Баланы багууга алимент төлөө жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
[Макулдашуу түзүлгөн жер (дарек)]
[Макулдашуу түзүлгөн дата]
Мен, [Алимент төлөөчүнүн аты-жөнү] [Төлөөчүнүн жарандыгы болгон мамлекет] жараны, [Төлөөчүнүн туулган жылы]- жылы туулган, ИЖН [Төлөөчүнүн ИЖНи], идентификациялык ID карта [Төлөөчүнүн ID картасын берген орган] [Төлөөчүнүн ID картасы берилген жыл] -жылы берилген [Төлөөчүнүн катталган дареги] дареги боюнча катталган мындан ары «Төлөөчү» деп аталып, бир тараптан жана Кыргыз Республикасынын жараны [Алуучунун аты-жөнү], [Алуучунун туулган жылы] жылы туулган, ИЖН [Алуучунун ИЖНи], идентификациялык карта [Алуучунун идентификациялык картасынын номери] [Алуучунун картасын берген орган] [Алуучунун картасы берилген жыл] - жылы берилген [Алуучунун катталган дареги] дареги боюнча катталган, мындан ары «Алуучу» деп аталып, экинчи тараптан, биргеликте Тараптар деп аталып төмөнкүлөр жөнүндө ушул Макулдашууну түздүк:
1. Төлөөчү кызы [Баланын аты-жөнү]ны багуу үчүн Алуучуга алимент төлөөгө милдеттенет.
2. Ушул макулдашууга кол коюлган учурда алименттин өлчөмүн биз ай сайын [Айлык алименттин өлчөмү (сан жана сөз менен)] сом суммасында белгиледик.
Андан ары алимент мыйзамда белгиленген минималдуу эмгек акынын айлык өлчөмүн көбөйтүүгө пропорционалдуу индексацияны колдонуу менен төлөнөт.
Бул жерде Төлөөчү тарабынан төлөнүүчү алименттин өлчөмү Төлөөчүнүн [Алименттин өлчөмү андан кем болбой турган эмгек акынын жана (же) кирешенин үлүшү] эмгек акысынан жана (же) анын башка кирешесинен кем болушу мүмкүн эмес.
Төлөөчүгө, эгерде ал төлөгөн алименттин өлчөмү мыйзамда белгиленген алименттин өлчөмүнөн төмөн болсо, бул макулдашуу сот тартибинде жараксыз катары таанылышы мүмкүн экендиги белгилүү.
3. Алимент Төлөөчү иштеген уюмдун администрациясы тарабынан эмгек акыдан кармап калуу жолу менен ай сайын, эмгек акы төлөнгөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен төлөнөт.
4. Алуучу өз каалоосу боюнча төмөнкү ыкмалардын бири менен алимент алууга укуктуу:
- Төлөөчүнүн иштеген жери болуп саналган уюмдагы накталай акча;
- Алуучу көрсөткөн жана [Алимент которула турган эсептин ээсинин аты-жөнү] атына ачылган Эсептешүү-сактык компаниясынын бөлүмүндөгү өздүк эсебине Төлөөчү иштеген уюм тарабынан алиментти которуу жолу менен;
- Төлөөчү иштеген уюм тарабынан Алуучунун дарегине жиберилүүчү почталык которуу.
Алуучу кезектеги төлөмдүн мөөнөтү келгенге чейин 5 күндөн кечиктирбестен аталган уюмдун администрациясына ушул макулдашууну аткаруу ыкмасын аныктоо, ошондой эле аны жогоруда аталган ыкмалардын башка түрүнө өзгөртүү жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
5. Төлөөчү алиментти төлөө мөөнөттөрүнүн сакталышын көзөмөлдөп, Алуучуга төлөмдөрдүн кечиктирилишинин себептери жөнүндө алдын ала эскертип турууга милдеттүү.
6. Бул макулдашуу аткаруу баракчасынын күчүнө ээ жана Алуучу аны нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн учурдан тартып он күндөн кечиктирбестен Төлөөчү иштеген уюмга берет.
7. Бул макулдашуу Тараптардын өз ара макулдугу боюнча каалаган убакта өзгөртүлүшү же токтотулушу мүмкүн. Макулдашууну өзгөртүү же токтотуу нотариалдык формада жүргүзүлөт. Макулдашууну аткаруудан бир тараптуу баш тартууга же анын шарттарын бир тараптуу өзгөртүүгө жол берилбейт.
8. Тараптардын материалдык же үй-бүлөлүк абалы олуттуу өзгөргөн учурда же ушул макулдашууну өзгөртүү же токтотуу жөнүндө макулдашууга келише албаган учурда, ошондой эле анын шарттары бузулган учурда тараптардын кайсынысы болбосун ушул макулдашууну өзгөртүү же токтотуу жөнүндө доо менен сотко кайрылууга укуктуу.
9. Бул макулдашуу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн учурдан тартып күчүнө кирет жана [Баланын аты-жөнү] эрезеге жеткенге чейин, б.а. [Баланын эрезеге жете турган датасы] чейин колдонулат.
10. Үй-бүлө кодексинин [Мазмуну тараптарга белгилүү Үй-бүлө кодексинин беренелеринин номерлери]-беренелеринин мазмуну тараптарга белгилүү. Нотариус алимент төлөөчүгө Үй-бүлө кодексинин [Алимент төлөөнү кечиktirүү боюнча Үй-бүлө кодексинин беренесинин номери]-беренесине ылайык Төлөөчүнүн күнөөсү боюнча алимент карызы пайда болгондо, ал ар бир кечиktирилген күн үчүн төлөнбөгөн төлөмдөрдүн суммасынан ондон бир бөлүгүн төлөшү керектигин түшүндүрдү.
11. Тараптардын макулдашуусу боюнча ушул макулдашууну түзүү боюнча чыгашаны Төлөөчү төлөйт.
12. Макулдашуу үч нускада түзүлдү, бир нускасы нотариалдык конторанын көктөмөлөрүндө сакталат, калган эки нускасы Тараптарга берилет.
Тараптардын колу:
Төлөөчү
|
| Алуучу
|
|
|
|
[Нотариалдык иш жүргүзүлгөн дата] ушул Макулдашууну мен, [Нотариалдык конторанын аталышы] нотариусу [Нотариустун аты-жөнү] күбөлөндүрдүм.
Макулдашууга менин катышуумда Тараптар кол коюшту. Тараптардын инсандыгы аныкталып, алардын укук жөндөмдүүлүгү текшерилди.
№ [Реестрдеги катоо номери] менен реестрде катталды.
[Өндүрүлгөн мамлекеттик алымдын суммасы] сом мамлекеттик алым өндүрүлдү.
Нотариус _________________________