Загрузка…
|
Бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма
муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү
чектелүү баланы/адамды багуу боюнча жеке
ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүнө
ТИПТҮҮ КЕЛИШИМ
[Келишим түзүлгөн күн]
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмүнүн атынан, мындан ары “Аймактык бөлүм” деп аталып, бир тараптан, [Аймактык бөлүмдүн өкүлүнүн (жетекчисинин) аты-жөнү]
жана мындан ары “Жеке ассистент” деп аталып, экинчи тараптан,
[Жеке ассистенттин аты-жөнү]
биргелешип “Тараптар” деп аталып төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишим түзүштү.
1. Келишимдин предмети
1. Кызматтарды көрсөтүү келишими боюнча жеке ассистент [Кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнү]
баланы/адамды багуу боюнча милдеттерди өзүнө алат.
2. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү бала/адам [Кызмат алуучунун оорулары]
оорулар менен ооруйт.
3. Үй-бүлө мүчөлөрү: [Үй-бүлө мүчөлөрүнүн аты-жөнү]
4. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын/адамдын камкорчусу: [Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын/адамдын камкорчусунун аты-жөнү]
5. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын/адамдын турак жай шарттары: [Турак жай шарттары]
6. Жеке ассистент Аймактык бөлүмгө ушул келишимде аталган кызматтарды көрсөтүүгө милдеттенет, ал эми Аймактык бөлүм тапшырык кылынган кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө милдеттенет.
7. Жеке ассистент өз ишин ыктыярдуу патенттин жана милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруунун камсыздандыруу полисинин негизинде жүргүзөт.
8. Келишимдин мөөнөтү жана аны токтотуу шарттары ушул келишимдин 3-главасында көрсөтүлгөн.
2. Тараптардын укуктары жана милдеттери
9. Жеке ассистент төмөнкүлөргө укуктуу:
− күн тартибин өз алдынча аныктоого, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын/адамдын жашоосундагы күнүмдүк маселелерди чечүүгө;
− өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Аймактык бөлүмдүн укуксуз аракеттерине даттанууга.
10. Жеке ассистент төмөнкүлөргө милдеттүү:
− ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы/адамды багуу көндүмдөрү боюнча окуудан өтүүгө (Аймактык бөлүмдүн сунушу боюнча);
− ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балага/адамга карата сапаттуу жана ак ниет багууну жана камкордук көрүүнү камсыз кылууга;
− медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын дарыгер-эксперттер иштеп чыккан реабилитациялоонун жеке планында көрсөтүлгөн медициналык талаптарды так сактоого;
− ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы/адамды багуу боюнча медициналык талаптарды сактоого, медициналык документтерге ылайык (өсүшүнүн амбулатордук картасына, чыгаруудагы эпикризге, дарыгердин корутундусуна ж.б.) үй-бүлөлүк дарыгердин, бир багыттагы адистердин дайындоосун аткарууга;
− ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жана адамдын өз убагында тамактануусун камсыздоого;
− ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын/адамдын гигиенасынын жана уйкусунун бардык зарыл болгон талаптарын сактоого;
− керектүү учурда баштапкы медициналык жардам көрсөтүүгө;
− коопсуздукту камсыздоого;
− ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы жана адамды коомго интеграциялоо жана социалдык адаптациялоо боюнча бардык күч-аракеттерди жумшоого;
− Аймактык бөлүмдүн талабы боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы/адамды багуу боюнча жумушундагы кемчиликтерди оңдоого;
− ушул келишимдин шарттарын сактоого;
− кызмат алуучу жана жеке ассистент республикадан сыртка убактылуу (6 айга чейин) чыгып кеткен учурда чыгууга 5 күн калганда бул тууралуу Аймактык бөлүмгө жазуу жүзүндө билдирүүгө;
− ыктыярдуу патентти жана камсыздандыруу полисин ай сайын жана өз убагында алууга.
11. Аймактык бөлүм төмөнкүлөргө милдеттүү:
− ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы жана адамды баккан жеке ассистенттерди эсепке алууга;
− жеке ассистент үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы/адамды багуу боюнча окутуу семинарларын уюштурууга;
− Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул келишимдин негизинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жана адамдын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого;
− эгерде жеке ассистент катары ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү же жакын тууганы болсо, жеке ассистент аткарган жумушун ар убакта текшерүүгө жана жеке ассистент катары башка адам болсо, аны күндүз текшерүүгө;
− жеке ассистенттин ишине жана баланы/адамды реабилитациялоонун жеке планын аткарууга мониторинг жүргүзүүгө;
− кошуналардан, туугандардан жана башка адамдардан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы/адамды баккан адам тууралуу маалыматты суроого;
− жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүсүнө өз убагында төлөөнү уюштурууга;
− ыйгарым укуктуу органга жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүсүнө төлөө боюнча бухгалтердик, статистикалык эсепке алууну жана отчетторду белгиленген тартипте берүүгө;
− ушул келишимди, анын шарттары бузулган учурларда бир тараптуу тартипте бузууга.
