Калыпты жүктөө

Мамлекеттик мүлктү
башкаруу чөйрөсүндөгү

ыйгарым укуктуу органда

[Ыйгарым укуктуу органда каттоо датасы]

​катталган


Мамлекеттик кыймылдуу мүлктү ижарага берүү жөнүндө
№
[Келишимдин номери] КЕЛИШИМ

[Баланс ээси уюмдун аталышы] атынан

[Жобонун/Уставдын реквизиттери] Жобонун/Уставдын негизинде иш алып барган

[Ижарага берүүчүнүн жетекчисинин кызмат орду жана аты-жөнү]

мындан ары “Ижарага берүүчү” деп аталып, бир тараптан, жана

[Ижарага алуучу жөнүндө маалымат] мындан ары

 

“Ижарага алуучу” деп аталган,  экинчи тараптан, биргелешип “Тараптар” төмөнкүлөр жөнүндө ушул Ижара келишимин түзүштү:

1. Жалпы шарттар

1. Ижарага берүүчү

[Ижарага берилүүчү мүлктүн сыпаттамасы]

мамлекеттик мүлктү [Мүлктү пайдалануу максаты]

максатында пайдалануу үчүн ижарага берет, ал эми Ижарага алуучу ижарага алат.

2. Ижара мөөнөтү [Ижара мөөнөтүнүн башталышы] тартып [Ижара мөөнөтүнүн аякташы] чейин белгиленет.

3. Өз милдеттенмелерин талаптагыдай аткарган Ижарага берүүчү жана Ижарага алуучу Ижара келишиминин мөөнөтү аяктаганга чейин бир айдан кечиктирбестен, кийин Ижара келишиминин реестринде каттоо менен колдонуудагы Ижара келишимине тараптардын кошумча макулдашуусун түзүү жолу менен Ижара келишимин ошол эле мөөнөткө узарта алышат. Мөөнөттү узартуунун бул тартиби аукциондун жыйынтыгы боюнча, ошондой эле ижарага түздөн-түз берүү жолу менен түзүлгөн ижара келишимдерине карата колдонулат.

4. Ижара келишиминин 3-пунктуна ылайык Ижара келишиминин мөөнөтүн узартуу жөнүндө кошумча макулдашуу төмөнкү шарттарда түзүлөт, эгерде Ижарага алуучу:

1) ижара акысын, туумду, коммуналдык төлөмдөрдү, эксплуатациялык чыгымдарды, жер салыгын жана мүлккө болгон салыкты (салык мыйзамдарында аныкталган учурларда аларды төлөө боюнча милдеттенмелери Ижарага алуучуга жүктөлгөн учурда) төлөө боюнча карыздары болбосо;

2) ижара мөөнөтүнүн ичинде форс-мажордук жагдайлардан улам, ижара акысы өз убагында төлөнбөгөн учурлардан тышкары, ижара акысын төлөө боюнча бир нече жолу мөөнөтүн өткөрүп жибербесе;

3) шарты бар аукциондун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн Ижара келишиминде каралган милдеттенмелерди аткарганда.

Ижарага берүүчүнүн кошумча макулдашуу түзүүдөн негиздүү баш тартуусу мөөнөтүн узартуу жөнүндө сунушту алган күндөн тартып беш жумуш күнүнөн кечиктирбестен Ижарага алуучуга жазуу жүзүндө жиберилиши керек.

5. Ижара мөөнөтүн узартууда ижара акы төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:

1) ижарага түздөн-түз берүү жолу менен түзүлгөн Ижара келишимине кошумча макулдашууда - мурунку Ижара келишиминде белгиленген ижара акысынын өлчөмүнөн жүз жыйырма беш пайыз өлчөмүндө;

2) аукциондун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн Ижара келишимине кошумча макулдашууда - ошол эле өлчөмдө.

