Мамлекеттик мүлктү
башкаруу чөйрөсүндөгү
ыйгарым укуктуу органда
[Ыйгарым укуктуу органда каттоо датасы]
катталган
Мамлекеттик кыймылсыз мүлктү ижарага берүү жөнүндө
№ [Келишимдин номери] КЕЛИШИМ
[Баланс ээси уюмдун (Ижарага берүүчүнүн) аталышы] атынан
(баланс ээси уюмдун аталышы)
[Ижарага берүүчүнүн Жобосунун/Уставынын реквизиттери] Жобонун/Уставдын негизинде иш алып барган
[Ижарага берүүчүнүн жетекчисинин аты-жөнү жана кызмат орду]
(жетекчинин аты-жөнү, кызмат орду)
мындан ары “Ижарага берүүчү” деп аталып, бир тараптан, жана
[Ижарага алуучу: жеке жактын аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы, ыйгарым укук берилген өкүлдүн аты-жөнү, ише] мындан ары
(жеке жактын аты-жөнү/юридикалык жактын аталышы, келишим түзүүгө
ыйгарым укук берилген өкүлдүн аты-жөнү, ишеним каттын реквизиттери)
“Ижарага алуучу” деп аталган, экинчи тараптан, биргелешип “Тараптар” деп аталып, төмөнкүлөр жөнүндө ушул Ижара келишимин түзүштү:
1. Жалпы шарттар
1. Ижарага берүүчү [Объекттин дареги (калк жашаган пункт, көчө, аянт, проспект, үй номери)]
(калк жашаган пункт, көчө, аянт, проспект, үй номери)
дарегиндеги жалпы аянты [Ижарага берилген объекттин жалпы аянты (чарчы метр)] чарчы метр, № [Курулуштун номери] курулушта [Кабат] кабатта жайгашкан мамлекеттик курулманы, имаратты (жайды) [Объектти пайдалануу максаты] максатында пайдалануу үчүн ижарага берет, ал эми ижарачы ижарага алат.
2. Ижара мөөнөтү [Ижара мөөнөтүнүн башталыш датасы] тартып [Ижара мөөнөтүнүн аяктоо датасы] чейин белгиленет.
3. Өз милдеттенмелерин талаптагыдай аткарган Ижарага берүүчү жана Ижарага алуучу Ижара келишиминин мөөнөтү аяктаганга чейин бир айдан кечиктирбестен, кийин Ижара келишиминин реестринде каттоо менен колдонуудагы Ижара келишимине тараптардын кошумча макулдашуусун түзүү жолу менен Ижара келишимин ошол эле мөөнөткө узарта алышат. Мөөнөттү узартуунун бул тартиби аукциондун жыйынтыгы боюнча, ошондой эле ижарага түздөн-түз берүү жолу менен түзүлгөн ижара келишимдерине карата колдонулат.
4. Ижара келишиминин 3-пунктуна ылайык Ижара келишиминин мөөнөтүн узартуу жөнүндө кошумча макулдашуу төмөнкү шарттарда түзүлөт, эгерде Ижарага алуучу:
1) ижара акысын, туумду, коммуналдык төлөмдөрдү, эксплуатациялык чыгымдарды, жер салыгын жана мүлккө болгон салыкты (салык мыйзамдарында аныкталган учурларда аларды төлөө боюнча милдеттенмелери Ижарага алуучуга жүктөлгөн учурда) төлөө боюнча карыздары болбосо;
2) ижара мөөнөтүнүн ичинде форс-мажордук жагдайлардан улам, ижара акысы өз убагында төлөнбөгөн учурлардан тышкары, ижара акысын төлөө боюнча бир нече жолу мөөнөтүн өткөрүп жибербесе;
3) шарты бар аукциондун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн Ижара келишиминде каралган милдеттенмелерди аткарганда.
Ижарага берүүчүнүн кошумча макулдашуу түзүүдөн негиздүү баш тартуусу мөөнөтүн узартуу жөнүндө сунушту алган күндөн тартып беш жумуш күнүнөн кечиктирбестен Ижарага алуучуга жазуу жүзүндө жиберилиши керек.
5. Ижара мөөнөтүн узартууда ижара акысы төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
1) ижарага түздөн-түз берүү жолу менен түзүлгөн Ижара келишимине кошумча макулдашууда - мурунку Ижара келишиминде белгиленген ижара акысынын өлчөмүнөн жүз жыйырма беш пайыз өлчөмүндө;
2) соода борборлорундагы жайларды ижарага түз берүү жолу менен түзүлгөн Ижара келишимине кошумча макулдашууда - мурунку Ижара келишиминде белгиленген ижара акысынын эки жүз элүү пайызы өлчөмүндө;
3) аукциондун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн Ижара келишимине кошумча макулдашууда - ошол эле өлчөмдө.
