Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-июну № 335
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 180 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 180 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- жогорудагы көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген 1-тиркемеде:
5-саптагы "(гидрометео камсыздоо боюнча синоптик, гидропрогнозчу, агрометеоролог, метеоролог, гидролог, химик, прогнозчу, абанын булгануусу боюнча прогнозчу, маалыматтарды чогултуу системасы боюнча гидрохимик, байланыш, спутниктик жабдуу боюнча (радио) байланыш, тарамдык администратор, микроэлектрониктер, колдонмо программист, башка топторго кирбеген компьютер боюнча адис, программист, приборист, автоматтык станцияларды текшерүүчүлөр, электрик, механик, генератордук түзүлүштөрдү тейлөө, ААМС (Автоматтык агрометеорологиялык станция) жана АСЗС (Айлана-чөйрөнү булгоочу автоматтык станция) боюнча, АГС (Автоматтык гидрологиялык станция) боюнча, жырылып кетүү коркунучу бар көлдөр боюнча, техникалык коопсуздук жана эмгекти коргоо боюнча механик, куруучу, радиолокациялар боюнча методист, аэролог, полиграфист)" деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 5-1 - 5-3-саптары толукталсын:
"
5-1 | Экономист | 7000 |
5-2 | Финансист | 7000 |
5-3 | Бухгалтер | 7000 |
";
6-9 жана 14-саптарындагы "(радиобайланыш, метеоролог, агрометеоролог, гидролог, актинометрист, химик, лаборант)", "Чарба башчысы", "Кампа башчысы", "Жетекчинин катчысы, архивариус" жана "Матрос" деген сөздөр алып салынсын;
"Техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдардын маяналары" позициясында:
22-сабындагы "Электромонтер, басуучу, слесарь-сантехник, столяр, темир уста, слесарь, басуучу (документтерди мукабалоочу), газгенераторчу" деген сөздөрдөн кийин ", ширетүүчү" деген сөз менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 25-28-саптар менен толукталсын:
"
25 | Чарба башчысы | 5700 |
26 | Кампа башчысы | 5500 |
27 | Жетекчинин катчысы, архивариус | 4200 |
28 | Матрос | 5100 |
";
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерине карата КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР
№ | Кызматтардын аталышы | Квалификациялык талаптар |
1 | Гидрометеорология боюнча борбордун, көл обсерваториясы - окуу борборунун начальниги | Жогорку билим жана инженердик-техникалык кызматтарда 5 жылдан кем эмес же адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес жалпы иш стажы |
2 | Бириккен гидрометеорологиялык станциянын, кар көчкү станциясынын, аэрологиялык станциянын начальниги | Жогорку же атайын орто билим жана инженердик-техникалык кызматтарда 3 жылдан кем эмес же адистиги боюнча 2 жылдан кем эмес иш стажы |
3 | Бөлүмдүн начальниги | Жогорку же атайын орто техникалык билим жана техникалык кызматтардагы 3 жылдан кем эмес иш стажы |
4 | Метеостанциянын начальниги I разряддагы, II разряддагы, III разряддагы | Жогорку же атайын орто билим жана инженердик-техникалык кызматтардагы 2 жылдан кем эмес иш стажы |
5 | Инженер | Жогорку билим |
| 1-категориядагы | Адистиги боюнча 1 жылдан кем эмес иш стажы |
2-категориядагы | Иш стажына талап коюлбайт | |
категориясыз | ||
5-1 | Экономист | Жогорку билим жана бюджеттик мекемелердеги 3 жылдан кем эмес иш стажы |
5-2 | Финансист | Жогорку билим жана бюджеттик мекемелердеги 3 жылдан кем эмес иш стажы |
5-3 | Бухгалтер | Жогорку же атайын орто билим жана 1 жылдан кем эмес иш стажы |
6 | Техник | Жогорку же атайын орто билим |
| жогорку категориядагы | Инженердик-техникалык кызматтардагы 1 жылдан кем эмес иш стажы |
| 1-категориядагы | Иш стажына талап коюлбайт |
| категориясыз | |
7 | Кампа башчысы, чарба башчысы | Жогорку билим же атайын орто билим жана адистиги боюнча 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы |
8 | Жетекчинин катчысы, архивариус | Жогорку же атайын орто билим, иш стажына талап коюлбайт |
9 | Капитан | Жогорку же атайын орто билим жана инженердик-техникалык кызматтардагы 3 жылдан кем эмес иш стажы |
10 | Биринчи штурман | |
11 | Кеменин механиги | Атайын орто билим жана инженердик-техникалык кызматтардагы 1 жылдан кем эмес иш стажы |
12 | Кеменин кезектешме механиги |