Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014- жылдын 8-июлундагы № 381 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-октябрындагы № 565, 2017-жылдын 31-майындагы № 320 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Ушул Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттары (мындан ары - социалдык стандарттар) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Баланын жана майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясына, “Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө”, “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты.
2. Ушул социалдык стандарттар узак (6 айга чейинки мөөнөткө) жана убактылуу иштейт, менчигинин түрүнө карабастан жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде (мындан ары - социалдык тейлөө борборлору) социалдык кызматтарды көрсөтүүнүн көлөмүн, шарттарын жана тартибин белгилейт.
3. Социалдык тейлөө борборлору жарандардын төмөнкү категорияларына (мындан ары - кызматтарды алуучулар) сутканын күндүзгү маалында (күнүнө төрт сааттан он саатка чейин) социалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн арналган:
1) жарым-жартылай стационар шартында социалдык кызматтарды алууга муктаж болгон 1,5 жаштан 18 жашка чейинки, төмөнкүлөрдүн натыйжасында ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга:
- жеңил жана чектелген деңгээлдеги кем акылдык, анын ичинде тиешелүү адистештирилген мектеп- интернаттардын көмөкчү класстарында окуудан кыйналган, кыймылдоо функциялары одоно бузулган учурлар болгондо (бирөөнүн жардамысыз жыла албаган, кыймылдоосу абдан бузулгандыктан өзүн тейлей албаган, жеке карап багууну талап кылган адамдар);
- оор жана өтө оор абалдагы кем акылдык;
- мээнин органикалык жабыркоосунан кийинки кем акылдык;
2) жарым-жартылай стационар шартында социалдык кызматтарды алууга муктаж болгон 4төн 18 жашка чейинки таяныч-кыймылдоо аппараты бузулган балдарга;
3) жарым-жартылай стационар шартында социалдык кызматтарды алууга муктаж болгон, төмөнкүлөрдүн натыйжасында ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга (мындан ары - ДМЧА):
- жеңил жана чектелген деңгээлдеги кем акылдык, анын ичинде кыймылдоо функциялары одоно бузулган учурлар болгондо, бирөөнүн жардамысыз жыла албаган, кыймылдоосу абдан бузулгандыктан өзүн тейлей албаган, жеке карап багууну талап кылган;
- оор жана өтө оор абалдагы кем акылдык;
- мээнин органикалык жабыркоосунан кийинки кем акылдык;
4) жарым-жартылай стационар шартында социалдык кызматтарды көрсөтүүгө муктаж болгон таяныч- кыймылдоо аппараты бузулган ДМЧА.
Зарыл учурда социалдык тейлөө борборлору муктаж болгон кызмат алуучуларга түнөп кетүү кызматтарын көрсөтөт.
4. Социалдык тейлөө борборлорунда социалдык кызматтарды көрсөтүү көрсөтүлгөн кызматтардын комплекстүүлүк, толуктук жана өз убагында болуу, кызматтарды көрсөтүүдө басмырлоого жол бербөө, адамдык беделди кадырлоо, социалдык кызматтардын ачык жана жеткиликтүүлүк принциптеринде жүргүзүлөт.
5. Социалдык тейлөө борборлорунда ден соолукту чыңдоо жана социалдык-реабилитациялоо иш-чараларын өткөрүүгө багытталган зарыл болгон социалдык кызматтардын комплексин көрсөтүү жолу менен кызматтарды алуучуларга ар тараптуу жардам ишке ашырылат.
6. Социалдык кызматтар кызмат алуучуларды өнүктүрүү деңгээлин жогорулатууга, социалдаштырууга жана коомго интеграциялоого багытталган алардын жеке керектөөлөрүн эске алуу менен (курагын, оорусун, абалынын оордугун, жеке өнүгүү деңгээлин) өз убагында жана толук көлөмдө көрсөтүлөт.
7. Социалдык кызматтарды көрсөткөн учурда этностук тиешелүүлүк, жынысы, тили, курагы, билими, дин ишеними, расасы, саясий көз карашы, мүлктүк же башка абалы, майыптуулугу, теги, ошондой эле жана башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол берилбейт.
8. Социалдык тейлөө борборлорунда инсанга кол тийбестик жана кызмат алуучулардын коопсуздугу камсыздалат, ошондой эле жагымдуу моралдык- психологиялык климат түзүлөт.
9. Социалдык тейлөө борборлору кызмат алуучулар тууралуу маалыматтар базасын түзөт жана жүргүзөт. Кызмат алуучуларга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, мыйзамдуу өкүлдөрүнө социалдык кызматтардын көлөмдөрү жана түрлөрү, ички күн тартибинин эрежелери жөнүндө толук маалымат берилет.
10. Социалдык тейлөө борборлоруна кабыл алуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген баланын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жеке кайрылуусу боюнча;
2) ДМЧАнын жеке кайрылуусу боюнча;
3) ишке жарамсыз ДМЧАнын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жеке кайрылуусу боюнча;
4) саламаттык сактоонун, социалдык өнүктүрүүнүн аймактык уюмдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын жолдомосу боюнча.
11. Социалдык тейлөө борборлоруна кабыл алуу төмөнкү документтердин негизинде жүргүзүлөт:
1) кызмат алуучулардын жазуу жүзүндөгү арызы, ал эми жашы жете электер жана аракетке жөндөмсүз адамдар үчүн - мыйзамдуу өкүлүнүн жазуу жүзүндөгү арызы (ата-энелердин бири, камкорчу, көзөмөлчү), ушул социалдык стандарттын 1-тиркемесине ылайык форма боюнча;
2) баланын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн же паспорттун көчүрмөсү;
3) майыптуулук тууралуу медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкаты (корутундусу);
4) ушул социалдык стандарттын 2- тиркемесине ылайык форма боюнча медициналык картадан көчүрмө бөлүк;
5) саламаттык сактоонун, социалдык өнүктүрүүнүн аймактык уюмдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын жолдомосу.
12. Документтердин көчүрмөсү түп нускасы менен бирге берилет, алар салыштырылып текшерилгенден кийин арыз ээсине кайтарылат.
13. Социалдык тейлөө борборунун социалдык иштер боюнча адиси ушул социалдык стандарттардын 3-тиркемесине ылайык форма боюнча келип-кетүүсүн эсепке алуу журналын жүргүзөт.
14. Социалдык тейлөө борборуна түшкөн ДМЧАнын, анын ичинде баланын социалдык кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыгын аныктоо социалдык кызматкерлер, дарыгерлер (медкызматчылар), педагогдор жана социалдык тейлөө борборунун башка адистери (мындан ары - борбордун адистери) тарабынан жүргүзүлөт.
15. Кызматтарды алуучулардын керектөөлөрүн аныктоонун негизинде борбордун адистери тарабынан ушул социалдык стандарттын 4-тиркемесине ылайык форма боюнча борбордо болуу мөөнөтүнө карата ар бир кызмат алуучуга жеке иш планы иштелип чыгат.
16. Социалдык тейлөө борборунда эки айдан ашык мөөнөттө болгон кызмат алуучулардын жеке иш планы социалдык тейлөө борборуна түшкөн күндөн тартып он иш күндүн ичинде же мурдагы жеке пландын жарактуулук мөөнөтү аяктаганда аларга борбордун адистери байкоо жүргүзгөндөн кийин иштелип чыгат, кийинки үч иш күндүн ичинде толтурулат жана социалдык тейлөө борборунун жетекчиси тарабынан бекитилет.
Социалдык тейлөө борборунда болуу мөөнөтү эки айдан ашпаган кызмат алуучулардын жеке иш планы социалдык тейлөө борборуна түшкөн күндөн тартып эки иш күндүн ичинде кызмат алуучуларга байкоо жүргүзгөндөн кийин иштелип чыгат, кийинки бир иш күндүн ичинде толтурулат жана социалдык тейлөө борборунун жетекчиси тарабынан бекитилет.
17. Жеке иш планында берилген реабилитациялоочу иш-чаралар белгиленген мөөнөткө ылайык борбордун адистери тарабынан жүргүзүлөт.
18. Кызмат алуучулардын ден соолугунун абалынын өзгөрүүсүн борбордун адистери квартал сайын кароого тийиш.
19. Аткарылган иш-чараларды жана квартал сайын жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктарын борбордун адистери ар бир кызмат алуучуга өзүнчө толтурулган ушул социалдык стандарттын 5-тиркемесине ылайык формада жеке иш планын аткаруу (мониторинг) боюнча журналга жазышат.
