Загрузка…
Акы төлөнгөн кызмат көрсөтүү келишими № [Келишимдин номери]
Бишкек шаары[Келишимдин күнү]
Кыргыз Республикасынын [Министрликтин аталышы] министрлигинин атынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин [Ыйгарым укук берүү жөнүндө буйруктун күнү] № [Буйруктун номери] “Маалыматтык жана орто аралык мүнөздөгү Кыргыз Республикасынын [Министрликтин аталышы] министрлигинин каттарына кол коюуга ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” буйругунун негизинде иш алып барган күрөөлөрдү каттоо бөлүмүнүн башчысы [Күрөөлөрдү каттоо бөлүмүнүн башчысынын аты-жөнү] мындан ары “Кызмат көрсөтүүчү” деп аталып, бир тараптан жана
[Буйрутмачынын толук фирмалык аталышы]
Уставдын негизинде иш алып барган директор [Буйрутмачынын директорунун аты-жөнү] мындан ары “Буйрутмачы” деп аталып, экинчи тараптан, мындан ары биргеликте Тараптар деп аталып, төмөнкүлөр жөнүндө ушул Акы төлөнгөн кызмат көрсөтүү келишимин (мындан ары - Келишим) түзүштү:
1. КЕЛИШИМДИН ПРЕДМЕТИ
0.1. Кызмат көрсөтүүчү Буйрутмачыга Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (мындан ары - Реестр) эсептик жазууну каттоону камсыз кылууга милдеттенет.
0.2. Каттоо эсебин түзүү үчүн Буйрутмачы Кызмат көрсөтүүчүгө пайдалануучунун ID номери ыйгарылган Буйрутмачынын ыйгарым укуктуу адамынын маалыматтарын берет.
0.3. Эсептик жазуу Буйрутмачыга кыймылдуу мүлккө карата (Келишим боюнча) кыймылдуу мүлккө талап укугун каттоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү жана токтотуу жөнүндө жазуу киргизүү укугун берет.
0.4. Буйрутмачы ушул Келишимдин шарттарына ылайык кызматты кабыл алууга жана төлөөгө милдеттенет.
0.5. Эсептик жазууну каттоонун тартиби ушул Келишимдин 1-тиркемесине ылайык аныкталат.
0.6. Тиркеме ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
2. ТАРАПТАРДЫН МИЛДЕТТЕРИ
2.1. Кызмат көрсөтүүчүнүн милдеттери:
2.1.1. Буйрутмачы кайрылган учурдан тартып бир жумуш күнү ичинде Реестрде эсептик жазууну каттоо.
2.1.2. Кызмат көрсөтүүнүн жүрүшү же кызматка байланыштуу өзгөрүүлөр жөнүндө Буйрутмачыга маалымдоо.
2.1.3. Ишинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алуу.
2.1.4. Келишимде каралган милдеттенмелерди аткаруу.
2.1.5. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (Келишим боюнча) аткаруу боюнча бардык катталган талап укуктарынын электрондук маалымат базасында сактоону камсыз кылуу.
2.1.6. Реестрде жайгашкан маалыматтардын коопсуздугун жана купуялуулугун камсыз кылуу.
2.1.7. Реестрге расмий сайт аркылуу онлайн режимде ачык кирүүнү камсыз кылуу.
2.1.8. Жеке кабинет аркылуу Буйрутмачынын маалымат базасында акча каражаттарынын бар/жоктугу/алынышы жөнүндө маалыматка Буйрутмачынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.
2.2. Буйрутмачынын милдеттери:
2.2.1. Ушул Келишимдин 3-бөлүмүндө каралган кызмат көрсөтүүлөр үчүн белгиленген тартипте убагында төлөө.
2.2.2. Реестрди мыйзамдарда жана ушул Келишимде белгиленген максаттарга жана эрежелерге ылайык колдонуу.
2.2.3. Реестрде талап укугун каттоону, өзгөртүү киргизүүнү жана токтотууну кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (Келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоо тартиби жөнүндө нускаманын талаптарына ылайык жүргүзүү.
2.3. Буйрутмачыга төмөнкүлөргө тыюу салынат:
2.3.1.Реестрге зыян келтирген же анын ишин бузган максаттарда Реестр системасын колдонууга же кандайдыр бир аракеттерди жасоого.
2.3.2.Зыяндуу программаларды камтыган материалды көчүрүү, сактоо, өткөрүп берүү, колдонуу, жарыялоо же жайылтуу үчүн Реестр системасын колдонууга.
