Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-майы № 320
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-июлундагы № 381 "Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-июлундагы № 381 "Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
мамлекеттик тилдеги аталышы жана бүткүл тексти боюнча "Ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген" жана "ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү" жана "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарында;
- мамлекеттик тилдеги аталышы жана бүткүл тексти боюнча "ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген" деген сөздөр "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- мамлекеттик тилдеги текстинин 32-1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"32-1. Тамактандыруу талаптары:
1) ысык тамак-аш жана ичүүчү суу менен камсыздоо;
2) жарым-жартылай стационардык уюмдар жана социалдык тейлөө мекемелери үчүн тамак-аш азыктарынын физиологиялык ченемдерин эске алуу менен ушул социалдык стандарттардын 7-тиркемесине ылайык жетиштүү сандагы балансталган тамак-аш менен камсыздоо;
3) мамлекеттик жана муниципалдык жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү чоң кишилер жана балдар үчүн ушул социалдык стандарттардын 8-тиркемесине ылайык тамак-аш азыктарын сатып алууга жумшалган чыгымдардын ченемдерин камсыздоо.";
- 7-тиркемеде:
расмий тилдеги текстиндеги "Норма с ограниченными возможностями здоровья (в граммах)" графасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Норма питания для ребенка с ограниченными возможностями здоровья (в граммах)";
расмий тилдеги текстиндеги "Норма на одного взрослого человека лиц с ограниченными возможностями здоровья (в граммах)" графасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Норма питания для взрослого лица с ограниченными возможностями здоровья (в граммах)";
тиркеменин мамлекеттик тилдеги тексти ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 8-тиркеме ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
1-тиркеме
|
| "Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарына 7-тиркеме |
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга жана чоң кишилерге социалдык кызмат көрсөтүүчү жарым-жартылай стационардык уюмдар жана социалдык тейлөө мекемелери (күндүз болуучу бөлүмдөр, реабилитациялык борборлор) үчүн тамак-аш азыктарынын ФИЗИОЛОГИЯЛЫК ЧЕНЕМДЕРИ
№ | Тамак-аш азыктарынын аталышы | Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланын тамактануу ченеми (грамм менен) | Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү чоң кишинин тамактануу ченеми (грамм менен) |
1 | Буудай наны | 150 | 150 |
2 | Кара буудай наны | 150 | 150 |
3 | Буудай уну | 100 | 100 |
4 | Акшак (күрүч, сечка, гречка, перловка, төө буурчак, буурчак), макарон азыктары | 100 | 100 |
5 | Картөшкө | 400 | 400 |
6 | Жалпы жашылча, анын ичинде: |
|
|
7 | - кызылча | 140 | 140 |
8 | - сабиз | 80 | 80 |
9 | - капуста | 240 | 240 |
10 | - пияз | 60 | 60 |
11 | - сарымсак | 6 | 6 |
12 | Башка жашылчалар, анын ичинде: помидор, бадыраң | 200 | 200 |
13 | Жаңы жемиштер жана мөмөлөр | 140 | 140 |
14 | Кургатылган мөмөлөр | 50 | 50 |
15 | Ширелер (түрдүү) | 200 | 200 |
16 | Печенье | 80 | 80 |
17 | Конфеттер | 80 | 80 |
18 | Чай | 2 | 2 |
19 | Эт | 100 | 100 |
20 | Окорочка, канаттуулар | 100 | 100 |
21 | Сүт | 200 | 200 |
22 | Жумшак быштак | 50 | 50 |
23 | Томат пастасы | 5 | 5 |
24 | Жумшак май бутерброд үчүн | 20 | 20 |
25 | Каймак | 15 | 15 |
26 | Маргарин | 10 | 10 |
27 | Майонез | 30 | 30 |
28 | Малдын майы | 2 | 2 |
29 | Сыр | 10 | 10 |
30 | Шекер | 20 | 20 |
31 | Туз | 3 | 3 |
32 | Балык, деңиз азыктары | 100 | 100 |
33 | Жумуртка (даана) | 1 | 1 |
34 | Өсүмдүк майы | 20 | 20 |
35 | Кыям, джем, повидло | 25 | 25 |
36 | Кофе |
| 2 |
37 | Жашылча аралашмасы | 18 | 18 |
38 | Колбаса азыктары, сосиска | 100 | 100 |
39 | Соус үчүн ун | 10 |
|
40 | Ачыткы(*) |
|
|
41 | Туздалган бадыраң, помидор | 10 |
|
42 | Фарш | 100 | 100 |
Эскертүү:
- эт менен жасалуучу тамак-аш балык азыктары менен кезектештирип берилет;
- кыш мезгилинде негизинен кургатылган мөмө-жемиштер колдонулат (компот үчүн);
- сүт азыктары кезеги менен берилет (сүт, каймак, быштак, сыр);
(*) 8 кг унга 0,020 г ачыткы колдонулат.".
2-тиркеме
|
| "Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарына 8-тиркеме |
Мамлекеттик жана муниципалдык жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде тамак-аш азыктарын сатып алууга ЧЫГЫМДАРДЫН ЧЕНЕМДЕРИ
Категориялар | Өлчөө бирдиги | Сумма |
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар | Күнүнө бир балага | 50дөн 110 сомго чейин |
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү чоң кишилер | Күнүнө бир чоң кишиге | 50дөн 100 сомго чейин |