6. Аукциондун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн Ижара келишиминин мөөнөтүн узартуу жөнүндө кошумча макулдашуу чектелбеген санда бир нече жолу түзүлүшү мүмкүн.
7. Ижарага түздөн-түз берүү жолу менен түзүлгөн Ижара келишимине кошумча макулдашуу боюнча ижаранын мөөнөтү бүткөндө, эгерде мөөнөтү бүткөнгө чейин бир айдын ичинде Ижарага алуучу мөөнөтүн узартуу жөнүндө кезектеги сунушун Ижарага берүүчүгө жибербесе, мамлекеттик мүлк аукционго коюлат.
Ижарага түздөн-түз берүү жолу менен түзүлгөн Ижара келишиминин жана/же мындай Ижара келишиминин мөөнөтүн узартуу жөнүндө кошумча макулдашуунун мөөнөтү аяктаганда, Ижарага берүүчү башка ижарага алуучу менен ижара акысын ушул Ижара келишиминин 5-пунктунун 1-пунктчасында каралгандан кыйла жогору белгиленген учурда түздөн-түз берүү жолу менен Ижара келишимин түзүүгө укуктуу.
2. Тараптардын укуктары жана милдеттери
8. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ижарага алуучудан ай сайын ижара акысын төлөөнү талап кылууга;
2) Ижарага алуучунун чарбалык ишинин натыйжасында мамлекеттик курулмалардын, имараттын (жайдын) жана экологиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу келтирилген зыяндын ордун толтурууну Ижарага алуучудан талап кылууга;
3) колдонуудагы мыйзамдар өзгөртүлгөн учурда Ижарага алуучу менен макулдашуу боюнча зарыл өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана тактоолорду киргизүүгө;
4) Ижарага алуучунун Ижара келишиминин шарттарын бузуу менен жүргүзүп жаткан иштерин токтотууга.
9. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ижара келишимине кол коюлгандан кийин ушул Ижара келишиминин шарттарына ылайык абалда мамлекеттик курулмаларды, имаратты (жайды) Ижарага алуучуга берүүгө;
2) эгерде мыйзамдарга жана ушул Ижара келишиминин шарттарына каршы келбесе, Ижарага алуучунун чарбалык ишине кийлигишпөөгө, мамлекеттик курулмаларды, имаратты (жайды) пайдалануусуна тоскоолдук кылбоого;
3) ушул Ижара келишимин бузууда Ижарага алуучудан мамлекеттик мүлктү кайтарып алуу боюнча зарыл чараларды көрүүгө.
10. Ижарага алуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ижарага алынган мамлекеттик курулмаларда, имаратта (жайда) өз алдынча чарбалык ишти Ижара келишиминин 1-пунктунда көрсөтүлгөн максаттарга жана ушул Ижара келишиминин шарттарына ылайык гана жүргүзүүгө;
2) кабыл алуу-өткөрүп алуудан кийин ижарага алынган мамлекеттик курулманы, имаратты (жайды) пайдаланууга киришүүгө.