6. Аукциондун жыйынтыктары боюнча түзүлгөн Ижара келишиминин мөөнөтүн узартуу жөнүндө кошумча макулдашуу чектелбеген санда бир нече жолу түзүлүшү мүмкүн.

7. Ижарага түздөн-түз берүү жолу менен түзүлгөн Ижара келишимине кошумча макулдашуу боюнча ижара мөөнөтү бүткөндө, эгерде мөөнөтү бүткөнгө чейин бир айдын ичинде Ижарага алуучу мөөнөтүн узартуу жөнүндө кезектеги сунушун Ижарага берүүчүгө жибербесе, мамлекеттик мүлк аукционго коюлат.

Ижарага түздөн-түз берүү жолу менен түзүлгөн Ижара келишиминин жана/же мындай Ижара келишиминин мөөнөтүн узартуу жөнүндө кошумча макулдашуунун мөөнөтү аяктаганда, Ижарага берүүчү башка ижарага алуучу менен ижара акысын ушул Ижара келишиминин 5-пунктунун 1-пунктчасында каралгандан кыйла жогору белгиленген учурда түздөн-түз берүү жолу менен Ижара келишимин түзүүгө укуктуу.

2. Тараптардын укуктары жана милдеттери

8. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Ижарага алуучудан ай сайын ижара акысын төлөөнү талап кылууга;

2) ижара объектисинин абалынын начарлашы менен келтирилген зыяндын ордун толтурууну Ижара алуучудан талап кылууга;

3) колдонуудагы мыйзамдар өзгөрүлгөн учурда Ижарага алуучу менен макулдашуу боюнча зарыл өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана тактоолорду киргизүүгө;

4) Ижарага алуучунун Ижара келишиминин шарттарын бузуу менен жүргүзүп жаткан иштерин токтотууга.

9. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Ижара келишимине кол коюлгандан кийин ушул Ижара келишиминин  шарттарына ылайык абалда мамлекеттик мүлктү Ижарага алуучуга берүүгө;

2) эгерде мыйзамдарга жана ушул Ижара келишиминин шарттарына каршы келбесе, Ижарага алуучунун чарбалык ишине кийлигишпөөгө, мамлекеттик мүлктү пайдалануусуна тоскоолдук кылбоого;

3) ушул Ижара келишимин бузууда Ижарага алуучудан мамлекеттик мүлктү кайтарып алуу боюнча зарыл чараларды көрүүгө.

10. Ижарага алуучу төмөнкүлөргө укуктуу:

1) ижара объектисин ушул Ижара келишиминин 1-пунктунда көрсөтүлгөн максаттарда жана шарттарга ылайык гана пайдалануу менен өз алдынча чарбалык ишти жүргүзүүгө;

2) кабыл алуу-өткөрүп алуудан кийин ижара объектисин пайдаланууга киришүүгө.

11. Ижарага алуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) мамлекеттик мүлктү ушул Ижара келишиминин шарттарына ылайык пайдаланууга кабыл алууга;

2) алынган мүлктү Ижара келишиминин 1-пунктунда көрсөтүлгөн максаттарда түздөн-түз багыты боюнча гана пайдаланууга;

3) ижарага алынган мүлктү Ижарага берүүчүгө кайра өткөрүп бергенге чейин талаптагыдай санитардык жана техникалык абалда күтүүгө;

4) ижара акысын ар бир айдын 5ине чейин мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсептешүү эсебине төлөөгө, ошондой эле тиешелүү эксплуатациялык чыгымдарды төлөөгө;

5) салык мыйзамдарында аныкталган учурларда мүлккө салыкты төлөөгө;

6) Ижарага берүүчүнүн ижарага берген объектисин белгиленген тартипте пайдаланууга, анын көрсөтмөлөрүн белгиленген мөөнөттө аткарууга, Ижарага берүүчүнүн, ыйгарым укуктуу органдын талабы боюнча ижара объектисин пайдаланууга тийиштүү болгон зарыл бардык маалыматтарды берүүгө;

7) мамлекеттик мүлктүн оң техникалык абалын, анын ичинде техникалык эксплуатациялоо эрежелеринин, коопсуздук техникасын, өрт коопсуздугун сактоого, аларды аткарбагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликти тартууга;

8) мамлекеттик мүлк, анын ичинде Ижарага алуучунун чарбалык иштеринин натыйжасында бузулган учурда болгон бузулуу жөнүндө акт түзүү үчүн бул тууралуу жазуу жүзүндө Ижарага берүүчүгө токтоосуз кабарлоого;

9) ижарага алынган мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыздоо жана мүмкүн болуучу зыянды, анын ичинде үчүнчү жактардын аракеттеринен жана форс-мажордук жагдайлардан улам келип чыккан зыянды четтетүү, анын начарлашына, бузулушуна алып келүүчү аракеттерди кылбоо боюнча чараларды көрүүгө;

10) ижара объектисин субижарага бербөөгө, күрөөгө койбоого же башкача түрдө оордотпоого;

11) Ижарага берүүчүнүн жазуу түрүндө уруксатысыз ижарага алынган мамлекеттик мүлккө карата эч кандай капиталдык өзгөртүүлөрдү жүргүзбөөгө;

12) уюштуруу-укуктук формасы, аталышы, жайгашкан орду жана почта дареги (юридикалык жактар үчүн), жашаган жери боюнча каттоосу (жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн), банктык реквизиттер өзгөргөн күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде аталган өзгөрүүлөр тууралуу Ижарага берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирүүгө;

13) Уурдоо фактысынын болушу жана кылмыштарды каттоо боюнча тиешелүү органдарда Ижарага берүүчүнүн арызын каттоо мамлекеттик мүлктүн наркынын ордун толтуруу боюнча Ижарага берүүчүнүн алдында жоопкерчиликтен Ижарага алуучуну бошотпойт;

14) Келишимдин мөөнөтү бүткөндө мамлекеттик мүлктү Ижарага берүүчүгө оң абалында кайтарууга.

3. Ижара келишими  боюнча төлөмдөр жана эсептешүүлөр

12. Мамлекеттик мүлктүн ижара акысынын өлчөмү айына [Айлык ижара акысынын өлчөмү] сомду түзөт.

13. Ижара акысы, Мамлекеттик мүлктү пайдалангандыгы үчүн ижара акысын эсептөө тартибине өзгөрүү кирген учурда, кабыл алынган ченемдик актыларга ылайык белгиленген баалар жана тарифтер өзгөргөн шартта кайра каралат. Ижарага берүүчү мамлекеттик мүлктү пайдалангандыгы үчүн ижара акысын эсептөө тартиби өзгөргөндүгү тууралуу чечим күчүнө кирген күндөн 20 күндөн кечиктирбестен ижара акысынын өзгөргөндүгү тууралуу Ижарага алуучуга жазуу жүзүндө билдирет.

14. Ижара акысын өз убагында төлөбөсө Ижарага алуучу кечиктирилген ар бир күн үчүн жалпы карыздын суммасынын 0,09 пайызы өлчөмүндө туум төлөйт.

15. Ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик мүлктүн ижара келишимдер реестрине Ижара келишиминин маалыматтарын киргизген күндөн баштап беш жумуш күн өткөндөн кийин ижара акысын эсептөөнү жүргүзөт.

4. Ижара келишимин колдонуу мөөнөтү жана токтотуу шарттары

16. Ижара келишими ыйгарым укуктуу органда каттоодон өткөн учурдан тартып күчүнө кирет.

17. Ижара келишими киргизилүүчү бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор тараптар тарабынан кошумча макулдашууга кол коюу аркылуу жазуу жүзүндө жүргүзүлөт. Кошумча макулдашуу ыйгарым укуктуу органдын каттоосунан өткөндөн кийин күчүнө кирет.