20. Борбордун адистери мониторингдин жыйынтыгы боюнча зарыл учурда кызмат алуучулардын жеке иш планына оңдоо киргизет.
21. Жеке иш пландын ар бир пункту көрсөтүлгөн мөөнөттө жана толук көлөмдө аткарылууга тийиш.
22. Социалдык тейлөө борборунун социалдык иштер боюнча адиси жеке иш планын иштеп чыгуу ишин жана жеке иш планын аткаруу (мониторинг) боюнча журналды жүргүзүүнү координациялайт, алардын сапаттуу толтурулушуна жана өз убагында аткарылышына контроль жүргүзөт.
23. Көрсөтүлгөн социалдык кызматтардын сапаты социалдык тейлөө борборунун жетекчиси, социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бааланат. Зарыл учурда социалдык кызматтардын сапатын баалоого компетенттүү органдардын адистери, көз карандысыз эксперттер тартылат.
24. Социалдык тейлөө борборлору көрсөткөн кызматтардын сапатын баалоо критерийлери болуп өткөн отчеттук мезгилге салыштырмалуу сандын көбөйүүсү эсептелет:
1) инсандык өөрчүү деңгээли жогорулап калган балдар;
2) билим берүүнүн атайын түзөөчү уюмдарына которулган балдар;
3) коомго интеграцияланган таяныч-кыймылдоо аппаратынын бузулуулары бар балдар;
4) өз алдынча жашоого социалдаштырылган жана адаптацияланган кызмат алуучулар.
25. Социалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапаты ар бир кызмат алуучуга жеке иш планын аткаруунун негизинде бааланат.
26. Социалдык тейлөө борборлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 255 “Кыргыз Республикасынын калкына көрсөтүлүүчү кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкына көрсөтүлүүчү кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегинде каралган социалдык кызматтарды жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде көрсөтүүгө арналган.
27. Социалдык-тиричиликтик кызмат көрсөтүүлөргө талаптар:
- жайлар санитардык-гигиеналык ченемдерге жана эрежелерге, өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келүүгө, ошондой эле кызмат алуучулардын жашоосу үчүн ыңгайлуулуктарды камсыздоого тийиш:
1) социалдык тейлөө борборлорунда ушул социалдык стандарттын
6-тиркемесине ылайык минималдуу ченемдик көрсөткүчтөргө жараша жайлар каралат;
2) бир баланын уктай турган бөлмөсүнүн аянты 4,8 кв. метрден кем болбошу керек, бир улуу курактагы ДМЧАга - 6 кв. метрден кем эмес;
3) кызматтык жана өндүрүштүк жайлар телефон байланышы коюлуп жана коммуналдык-тиричилик ыңгайлуулук каражаттары менен камсыздалууга тийиш;
4) реабилитациялоочу жана дарылоо иш-чараларын уюштуруу үчүн берилген жайлар кызмат алуучулардын өзгөчөлүгүн эске алуу менен дарылоо-ден соолукту чыңдоо, дарылоо- эмгек, билим берүү, маданий жана тиричилик иш-чараларын өткөрүү үчүн адистештирилген жабдуулар менен камсыздалууга тийиш;
5) имарат жана ички жайлар ДМЧАлардын эркин кирүүсү жана жылуусу үчүн шаймандар (атайын сантүйүндөр, эмерек, полдун жабуусу) менен жабдылууга тийиш.
Эгерде социалдык тейлөө борбору стационардык типтеги уюмдун түзүмдүк бөлүнүшү болуп эсептелсе жана бул уюм менен бир аймакта же бир имаратта жайгашса, кызматтарды алуучуларга имаратка өзүнчө кирүүгө же өз алдынча келүүгө шарттар түзүлөт;
6) кызмат алуучуларга пайдаланууга берилген эмерек жана жууркан-төшөктөр кызмат алуучунун дене-бой абалын жана курагын эске алуу менен тандалууга тийиш;
7) 4 сааттан ашык шарттамда иштеген социалдык тейлөө борборлорунда бир жолку ысык тамак берилиши керек;
8) инсандык жана социалдык макамды калыбына келтирүүгө көмөк көрсөткөн колго жасоо чеберчилигин жана эмгек көндүмдөрүн калыптандыруу үчүн (оорунун жана/же майыптуулуктун өзгөчөлүгүн, кызмат алуучунун дене-бой абалын эске алуу менен) тиешелүү шарттар түзүлүүгө тийиш;
9) социалдык-тиричилик багытындагы кабинеттер балдарды өзүн-өзү тейлөө көндүмүнө, тиричиликке багыт берүү негиздерине окутуу үчүн (тамак жасоо, столду сервиздөө, идиш жууп-тазалоо, бөлмөнү/жайды тазалоо жана башка көндүмдөр) зарыл болгон тиричилик техникасы жана эмерек менен жабдылышы керек;
10) кызматтарды алуучуларды дарылануу, окуу, маданий иш-чараларга катышуу үчүн ташуу атайын автомобиль унаасы менен гана жүргүзүлүүгө тийиш;
11) ар бир кызмат алуучу өздүк гигиенанын керектүү предметтери менен (самын, тиш пастасы, тиш щеткасы, сүлгү, даарат кагаз, тарак) жекече камсыздалууга тийиш.
28. Социалдык-медициналык кызмат көрсөтүүлөргө коюлуучу талаптар:
- социалдык-медициналык кызматтар кызмат алуучулардын оорусунун мүнөзүн, медициналык көрсөткүчтөрүн, дене-бой жана психикалык абалын эске алуу менен көрсөтүлөт:
1) социалдык тейлөө борборуна кабыл алган учурда баштапкы медициналык кароо жана санитардык дарылоо жүргүзүлөт;
2) дарыгерге чейинки жардам өз убагында көрсөтүлүүгө тийиш жана алдын ала диагнозду коюуну, дары препараттарын туура тандоону жана чакырылган дарыгер келгенге чейин аларды кабыл алуу тартибин камсыздашы керек;
3) социалдык-медициналык маселелер (тамактануу жана турак-жай гигиенасы, ар кандай ооруулардын алдын алуу, психосексуалдык маселелер, курактык адаптация, курактык өзгөрүүлөр жана башка) боюнча кесиптик консультациялар берилет;
4) дарылоо-ден соолукту чыңдоо иш-чаралары кызмат алуучулардын денеге байланыштуу абалын, алардын жеке керектөөлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен жүргүзүлөт;
5) реабилитациялоочу иш-чаралар кызмат алуучулардын ден соолугунун абалын эске алуу менен жүргүзүлүшү керек, социалдык-чөйрөгө жана социалдык-тиричиликтик адаптацияга багытталган медициналык иш-чаралардын оптималдуу комплексинин аткарылышын камсыздайт;
6) кызмат алуучуларга медициналык-социалдык экспертизадан өтүүгө жардам көрсөтүлөт (күбөлөндүрүүдөн өтүү үчүн документтерди даярдоо жана топтоо, медициналык-социалдык эксперттик комиссияны тартуу, автоунаа берүү);
7) кызмат алуучуларды күн сайын кароо жана багуу ден соолугунун абалын, анын ичинде денесинин температурасын, артериялык кан басымын өлчөөнү, дарылоочу дарыгердин дайындоосуна ылайык дары берүү жана башка дарылоолорду эске алуу менен жүргүзүлөт.
29. Социалдык-психологиялык кызмат көрсөтүүлөргө талаптар:
1) ички ресурстарды ачуу, жекече мамилелерди жөнгө салуу, чыр-чатактарды болтурбоо жана жоюу боюнча кызмат алуучуларга психологиялык консультация берүү;
2) кызмат алуучулардын психикалык ден соолугун чыңдоого көмөк болуучу психологиялык жардам көрсөтүү, анын ичинде аңгемелешүү, пикир алмашуу, угуу, колдоо, активдүүлүккө мотивдештирүү, жашоо тонусун психологиялык колдоо, стресске туруктуулугун жана психикалык жактан корголуусун жогорулатуу;
3) кызмат алуучуларга такай байкоо жүргүзүүнүн негизинде социалдык-психологиялык патронаж өткөрүү;
4) психикалык дискомфорт же жекече пикир келишпестик жана кызмат алуучулардын абалын ырбата турган башка кырдаалдарды өз убагында аныктоону уюштуруу;
5) кызмат алуучулардын ден соолугуна жана психикасына терс таасирин тийгизе турган үй-бүлөдөгү чыр-чатактуу жана стресстүү кырдаалдарды болтурбоого багытталган психологиялык жардамды кызмат алуучулардын үй-бүлө мүчөлөрүнө көрсөтүү.
30. Социалдык-педагогикалык кызмат көрсөтүүлөргө талаптар:
1) социалдык-педагогикалык консультация берүү кызмат алуучуларга түшүнүү менен мамиле жасоо жана анын алдында турган социалдык-педагогикалык проблемаларды чечүү боюнча квалификациялык жардам көрсөтүүнү камсыздашы керек;
2) кызмат алуучунун ден-соолугунун абалын объективдүү баалоону аныктоо үчүн заманбап методдорду пайдалануу менен педагогикалык диагностика жана инсандыгын текшерүүнү өткөрүү;
3) ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды атайын окуу программалары боюнча окутууну уюштуруу;
4) кызмат алуучуларда өзүн-өзү тейлөө, өздүк гигиена, кыймылдоо, сенсордук көндүмдөрүн, тиричиликте жана коомдук жайлардагы жүрүм-турум, өзүн-өзү контролдоо, жеке керектөөлөрүнүн негизинде пикир алмашуу көндүмдөрүн түзүү боюнча иштерди жүргүзүү;
5) таяныч-кыймылдоо аппараты бузулган балдарды алардын курактык өзгөчөлүгүн, социалдык көндүмдөрүн жана өөрчүүсүн эске алуу менен (1,5дан 5 жашка чейин, 6дан 8 жашка чейин, 9дан 13 жашка чейин, 14төн 18 жашка чейин) топторго толушуна жараша бөлүштүрүү;
- алты адамдан ашык эмес – өзүн-өзү тейлөө жана өздүк гигиенанын жөнөкөй көндүмү жок болгон учурда (өз алдынча жыла алышпайт жана тамактана алышпайт) дайыма башка бирөөнүн багуусуна муктаж болушса;
- сегиз адамдан ашык эмес – өзүн-өзү тейлөө жана өздүк гигиена көндүмдөрү калыптанган (айрым бөлүгү калыптанган) шартта дайыма бирөөнүн багуусуна муктаж болгон учурда;
- он адамдан ашык эмес - калыптанган (айрым бөлүгү калыптанган) тиричилик көндүмдөрү болгон учурда;
- он эки адамдан ашык эмес - кол менен жасоонун калыптанган көндүмү болгон учурда (эмгектик багыттагы программаны ишке ашыруу үчүн топ алты адамдан турган топчолорго бөлүнөт).
31. Социалдык-укуктук кызмат көрсөтүүлөргө талаптар:
1) социалдык колдоо алуу укугу менен байланышкан маселелер боюнча, укуктардын жана кызыкчылыктардын мүмкүн болгон бузулууларынан коргоо ыкмалары жөнүндө кызмат алуучуларга жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө консультация берүүнү өткөрүү;
2) консультация социалдык-укуктук маселелерди (жарандык, турак-жайлык, үй-бүлөлүк, эмгектик, пенсиялык, кылмыш-жаза мыйзамдары) камтышы керек;
3) проблемалуу маселелерди практикалык чечүү үчүн зарыл болгон документтерди (арыз, даттануу, маалымкат ж.б.) даярдоого жана тиешелүү даректелүүчүлөргө жиберүүгө жардам көрсөтүү;
4) документтерди (паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, жеңилдиктерди, жөлөкпулдарды жана башка кепилденген социалдык төлөөлөрдү жана социалдык кызматтарды алууга ар кандай ырастамалар) тариздөөдө юридикалык жардам көрсөтүү;
5) кызмат алуучуга үй-бүлөдө болгон дене-бой жана психикалык зомбулукка күнөөлүү адамдарды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга керектүү документтерди даярдоо жолу менен көмөк көрсөтүү;
6) сот процесстерине юридикалык жардамды камсыздоо.
32. Социалдык-маданий кызмат көрсөтүүлөргө талаптар:
1) майрамдык иш-чараларды, мааракелерди, кызмат алуучулардын туулган күндөрүн, экскурсияларды өткөрүү, театрларга, кинотеатрларга, көргөзмөлөргө, концерттерге жана башка маданий жана бош убакытты өткөрүү иш-чараларына социалдык тейлөө борборунун жетекчиси бекиткен кварталдык планга ылайык баруу;
2) кызмат алуучулардын социомаданий жана рухий керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган өздүк көркөм чыгармачылык ийримдеринин ишин уюштуруу, пикир алмашуу чөйрөсүн кеңейтүү;
3) өткөрүлүүчү иш-чаралардын концерттеринин жана сценарийлеринин программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууга кызмат алуучуларды тартууну, алардын маданий кругозорун, чыгармачыл активдүүлүгүн өнүктүрүүнү камсыздоо.
