ПостановлениеДействует

Постановление Бишкекского горкенеша от 27 марта 2007 года № 309 «Об утверждении положений об условиях и порядке приватизации муниципальной собственности, о приватизации муниципальной собственности методом передачи в аренду с последующим выкупом, прямой продажи, продажи на аукционе, продажи на конкурсе, о порядке и условиях передачи муниципального имущества в управление с последующим выкупом и Методических рекомендаций по оценке стоимости имущества объектов приватизации»

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2007-жылдын 27-марты № 309

Муниципалдык менчикти менчиктештирүү шарттары жана тартиби, тике сатуу, аукциондо, конкурста сатуу ыкмалары аркылуу менчиктештирүү тартиби жана шарттары тууралуу жоболорду жана менчиктештирүү объектилеринин мүлкүнүн наркын баалоо боюнча Усулдук сунуштарды бекитүү жөнүндө

(Бишкек шаардык кеңешинин 2010-жылдын 27-майындагы № 184 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамына ылайык жана муниципалдык менчикти менчиктештирүүнүн шарттарын жана тартибин аныктоо максатында Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөндөгү тиркелгендер бекитилсин:

- Муниципалдык менчикти менчиктештирүү шарттары жана тартиби жөнүндө жобо;

- Муниципалдык менчикти тике сатуу ыкмасы аркылуу менчиктештирүү жөнүндө жобо;

- Муниципалдык менчикти аукциондо сатуу ыкмасы аркылуу менчиктештирүү жөнүндө жобо;

- Муниципалдык менчикти конкурста сатуу ыкмасы аркылуу менчиктештирүү жөнүндө жобо;

- менчиктештирүү объектилеринин мүлкүнүн наркын баалоо боюнча Усулдук сунуштары.

2. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2002-жылдын 23-майындагы № 132 "Коммуналдык менчиктин объектилерин жана мүлкүн менчиктештирүү жана баалоо боюнча Усулдук көрсөтмөлөрдү бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин инвестициялар, ишкерлик иш-аракеттер жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына (Филатов А.В.) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри И.П.Клименкого жүктөлсүн.

 

Депутаттардын Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы

 

Н. Байболова