18. Ижара келишими төмөнкү учурларда күчүн жоготот:

1) Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча Ижара келишими бузулса;

2) Ижарага алуучу - юридикалык жак жоюлганда;

3) Ижарага алуучу - жеке адам каза болсо, ал аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген же дайынсыз жоголду деп таанылган учурда;

4) Ижара келишиминин 13-пунктуна ылайык ижара акысы өзгөргөн учурда аны кайра эсептөөдөн Ижарага алуучу баш тартса.

 

5. Тараптардын жоопкерчилиги

19. Күнөөлүү тарап Ижара келишими боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарбагандыктан же талаптагыдай эмес аткаргандыктан, башка тарапка келтирилген материалдык зыянды жана башка бардык чыгымдарды калыбына келтирүүгө милдеттүү.

20. Ижара келишиминин токтотулушу Ижарага алуучуну ижара акысы жана туумдарды төлөө боюнча карыздарын жабуудан бошотпойт.

21. Ижара келишиминин талаптарын жана шарттарын түз жана жашыруун түрдө бузуучу бүтүмдөр жараксыз деп эсептелет, ал эми аларды жасагандыгы үчүн күнөөлүү жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптик же кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.

22. Тартиптик же кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу күнөөлүү жактарды келтирилген зыяндын ордун толтуруу милдетинен бошотпойт.

23. Форс-мажордук кырдаалдардын келип чыгышы Ижара келишими боюнча тиешелүү милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтүн мындай кырдаал аракетте болгон убакытка шайкеш келген мезгилге узартууга жол берет.

6. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби

24. Мамлекеттик мүлктүн Ижара келишимин түзүү менен байланышкан талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик мыйзамдарына ылайык чечилет.

7. Башка шарттар

25. Ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик мүлктүн Ижара келишимдеринин реестринде ушул Ижара келишиминин маалыматтарын киргизген күндөн баштап беш жумуш күн өткөндөн кийин ижара объектисин Ижарага берүүчү берди жана Ижарага алуучу кабыл алды деп эсептелет.

26. Ижарага өткөрүлүп берилген мамлекеттик кыймылдуу мүлктү капиталдык жана учурдагы оңдоолор (баштапкы жана кийинки) Ижарага алуучу тарабынан жүргүзүлөт.

27. Ижара келишими токтогон учурда Ижарага алуучу кадимки эскирүүнү эске алуу менен же шарты бар электрондук аукциондун натыйжалары боюнча түзүлгөн Ижара келишимине ылайык Ижарага алуучу кабыл алган милдеттенмелерге жараша ижара объектисин оң абалда Ижарага берүүчүгө өткөрүп берүүгө милдеттүү.

28. Ижара келишимине анын ажырагыс жана зарыл бөлүгү болуп саналган жана тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол коюуга тийиш болгон тиркеме (ижара акысынын эсеби) тиркелет.

29. Ижара келишими жазуу жүзүндө түзүлөт жана ыйгарым укуктуу органда катталууга тийиш.

30. Мамлекеттик мүлктүн ижара келишимдеринин реестрине киргизилбеген Ижара келишими жараксыз болуп саналат.

31. Ижара келишимин колдонуу токтогондо Ижарага берүүчү ыйгарым укуктуу органга тиешелүү маалымат берүү менен бир ай мөөнөттө ижара объектисин өз ээлигине жана пайдалануусуна кайтаруу боюнча чараларды көрөт.

32. Ижара келишими бирдей юридикалык күчкө ээ болгон үч нускада түзүлдү. Бир нускасы ыйгарым укуктуу органда, экинчиси - Ижарага берүүчүдө калат, үчүнчүсү - Ижарага алуучуга берилет.

 

Тараптардын юридикалык даректери жана колу:

 

Ижарага берүүчү

 

Ижарага алуучу

___________________
   колу

 

___________________
       колу

МО

 

МО