Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-апрели № 180
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиктин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-июнундагы № 335 , 2017-жылдын 30-декабрындагы № 849 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиктин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиктин (мындан ары - Агенттик) мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү 1-тиркемеге ылайык;
- Агенттиктин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерине карата квалификациялык талаптар 2-тиркемеге ылайык;
- Агенттиктин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлеринин иш стажын белгилөө жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;
- Агенттиктин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлеринин иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк 4-тиркемеге ылайык.
2. Агенттиктин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерине:
- кызматтык маянасынын 50 пайызга чейинки өлчөмүндө өзгөчө маанилүү иштерди аткаргандыгы үчүн үстөк;
- эмгек өргүүсүнө чыккан учурда ден соолугун чыңдоого эмгек акынын эки айлык фонду өлчөмүндө жөлөкпул;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу жана алыскы жерлердеги иши үчүн райондук коэффициент төлөнө тургандыгы белгиленсин.
3. Агенттиктин директоруна төмөнкүдөй укук берилсин:
- өзгөчө маанилүү иштерди аткаргандыгы үчүн Агенттиктин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерине кызматтык маянасынын 50 пайызга чейинки өлчөмүндө үстөк белгилөө;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 849 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Мында стимулдаштырууга төлөөлөрдүн өлчөмү Агенттиктин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлеринин эки орточо айлык акысынан ашпоого тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 849 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-сентябрындагы № 457 "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жумушчуларынын эмгегине акы төлөө боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомунун колдонулушу 2015-жылдын 1-майынан тартып Агенттиктин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерине жайылтылбай тургандыгы белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө ушул токтомдон келип чыккан чыгымдарды эсепке алсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы № 561 "Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун бешинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология агенттигинин кызматкерлеринин, ошондой эле" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-пункттун үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология агенттигинин кызматкерлерине," деген сөздөр алып салынсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-июлундагы № 502 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин эмгек акысын тартипке келтирүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
8. Ушул токтом 2015-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.
9. Ушул токтом расмий жалпы маалымат каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиктин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-июнундагы № 335 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Кызмат ордуларынын аталышы | Кызматтык маянасы (сом менен) |
1. Агенттиктин инженердик-техникалык курамы | ||
1 | Гидрометеорология, көл обсерваториясы боюнча борбордун - окуу борборунун (I разряддагы станциянын) начальниги | 8000 |
2 | Бириккен гидрометеорологиялык станциянын, кар көчкү станциясынын, аэрологиялык станциянын (I разряддагы станциянын) начальниги | 7500 |
3 | Материалдык-техникалык камсыздоо жана транспорт бөлүмүнүн начальниги | 7000 |
4 | Метеостанциянын (II разряддагы станциянын) начальниги | 7000 |
(III разряддагы станциянын-метеопосттун, гидропосттун, агрометеопосттун) начальниги | 6100 | |
5 | Инженер | |
- 1-категориядагы | 7000 | |
- 2-категориядагы | 6500 | |
- категориясыз | 6300 | |
5-1 | Экономист | 7000 |
5-2 | Финансист | 7000 |
5-3 | Бухгалтер | 7000 |
6 | Техник | |
- жогорку категориядагы | 6000 | |
- биринчи категориядагы | 5500 | |
- категориясыз | 5300 | |
7 | (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-июнундагы № 335 токтомуна ылайык алынып салынды) | |
8 | (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-июнундагы № 335 токтомуна ылайык алынып салынды) | |
9 | (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-июнундагы № 335 токтомуна ылайык алынып салынды) | |
10 | Илимий-изилдөө кемесинин капитаны | 6500 |
11 | Катердин капитаны | 6300 |
12 | Штурман | 6000 |
13 | Механик, кеменин кезектешме механиги | 5800 |
14 | (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-июнундагы № 335 токтомуна ылайык алынып салынды) | |
2. Техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдардын маяналары | ||
15 | Автомобиль транспортунун диспетчери (атайын-орто билимден кем эмес) | 5100 |
16 | 3 тоннага чейин жүк көтөрүүчү бардык типтеги жана маркадагы транспорттун айдоочулары | 4800 |
17 | Жеңил автомобиль жана 3 же андан ашык тонна жүк көтөрүүчү автомашиналардын автожүктөөчү, атайын автомобилдердин айдоочулары | 5000 |
18 | Радиооператор | 4000 |
19 | Байланыш оператору | 4000 |
20 | ЭЭМдин оператору | 4000 |
21 | Гидрометеорологиялык посттордун, айлана-чөйрөнүн булгануусу пункттарынын байкоочулары | 4000 |
22 | Электромонтер, басуучу, слесарь-сантехник, столяр, темир уста, слесарь, басуучу (документтерди мукабалоочу), газгенераторчу, ширетүүчү | 3800 |
23 | Имаратты тейлөө жана учурдагы оңдоо боюнча жумушчу, күзөтчү (вахтер), кызматтык жайларды, өндүрүштүк жайларды жана айлананы тазалагыч, от жагуучу, кладовщик | 2500 |
24 | Чабарман, короо шыпыргыч, багбан | 2700 |
25 | Чарба башчысы | 5700 |
26 | Кампа башчысы | 5500 |
27 | Жетекчинин катчысы, архивариус | 4200 |
28 | Матрос | 5100 |
Эскертүү.
1. Тоолордогу карларды сүрөткө түшүрүү өндүрүшү боюнча, кар көчкүлөрдүн, мөңгүлөрдүн, селдин пайда болушун, кыймылын жана жасалма түшүрүүлөргө байкоо жүргүзүү боюнча, агрометеорологиялык иштерди жүргүзүүдө жер кыртышын бургулоо үчүн жана гидрометеорологиялык процесстерге активдүү таасир этүү боюнча иштерге түздөн-түз катышкан учурда кызматтык маянасына кызматтык маянасынын 30 пайыз өлчөмүндө үстөк кошуу колдонулат.