32-1. Тамак-ашка талаптар:
1) ысык тамак-ашка жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу;
2) физиологиялык тамак-аш ченемдерин жетиштүү сандагы балансталган тамак-аш менен камсыз кылуусу ушул токтомдун 7-тиркемесинин негизинде жүргүзүлөт;
3) социалдык стандарттын 8-тиркемесине ылайык, чыгымдардын нормаларын азык-түлүк сатып алууга мамлекеттик жана муниципалдык жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген чоңдор жана балдар үчүн камсыз кылуу.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-октябрындагы № 565 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Социалдык тейлөө борборунда социалдык кызматтарды көрсөтүү төмөнкү учурларда токтотулат:
1) кызмат алуучулардын мыйзамдуу өкүлүнүн (ата-энесинин, камкорчунун, көзөмөлчүнүн биринин) жазуу жүзүндөгү арызы боюнча;
2) кызмат алуучулардын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча;
3) кызмат алуучу ички күн тартибинин эрежелерин системалуу түрдө (үч жолудан ашык) бузган учурда.
34. Социалдык кызматтарды көрсөтүүнү жаңылоо ушул социалдык стандарттын 3-бабында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
35. Кызматтарды алуучуларда социалдык тейлөө борборлорунда болууга медициналык каршы көрсөтмө болуп эсептелген оорулар пайда болгон учурда социалдык кызматтарды көрсөтүү убактылуу токтотулат.
Мындай учурда социалдык кызмат көрсөтүүнү жаңыртуу кызмат алуучулар социалдык тейлөө борборунда болууга медициналык каршы көрсөтмө болуп эсептелген оорулары жок экендигин тастыктаган медициналык документтерди бергенден кийин жүзөгө ашырылат.
36. Социалдык кызматтарды көрсөтүүнү токтотуу жана токтото туруу социалдык тейлөө борборунун жетекчисинин буйругунун негизинде жүзөгө ашырылат.
| Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарына 1-тиркеме |
Форма
Мени/менин
______________________________________________________________
(кызмат алуучунун аты-жөнү)
туулган жылы ___________ “______” ______________, жашаган дареги_____________
______________________________________________________________
(жарым-жартылай стационар тибиндеги уюмдун аталышы)
кабыл алууңузду өтүнөм, анткени социалдык тейлөө борборунун шартында социалдык кызматтарды алууга муктажмын (муктаж).
Төмөнкү документтерди тиркейм:
1)__________________________ 2)____________________
3)__________________________ 4)____________________
5)___________________________ 6)____________________
7)___________________________ 8)____________________
9)___________________________ 10)___________________
Социалдык тейлөө борборунун мекемесине, уюмуна кабыл алуу, жашоо жана чыгаруу шарттары жана ички күн тартибинин эрежелери менен тааныштым.
20___-жылдын "____" __________________________________________
(аты-жөнү, арыз ээсинин колу)
Документтерди _____________________________________ кабыл алды
(аты-жөнү, кызматы, колу)
20___-жылдын "____" ___________________
| Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарына 2-тиркеме |
Форма
(медициналык уюмдун аталышы)
Аты-жөнү________________________________________________________
Туулган күнү _______- жылдын “_____”___________
Үйүнүн дареги___________________________________________________
Ден соолугунун абалы: кыскача анамнез ( болгон оорулары тууралуу маалымат; айрым дары препараттарын, тамак-аш азыктарын көтөрө албоочулук ж.б.):
________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
медициналык кароо (негизги жана коштоочу диагнозду, козголгон ооруларынын болушун көрсөтүү) _______________________________________________________________
Эпидемиологиялык чөйрө тууралуу корутунду ___________________
_______________________________________________________________
Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары:_________________
________________________________________________________________
Дарыгердин корутундусу_____________________________________
________________________________________________________________
(жарым-жартылай стационар тибиндеги уюмдарда болууга медициналык карама-каршылыктардын жоктугу)
М.О.
Медициналык уюмдун жетекчиси:________________________________________________
(аты-жөнү, колу)
20 ____ -жылдын “_________”________________
| Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарына 3-тиркеме |
Форма
(социалдык тейлөө мекемесинин, борборунун аталышы)
№ | Кызмат алуучунун аты-жөнү | Датасы (күнү, айы) | Темасы | Социалдык кызматкердин аты-жөнү жана колу |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү:
Журнал календардык жылга ачылат, ал номерленүүгө, көктөлүүгө жана мөөр менен бекитилүүгө тийиш.
| Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарына 4-тиркеме |
Форма
Бекитемин:
____________________________________________________
(Жарым-жартылай стационар тибиндеги мекеменин,
уюмдун жетекчисинин аты-жөнү жана колу)
20____ жылдын “______” _____________
(социалдык тейлөө мекемесинин борборунун аталышы)
Жеке иш планы
Кызмат алуучунун аты-жөнү __________________________________
Туулган күнү жана жылы _____________________________________
Диагнозу ________________________________________________
Жарым-жартылай стационар тибиндеги мекемеге, уюмга келген күнү_________________________________________________________
Кызмат алгандарды байкоо _______________ тартып ____________ чейин жүргүзүлдү.
Жеке иш планы ______ тартып___________ чейинки мезгилге иштелип чыкты.
Кызмат алуучунун жеке керектөөсүнө ылайык дайындалган иш-чаралар (көрсөтүлгөн кызматтардын түрлөрүн жана көлөмүн көрсөтүү керек):
№ | Кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү | Кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү (жеке өткөрүлүүчү иш-чаралардын аталышы) | Дайындоону жүргүзгөн адистин аты-жөнү жана колу | Дайын-доо күнү |
1 | Социалдык-тиричиликтик |
|
|
|
| ||||
| Социалдык-медициналык |
|
|
|
| ||||
| Социалдык-психологиялык |
|
|
|
| ||||
| ||||
| Социалдык-педагогикалык |
|
|
|
| ||||
| Социалдык -эмгектик |
|
|
|
| ||||
| Социалдык-маданий |
|
|
|
| ||||
| Социалдык-экономикалык |
|
|
|
| ||||
| Социалдык-укуктук |
|
|
|
|
Жеке иш планы кайра каралган дата 20___-жылдын "___" _________
Социалдык иш боюнча адис ________________________________
________________________________________ ___________________
(аты-жөнү) (колу)
| Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарына 5-тиркеме |
Форма
Кызмат алуучулардын жеке иш планын аткаруу (мониторинг жүргүзүү) боюнча журнал
Кызмат алуучулардын аты-жөнү _______________________________
Туулган күнү жана жылы _____-жылдын "___" _____________
Диагнозу: _________________________________________________
"___" ________ тартып 20___-жылдын "__" _______ чейинки мезгилге иштелип чыккан жеке иш планына мониторинг жүргүзүү.
Кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга байкоо жүргүзүү мезгили:
"__" ___________ тартып 20___-жылдын "___" _________ чейин
№ | Кызмат алуучулардын абалы тууралуу белги, анын ичинде | Жеке иш планына оңдоо киргизүү жөнүндө чечим (кызмат көрсөтүүлөрдүн кандай түрү кайра каралууга тийиш экендигин көрсөтүү керек) | Мониторинг датасы | Мониторинг жүргүзгөн адистин аты-жөнү жана колу | |
| Позитив-дүү өзгөрүү-лөр бар (баяндап жазуу)* | Өзгөрүүлөр жок же абалында начарлоо бар (себептерин көрсөтүү керек) | |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
1 |
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
Социалдык иш боюнча адис ______________________________________
_____________________________________ _________________ (аты-жөнү) (колу)
Эскертүү:
(*) Кызмат алуучуларда позитивдүү өзгөрүүлөр байкалат:
- соматикалык, психикалык, эмоционалдык абалдарында;
- кыймыл-аракет, сенсордук, таанып-билүү, сүйлөө, коммуникативдик чөйрөлөрүндө;
- өзүн- өзү тейлөө көндүмдөрүн калыптандырууда, социалдык-тиричиликтик жана эмгектик адаптациялоодо жана социалдаштырууда.
| Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарына 6-тиркеме |
Форма
Жайлардын аталышы (кем эмес) | Саны |
- персонал үчүн бөлмө | 2 |
- бош убактысын өткөрүү бөлмөсү | 1 |
- түнкүсүн болуу борборлору үчүн уктоо бөлмөсү (эркектер үчүн, аялдар үчүн, балдар үчүн, кыздар үчүн) | 2 |
- дарылоо-дене тарбия менен машыгуу бөлмөсү | 1 |
сенсордук бөлмө | 1 |
оюн бөлмөсү | 1 |
эс алуу бөлмөсү | 1 |
медициналык бөлмө | 1 |
ашкана | 2 |
атайын жабдылган даараткана бөлмөсү | 2 |
Эскертүү: социалдык тейлөө борборунун аймагында атайын жабдылган оюн аянтчасы.
Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарына 7-тиркеме |
Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде (күндүз болуучу мекемелери, реабилитациялык борборлор) социалдык кызмат алган балдарга жана чоңдорго ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ФИЗИОЛОГИЯЛЫК ТАМАК-АШ ЧЕНЕМДЕРИ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-октябрындагы № 565, 2017-жылдын 31-майындагы № 320 токтомдорунун редакциясына ылайык)
№ | Тамак-аш азыктарынын аталышы | Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланын тамактануу ченеми (грамм менен) | Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү чоң кишинин тамактануу ченеми (грамм менен) |
1 | Буудай наны | 150 | 150 |
2 | Кара буудай наны | 150 | 150 |
3 | Буудай уну | 100 | 100 |
4 | Акшак (күрүч, сечка, гречка, перловка, төө буурчак, буурчак), макарон азыктары | 100 | 100 |
5 | Картөшкө | 400 | 400 |
6 | Жалпы жашылча, анын ичинде: |
|
|
7 | - кызылча | 140 | 140 |
8 | - сабиз | 80 | 80 |
9 | - капуста | 240 | 240 |
10 | - пияз | 60 | 60 |
11 | - сарымсак | 6 | 6 |
12 | Башка жашылчалар, анын ичинде: помидор, бадыраң | 200 | 200 |
13 | Жаңы жемиштер жана мөмөлөр | 140 | 140 |
14 | Кургатылган мөмөлөр | 50 | 50 |
15 | Ширелер (түрдүү) | 200 | 200 |
16 | Печенье | 80 | 80 |
17 | Конфеттер | 80 | 80 |
18 | Чай | 2 | 2 |
19 | Эт | 100 | 100 |
20 | Окорочка, канаттуулар | 100 | 100 |
21 | Сүт | 200 | 200 |
22 | Жумшак быштак | 50 | 50 |
23 | Томат пастасы | 5 | 5 |
24 | Жумшак май бутерброд үчүн | 20 | 20 |
25 | Каймак | 15 | 15 |
26 | Маргарин | 10 | 10 |
27 | Майонез | 30 | 30 |
28 | Малдын майы | 2 | 2 |
29 | Сыр | 10 | 10 |
30 | Шекер | 20 | 20 |
31 | Туз | 3 | 3 |
32 | Балык, деңиз азыктары | 100 | 100 |
33 | Жумуртка (даана) | 1 | 1 |
34 | Өсүмдүк майы | 20 | 20 |
35 | Кыям, джем, повидло | 25 | 25 |
36 | Кофе |
| 2 |
37 | Жашылча аралашмасы | 18 | 18 |
38 | Колбаса азыктары, сосиска | 100 | 100 |
39 | Соус үчүн ун | 10 |
|
40 | Ачыткы(*) |
|
|
41 | Туздалган бадыраң, помидор | 10 |
|
42 | Фарш | 100 | 100 |
Эскертүү:
- эт менен жасалуучу тамак-аш балык азыктары менен кезектештирип берилет;
- кыш мезгилинде негизинен кургатылган мөмө-жемиштер колдонулат (компот үчүн);
- сүт азыктары кезеги менен берилет (сүт, каймак, быштак, сыр);
(*) 8 кг унга 0,020 г ачыткы колдонулат.
|
| Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарына 8-тиркеме |
Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде азык-түлүк сатып алууга мамлекеттик жана муниципалдык чыгымдардын НОРМАЛАРЫ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-октябрындагы № 565, 2017-жылдын 31-майындагы № 320 токтомдурунун редакциясына ылайык)
Категориялар | Өлчөө бирдиги | Сумма |
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар | Күнүнө бир балага | 50дөн 110 сомго чейин |
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү чоң кишилер | Күнүнө бир чоң кишиге | 50дөн 100 сомго чейин |