3. Келишимди колдонуу мөөнөтү жана токтотуу шарттары
12. Ушул келишим кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана бир жылдын ичинде колдонулат.
13. Келишимди колдонуу төмөнкү учурларда токтотулат:
− келишимди колдонуу мөөнөтү аяктаганда;
− ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы жана адамды менчигинин түрүнө карабастан интернаттык типтеги мекемеге, күнү-түнү жатуу менен социалдык стационардык мекемеге жайгаштырууда;
− ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы интернат тибиндеги балдар мекемесине жайгаштырууда;
− жеке ассистент ата-энелик укуктан ажыратылганда же ата-энелик укуктары чектелгенде же багып алуучу үй-бүлөдөн бала алынганда же камкорчунун же көзөмөлчүнүн укуктары токтотулганда;
− кызмат көрсөтүүнү алуучу каза болгондо же жеке ассистент каза болгондо;
− кызмат көрсөтүүнү алуучу жеке ассистенттин же анын күнөөсү боюнча башка адамдын физикалык жана (же) психикалык, ошондой эле зомбулуктун башка түрлөрүнө дуушар болгондо;
− келишимдин шарттары сакталбаганда;
− ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү бала/адам Аймактык бөлүмдүн жоопкерчилигинде болгон райондун чегинен тышкары жаңы жашай турган жерине көчүп кеткенде;
− жеке ассистент кызматтарды көрсөтүүдөн ыктыярдуу баш тартканда;
− ушул келишим мөөнөтүнөн эрте бузулганда.
14. Жеке ассистент келишимди токтотуу үчүн негиз болгон учур келгендиги тууралуу 5 иш күндүн ичинде Аймактык бөлүмгө билдирүүгө милдеттүү.
4. Жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө
15. Жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөнүн өлчөмү
[Жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөнүн өлчөмү (жазуу жүзүндө)] түзөт.
16. Кызмат көрсөтүүгө төлөө жана ыктыярдуу патентти жана милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полисин сатып алууга чыгымдардын ордун толтуруу жеке ассистенттин алыш-бериш эсебине же Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасына каражаттарды которуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
17. Кызмат көрсөтүүнү алуучу жана жеке ассистент республикадан сыртка убактылуу (6 айга чейин) чыгып кеткен учурда кызмат көрсөтүүгө төлөө келишимдин мөөнөтү бүтө элек болсо, ыктыярдуу патент жана камсыздандыруу полиси болгон учурда жүргүзүлөт.
18. Жеке ассистент республикадан сыртка чыгып кеткендиги жөнүндө билдирбесе жана бул мониторинг жүргүзүүдө аныкталган учурда, төлөм токтотулат.
19. Кызмат көрсөтүүнү алуучу жана жеке ассистент 6 ай өткөнгө чейин кайтып келбеген учурда кызмат көрсөтүү үчүн төлөм токтотулат, ал эми кайтып келгенден кийин жеке ассистент аймактык Аймактык бөлүмгө жазуу жүзүндө билдирет, өткөн мезгил үчүн төлөнбөстөн, төлөм кайра улантылат.
20. Жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөм төмөнкү учурларда жүргүзүлбөйт:
− жеке ассистент ыктыярдуу патентти жана камсыздандыруу полисин албаса;
− эгерде кызмат көрсөтүүнү алуучу жана жеке ассистент республикадан сырткары чыгып кеткенден тартып 6 ай өткөнгө чейин кайтып келбесе;
− медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусунун колдонуу мөөнөтү аяктаганда;
− келишимди колдонууну токтотууга алып келүүчү жагдайлар келип чыкканда.
5. Талаштарды чечүүнүн тартиби
21. Ушул келишимди аткаруу процессинде тараптардын ортосунда пайда болгон талаштарды, алар пайда болгондон кийин 10 жумушчу күндүн ичинде макулдашылган чечимди иштеп чыгуу максатында тараптар карап чыгат, ал эми макулдашуу ишке ашпай калганда − Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык каралат.
6. Корутунду жоболор
22. Ушул келишимге ар кандай өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу жүзүндө түзүлүп, тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан кол коюлган шартта гана жарактуу болот. Ушул келишимге тиркемелер анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
23. Ушул келишим мамлекеттик жака расмий тилдерде, эки нускада түзүлдү. Эки нускасы тең окшош жана бирдей күчкө ээ. Тараптардын ар биринде ушул келишимдин бирден нускасы болот.
Аймактык бөлүмдүн жетекчисинин: |
| Жеке ассистент: |
башчы ____________ |
| __________________________ |
(аты-жөнү, колу) |
| (аты-жөнү, колу) |
(мөөрү) |
|
|
Тараптардын дареги: |
|
[Аймактык бөлүмдүн дареги] |
|
|
|
[Жеке ассистенттин дареги]