11. Ижарага алуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик курулманы, имаратты (жайды) Ижара келишиминин шарттарына ылайык пайдаланууга кабыл алууга;
2) ижарага алынган мамлекеттик курулманы, имаратты (жайды) ушул Ижара келишиминин 1-пунктунда аталган түз багыты боюнча гана пайдаланууга;
3) ижарага алынган мамлекеттик курулманы, имаратты (жайды) жана жанаша аймакты Ижарага берүүчүгө кайра өткөрүп бергенге чейин талаптагыдай санитардык жана техникалык абалда күтүүгө;
4) ижара акысын ар бир айдын 5ине чейин мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсептешүү эсебине төлөөгө, ошондой эле Ижарага берүүчүгө өзүнчө келишим боюнча коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү, эксплуатациялык чыгымдарды; салыктык мыйзамдар менен аныкталган учурларда жер салыгын жана мүлккө салыкты төлөөгө;
5) башка ижарага алуучулардын укугун, ошондой эле мамлекеттик курулманы, имаратты (жайды) пайдалануу тартибин бузбоого;
6) Ижарага берүүчүнүн ижарага берген объектисин белгиленген тартипте пайдаланууга, анын көрсөтмөлөрүн белгиленген мөөнөттө аткарууга; Ижарага берүүчүнүн, ыйгарым укуктуу органдын талабы боюнча ижара объектисин пайдаланууга тийиштүү зарыл болгон бардык маалыматтарды берүүгө;
7) мамлекеттик мүлктүн техникалык жактан оң абалын, анын ичинде техникалык эксплуатациялоо эрежелерин, техникалык коопсуздукту, өрт коопсуздугун сактоого, аларды аткарбагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликти тартууга;
8) электрондук шарты бар аукциондун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн Ижара келишимине ылайык алган келишимдик милдеттенмелерди аткарууга;
9) Ижарага берүүчүнүн жана компетенттүү органдардын жазуу жүзүндө уруксатысыз ижарага алынган мамлекеттик курулмада, имаратта (жайда) эч кандай капиталдык (тирөөч конструкцияларына тиешелүү) өзгөртүп пландоолорду жана өзгөртүп кайра жабдууларды жасабоого;
10) уюштуруу-укуктук формасы, аталышы, жайгашкан орду жана почталык дареги (юридикалык жактар үчүн), жашаган жери боюнча каттоосу (жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн), банктык реквизиттери өзгөргөн күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде аталган өзгөрүүлөр тууралуу Ижарага берүүчүгө кат жүзүндө билдирүүгө;
11) Ижара келишиминин мөөнөтү бүткөн күндөн тартып бир айдын ичинде мамлекеттик курулманы, имаратты (жайды) Ижарага берүүчүгө мамлекеттик курулманы, имаратты (жайды) иш жүзүндө кайтарганга чейин пайдаланган бардык убактысына ижара акысын төлөө менен Ижарага берүүчүнүн ээлигине жана пайдалануусуна оң абалында кайтарып берүүгө.
3. Ижара келишими боюнча төлөмдөр жана эсептешүүлөр
12. Мамлекеттик курулманын, имараттын (жайдын) ижара акысынын өлчөмү айына 1 чарчы метр үчүн [1 чарчы метр үчүн айлык ижара акысы (сом)] сомду түзөт. [Ижарага берилген объекттин жалпы аянты (чарчы метр)] чарчы метр аянттагы ижарага алынган мамлекеттик курулманын, имараттын (жайдын) ижара акысы айына бардыгы [Айына жалпы ижара акысы (сом)] сомду түзөт.
13. Ижарага түздөн-түз берүү жолу менен түзүлгөн ижара келишимдери боюнча ижара акысы Мамлекеттик мүлктү пайдалангандыгы үчүн ижара акысын эсептөө тартиби жөнүндө нускамага өзгөртүү кирген учурда кабыл алынган ченемдик укуктук актыларга ылайык белгиленген баалар жана тарифтер өзгөргөн шартта кайра каралат жана өзгөртүү тууралуу чечим күчүнө кирген күндөн тартып 20 күндөн кечиктирбестен ижара акысынын өзгөргөндүгү тууралуу Ижарага алуучуга жазуу жүзүндө билдирет.
14. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 334-беренесине ылайык Ижарага берүүчү Ижарага алуучудан [Жер салыгынын суммасы (сом)] сом суммасында жер салыгын алат.
15. Ижара акысын өз убагында төлөбөсө, Ижарага алуучу кечиктирилген ар бир күн үчүн жалпы карыздын суммасынын 0,09 пайызы өлчөмүндө туум төлөйт.
4. Ижара келишимин колдонуу мөөнөтү, колдонууну өзгөртүү жана токтотуу шарттары
16. Ижара келишими ыйгарым укуктуу орган каттоодон өткөргөн учурдан тартып күчүнө кирет.
17. Ижара келишимине киргизилүүчү бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор кошумча макулдашууга кол коюу аркылуу тараптар тарабынан жазуу жүзүндө жүргүзүлөт. Кошумча макулдашуу ыйгарым укуктуу органдын каттоосунан өткөндөн кийин күчүнө кирет.
18. Ижара келишими төмөнкү себептер боюнча күчүн жоготот:
1) Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча Ижара келишими бузулса;
2) Ижарага алуучу - юридикалык жак жоюлган учурда;
3) Ижарага алуучу - жеке адам каза болсо, ал аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген же дайынсыз жоголду деп таанылган учурда;
4) ижарага берилген жайга, имаратка мамлекеттик органды жайгаштыруу зарылчылыгы болсо;
5) Ижара келишиминин 13-пунктуна ылайык ижара акы өзгөргөн учурда аны кайра эсептөөдөн Ижарага алуучу баш тартса.
