Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-майы № 291
"Бишкек шаарында 2016-жылдын 16-сентябрында кол коюлган Коргоо чараларын жүзөгө ашыруу менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу маселелери боюнча 2006-жылдын 28-ноябрындагы Жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларын коргоо жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2016-жылдын 16-сентябрында кол коюлган Коргоо чараларын жүзөгө ашыруу менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу маселелери боюнча 2006-жылдын 28-ноябрындагы Жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларын коргоо жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2016-жылдын 16-сентябрында кол коюлган Коргоо чараларын жүзөгө ашыруу менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу маселелери боюнча 2006-жылдын 28-ноябрындагы Жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларын коргоо жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2016-жылдын 16-сентябрында кол коюлган Коргоо чараларын жүзөгө ашыруу менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу маселелери боюнча 2006-жылдын 28-ноябрындагы Жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларын коргоо жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Бишкек шаарында 2016-жылдын 16-сентябрында кол коюлган Коргоо чараларын жүзөгө ашыруу менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу маселелери боюнча 2006-жылдын 28-ноябрындагы Жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларын коргоо жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу тууралуу протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти