Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-сентябры № 611
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 498 "Ички аудит боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасында ички аудитти өнүктүрүү максатында, "Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 498 "Ички аудит боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ички аудит боюнча кеңеш жөнүндө жободо:
- 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Кеңештин отуруму зарылдыгына жараша, бирок жылына эки жолудан кем эмес өткөрүлөт.";
- 19-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19. Кеңештин отурумуна ички аудит объектилеринин жетекчилери, ички аудит кызматынын жетекчилери, ошондой эле көз карандысыз эксперттер, кеңештин ишине эксперттик-консультациялык көмөк көрсөтүү жана сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн илимий жана башка консультанттар чакырылышы мүмкүн.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |