боюнча чыгымдарды Белек алуучу төлөйт.
Келишимдин Тараптары нотариустун катышуусунда алар аракетке жөндөмдүүлүгүнөн ажыратылбаганын, кол коюп жаткан Келишимдин маани-маңызын түшүнүүгө тоскоол болгон оорулардан жапа чекпегендигин, ошондой эле өздөрү үчүн өтө пайдасыз шарттарда бүтүм жасоого мажбурлаган жагдайлардын жоктугун билдиришти.
Бул келишимдин бир нускасы [Нотариалдык контордун аталышы] көктөмөсүндө сакталат, экинчиси - бирдиктүү каттоо органына жиберилет, үчүнчүсү - Белек алуучунун колуна берилет.
Белек кылуучу__________________________________________________________
Белек алуучу____________________________________________________________
[Нотариалдык иш жүргүзүлгөн дата] ушул Келишимди [Нотариалдык контордун аталышы] [Нотариустун аты-жөнү] күбөлөндүрдүм.
Келишимге менин катышуумда Тараптар кол коюшту. Тараптардын инсандыгы аныкталып, алардын аракетке жөндөмдүүлүгү, ошондой эле ээликтен ажыратылып жаткан батирдин [Белек кылуучунун аты-жөнү] таандыктыгы текшерилди.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин [Граждандык кодекстин беренесинин номери]-беренесине ылайык бул келишим кыймылсыз мүлктү мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органда катталууга тийиш.
№ [Реестрдеги катталган номер] менен реестрде катталды.
[Өндүрүлгөн мамлекеттик алымдын суммасы (сом)] сом мамлекеттик алым өндүрүлдү.
Нотариус _________________________