5. Тараптардын жоопкерчилиги
19. Күнөөлүү тарап Ижара келишими боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарбагандыктан же талаптагыдай аткарбагандыктан, башка тарапка келтирилген материалдык зыянды жана башка бардык чыгымдарды калыбына келтирүүгө милдеттүү.
20. Ижара келишиминин токтотулушу Ижарага алуучуну ижара акысы жана туумдарды төлөө боюнча карыздарын жабуудан бошотпойт.
21. Ижара келишиминин талаптарын жана шарттарын түз жана жашыруун түрдө бузуучу бүтүмдөр жараксыз деп эсептелет, ал эми аларды жасагандыгы үчүн күнөөлүү жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптик же кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.
22. Тартиптик же кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу күнөөлүү жактарды келтирилген зыяндын ордун толтуруу милдетинен бошотпойт.
23. Форс-мажордук кырдаалдардын келип чыгышы Ижара келишими боюнча тиешелүү милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтүн мындай кырдаал аракетте болгон убакытка шайкеш келген мезгилге узартууга жол берет.
6. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби
24. Мамлекеттик мүлктүн Ижара келишимин түзүүгө жана мамлекеттик мүлктүн Ижара келишимин түзүү укугуна электрондук тоорук өткөрүүгө байланышкан талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык мыйзамдарына ылайык чечилет.
7. Башка шарттар
25. Ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик мүлктүн Ижара келишимдеринин реестринде ушул Ижара келишиминин маалыматтарын киргизген күндөн баштап беш жумуш күн өткөндөн кийин ижара объектисин Ижарага берүүчү берди жана Ижарага алуучу кабыл алды деп эсептелет.
26. Тарыхый жана маданий эстеликтер болуп саналган ижара объекттери тарых-маданият мурас чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тарых жана маданият эстеликтерин коргоо жана пайдалануу боюнча бардык милдеттенмелерди Ижарага алуучу өзүнө кабыл алуучу тиешелүү коргоо документин алгандан кийин өткөрүлүп берилет.
27. Ижарага берилген мамлекеттик кыймылсыз мүлктүн капиталдык жана күнүмдүк оңдоолорун (баштапкы жана андан аркы) Ижарага алуучу жүргүзөт.
Тарых жана маданият эстеликтери болуп саналган кыймылсыз мүлк объектисине ар кандай оңдоо, реставрациялоо жана башка курулуш иштерин жүргүзгөнгө чейин Ижарага алуучу эстеликтерди коргоо жана тарыхый-маданий мурастарды пайдалануу боюнча мамлекеттик органдан тарыхый-маданий мурастардын кыймылсыз объекттерин реставрациялоо, консервациялоо жана оңдоо боюнча иштерди жүргүзүүгө уруксат алууга милдеттүү.
28. Ижара келишими токтогон учурда Ижарага алуучу кадимки эскирүүнү эске алуу менен же электрондук шарты бар аукциондун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн Ижара келишимине ылайык Ижарага алуучу кабыл алган милдеттенмелерге жараша ижара объектисин оң абалда Ижарага берүүчүгө өткөрүп берүүгө милдеттүү.
29. Ижара келишимине анын ажырагыс жана зарыл бөлүгү болуп саналган жана тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол коюуга тийиш болгон тиркеме (ижара акысынын эсептелиши) тиркелет.
30. Ижарага берилген имараттын, курулманын (жайдын) сырткы бөлүгүнө жарнама жайгаштыруу Ижарага берүүчү менен белгиленген тартипте макулдашылууга тийиш.
31. Мамлекеттик мүлктүн Ижара келишимдеринин реестрине киргизилбеген Ижара келишими жараксыз болуп эсептелет.
32. Ижара келишимин колдонуу токтогондо Ижарага берүүчү ыйгарым укуктуу органга тиешелүү маалымат берүү менен бир ай мөөнөттө ижара объектисин өз ээлигине жана пайдалануусуна кайтаруу боюнча чараларды көрөт.
33. Ижара келишими бирдей юридикалык күчкө ээ болгон үч нускада түзүлдү. Бир нускасы ыйгарым укуктуу органда, экинчиси - Ижарага берүүчүдө калат, үчүнчүсү - Ижарага алуучуга берилет.
Тараптардын юридикалык даректери жана колу:
Ижарага берүүчү |
| Ижарага алуучу |
___________________ |
| ___________________ |
МО |
| МО |