2.3.3.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен катталган күрөөлүк кабарламага өзгөртүүлөрдү же оңдоолорду киргизүүгө.
2.3.4.Реестрден алынган маалыматтарды коммерциялык максатта колдонууга.
3. КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮГӨ АКЫ ТӨЛӨӨ
3.1. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (Келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү жана токтотуу, ошондой эле көчүрмөнү жазуу жүзүндө берүү Кыргыз Республикасынын [Акыны белгилеген орган] тарабынан белгиленген акы төлөнгөндөн кийин жүргүзүлөт.
3.2. Күрөөлүк кабарламада кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (Келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү жана токтотуу үчүн акы бир жолку төлөм менен жүргүзүлөт.
3.3. Төмөнкүлөр аркылуу акы төлөө жүргүзүлөт:
- банктык эсепке салуу менен накталай акча;
- банктык эсепке которуу;
- онлайн төлөө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка ыкма.
3.4. Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмөнү Кызмат көрсөтүүчү Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (Келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоо тартиби жөнүндө нускаманын талаптарына ылайык акы төлөнгөндүгүн тастыктаган тиркелген документ менен кошо Буйрутмачынын арызынын негизинде берет.
4. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ ЖАНА ТАЛАШТАРДЫ ЧЕЧҮҮ ТАРТИБИ
4.1. Келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
4.2. Ушул Келишимден келип чыгышы мүмкүн болгон бардык талаштарды жана пикир келишпестиктерди Тараптар сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракет кылышат.
4.3. Эгерде талаш маселе менен пикир келишпестиктерди сүйлөшүү жолу менен чечүү мүмкүн болбосо, алар колдонуудагы мыйзамдарга ылайык чечилүүгө тийиш.
4.4. Кызмат көрсөтүүчү жана Буйрутмачы Реестрде кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (Келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоодо, өзгөртүү киргизүүдө жана токтотууда көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгы үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (Келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоонун жүрүшүндө алынган маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы же үчүнчү жактарга бергендиги үчүн жоопкерчилик тартат.
4.5. Буйрутмачы төмөнкүлөр үчүн жооптуу:
4.5.1. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (Келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоодо туура эмес маалыматтарды киргизүү.
4.5.2. Реестр системасын колдонуу, Реестрди пайдалануу шарттарын, анын ичинде маалыматтар базасында камтылган маалыматтарды киргизүү, өзгөртүү, издөө жана жок кылуу учурунда бузуу.
4.6. Реестрде күрөөнүн предмети, каттоо номери, ИСН жана ИЖН боюнча издөө мүмкүн болбогон, анын натыйжасында үчүнчү жактардын кызыкчылыктарына зыян келтирилген туура эмес маалыматтар киргизилген учурда, кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (Келишим боюнча) талаптын артыкчылыктуу укугу сот тартибинде аткарылат.
4.7. Маалымат системасы Келишимдин жоболорун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамдарын бузуу менен пайдаланган учурда, ченемдик укуктук актыларда каралган жоопкерчиликтен тышкары, Буйрутмачыга Реестрге кирүү мүмкүндүгүн берүү токтотулат.
4.8. Кызмат көрсөтүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте автоматташтырылган маалымат системасында жайгашкан тиешелүү жеке маалыматтардын сакталышын жана купуялуулугун камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат.
5. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР
5.1. Келишимдеги бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу жүзүндө түзүлүүгө жана ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган Тараптардын тиешелүү ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан кол коюлууга тийиш.
5.2. Тараптар өздөрүнүн юридикалык дареги, телефон номерлери, факстары өзгөргөндүгү жөнүндө алар өзгөргөн күндөн тартып беш күндөн кечиктирбестен бири-бирине билдирүүгө милдеттүү.
5.3. Келишим Тараптардын ар бири үчүн бирдей юридикалык күчкө ээ эки нускада түзүлдү.
5.4. Келишим кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана Тараптар Келишимди бузганга чейин күчүндө болот.
5.5. Келишимде каралбаган бардык башка маселелер боюнча Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алышат.
6. ТАРАПТАРДЫН МААЛЫМ ДАРЕКТЕРИ ЖАНА КОЛУ
Кызмат көрсөтүүчү Кыргыз Республикасынын [Министрликтин аталышы] министрлиги
Бишкек ш., Жаш Гвардия бул., 32 ИСН [Кызмат көрсөтүүчүнүн ИСН] ИУРК [Кызмат көрсөтүүчүнүн ИУРК] БИК [Кызмат көрсөтүүчүнүн БИК] Төлөм коду: [Кызмат көрсөтүүчүнүн төлөм коду] эсеп [Кызмат көрсөтүүчүнүн эсеби] тел.: [Кызмат көрсөтүүчүнүн телефону] факс: [Кызмат көрсөтүүчүнүн факсы]
______________ [Күрөөлөрдү каттоо бөлүмүнүн башчысынын аты-жөнү] МО | Буйрутмачы [Буйрутмачынын толук фирмалык аталышы]толук фирмалык аталышы [Буйрутмачынын юридикалык дареги] юридикалык дареги ИСН [Буйрутмачынын ИСН] ИУРК [Буйрутмачынын ИУРК] БИК [Буйрутмачынын БИК] Төлөм коду: [Буйрутмачынын төлөм коду] эсеп [Буйрутмачынын эсеби] тел.: [Буйрутмачынын телефону] факс: [Буйрутмачынын факсы]
______________ [Буйрутмачынын директорунун аты-жөнү] МО |
|
|
[Келишимдин күнү]
№ [Келишимдин номери]
Келишимге 1-тиркеме
1. Эсептик жазууну Кызмат көрсөтүүчү Буйрутмачынын берген маалыматтарынын негизинде түзөт. Мында Буйрутмачынын ыйгарым укуктуу адамынын төмөнкү маалыматтары камтылууга тийиш:
-[Буйрутмачынын толук фирмалык аталышы]
толук фирмалык аталышы
- [Буйрутмачынын юридикалык дареги]
юридикалык дареги
- ИСН [Буйрутмачынын ИСН], ИУРК [Буйрутмачынын ИУРК], банктык маалым даректери: [Буйрутмачынын банктык маалым даректери],
БИК [Буйрутмачынын БИК], эсеп [Буйрутмачынын эсеби];
- [Буйрутмачынын директорунун аты-жөнү], [Буйрутмачынын жетекчисинин кызмат орду]
аты-жөнү, жетекчинин кызмат орду
- [Топтун администраторунун аты-жөнү], [Топтун администраторунун кызмат орду], [Топтун администраторунун ИЖН], [Топтун администраторунун паспорт маалыматтары] - топтун администратору
аты-жөнү, жетекчинин кызмат орду, ИЖН, паспорт маалыматтары (сериясы, номери, берген орган, берилген дата)
- топтун администраторунун байланыш маалыматтары:[Топтун администраторунун уюлдук телефону]
[Топтун администраторунун жумуш телефону], [Топтун администраторунун электрондук почта дареги]
уюлдук телефону, жумуш телефону, электрондук почта дареги
2. Кызмат көрсөтүүчү күрөө кармоочунун маалыматтарын маалымат базасына киргизет, аны авторизациялайт, андан кийин, автоматташтырылган система пайдалануучунун ID номерин ыйгарат.
3. Авторизациядан кийин Кызмат көрсөтүүчү Буйрутмачыга электрондук түрдө пайдалануучунун ID номерин, логин менен паролун берет.
Пайдалануучунун ID номери, логини жана паролу Буйрутмачыга жабык конвертте берилиши мүмкүн.
Эсептик жазууну андан ары коопсуз колдонууну камсыз кылуу үчүн күрөө кармоочу убактылуу паролду өзгөртүүгө тийиш.
3. Буйрутмачынын ыйгарым укуктуу адамына пайдалануучунун ID номери ыйгарылгандан кийин ал күрөө кармоочулар-каттоочулар тобунун администратору болуп калат жана анын маалымат базасында жеке кабинети болот.
4. Автоматташтырылган маалымат системасында күрөө кармоочулар-каттоочулар тобунун администраторун аутентификациядан өткөрүп, жандандырган соң логин жана пароль киргизилгенден кийин гана Реестрдин маалымат базасына кирүүгө болот.
5. Логинди жана паролду үч жолу туура эмес киргизген учурда автоматташтырылган маалымат системасы Реестрдин маалымат базасына кирүүгө бөгөт коёт. Паролду калыбына келтирүү жана пайдалануучуларды бөгөттөн чыгаруу Кызмат көрсөтүүчү же күрөө кармоочулар-каттоочулар тобунун администратору тарабынан пайдалануучунун кайрылуусунун негизинде пайдалануучунун ID номери аркылуу ишке ашырылат.
7. Күрөөлүк кабарламага пайдалануучунун жеке кабинети аркылуу жазуулар киргизилет.