2. Самолеттун (вертолеттун) бортунда борттук байкоочу катары иш аткарган учурда учуучу аппараттын командирине эмгек акы төлөө үчүн каралган сааттык километрдик эсеп ставкаларына 60 пайыз өлчөмүндө учкан сааттары үчүн акы төлөнөт.
3. Техникалык кызматкерлерге жана кенже тейлөө персоналына төмөнкүдөй төлөөлөр каралат:
- түнкү күзөт убагындагы иши үчүн тийиштүү кызматтын сааттык тарифтик ставка өлчөмүндө 50 пайыз кошумча акы белгиленет;
- кесиптик чеберчилиги үчүн операторлорго, жумушчуларга тиешелүү кызматтык маяналарынын төмөнкүдөй өлчөмүндө дифференцияланган кошумча акы төлөөсү белгиленет: 4-разряд - 15 пайыз, 5-разряд - 20 пайыз жана 6-разряд - 25 пайыз;
- кызматтык жайларды тазалагычтарга синтетикалык жуугучтарды жана дезинфекциялык каражаттарды колдонгон иши үчүн кызматтык маяналарынын 25 пайызга чейинки өлчөмдө кошумча үстөк белгиленет;
- жүктөө жана жүк түшүрүү иштери үчүн айдоочуларга кызматтык маянасынын 20 пайыз өлчөмдө үстөк төлөнөт;
- автомобиль айдоочуларга айдоочу катары иштеген иш жүзүндөгү убактысы үчүн кызматтык маянасынын 25 пайызга чейинки өлчөмүндө ченемделбеген жумушчу күнү үчүн үстөк төлөнөт.
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерине карата КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-июнундагы № 335 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Кызматтардын аталышы | Квалификациялык талаптар |
1 | Гидрометеорология боюнча борбордун, көл обсерваториясы - окуу борборунун начальниги | Жогорку билим жана инженердик-техникалык кызматтарда 5 жылдан кем эмес же адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес жалпы иш стажы |
2 | Бириккен гидрометеорологиялык станциянын, кар көчкү станциясынын, аэрологиялык станциянын начальниги | Жогорку же атайын орто билим жана инженердик-техникалык кызматтарда 3 жылдан кем эмес же адистиги боюнча 2 жылдан кем эмес иш стажы |
3 | Бөлүмдүн начальниги | Жогорку же атайын орто техникалык билим жана техникалык кызматтардагы 3 жылдан кем эмес иш стажы |
4 | Метеостанциянын начальниги I разряддагы, II разряддагы, III разряддагы | Жогорку же атайын орто билим жана инженердик-техникалык кызматтардагы 2 жылдан кем эмес иш стажы |
5 | Инженер | Жогорку билим |
| 1-категориядагы | Адистиги боюнча 1 жылдан кем эмес иш стажы |
2-категориядагы | Иш стажына талап коюлбайт | |
категориясыз | ||
5-1 | Экономист | Жогорку билим жана бюджеттик мекемелердеги 3 жылдан кем эмес иш стажы |
5-2 | Финансист | Жогорку билим жана бюджеттик мекемелердеги 3 жылдан кем эмес иш стажы |
5-3 | Бухгалтер | Жогорку же атайын орто билим жана 1 жылдан кем эмес иш стажы |
6 | Техник | Жогорку же атайын орто билим |
| жогорку категориядагы | Инженердик-техникалык кызматтардагы 1 жылдан кем эмес иш стажы |
| 1-категориядагы | Иш стажына талап коюлбайт |
| категориясыз | |
7 | Кампа башчысы, чарба башчысы | Жогорку билим же атайын орто билим жана адистиги боюнча 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы |
8 | Жетекчинин катчысы, архивариус | Жогорку же атайын орто билим, иш стажына талап коюлбайт |
9 | Капитан | Жогорку же атайын орто билим жана инженердик-техникалык кызматтардагы 3 жылдан кем эмес иш стажы |
10 | Биринчи штурман | |
11 | Кеменин механиги | Атайын орто билим жана инженердик-техникалык кызматтардагы 1 жылдан кем эмес иш стажы |
12 | Кеменин кезектешме механиги |
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиктин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлеринин иш стажын белгилөө жөнүндө ЖОБО
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиктин (мындан ары - Агенттик) мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлердин иштеген жылдарын белгилөөнүн жана иш стажына үстөк төлөөнүн тартибин аныктайт.
2. Агенттиктин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлердин иш стажы иштеген убактысын эске алуу менен белгиленет:
- мамлекеттик органдарда, ошондой эле ведомстволук мекемелерде, мамлекеттик башкаруунун борбордук мамлекеттик органдарынын уюмдарында жана ишканаларында, министрликтерде, мамлекеттик комитетте, администрациялык ведомстволордо;
- мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, профсоюз уюмдарынын бошотулган кызматкерлери катары шайлоо кызматтарда;
- кайра даярдоочу, кадрлардын квалификациясын жогорулатуучу окуу жайларында кызматкерлердин окуусу, эгер алар окууга тапшырганга чейин Агенттикте иштешсе;
- мөөнөттүү аскер кызматы;
- сот органдарында жана прокуратура органдарында иштери;
- баланын мыйзамда белгиленген куракка жеткенге чейин бала багуу өргүүсүнө байланыштуу.
3. Үстөктөрдү төлөө үчүн иш стажы эмгек стажын белгилөө боюнча комиссия тарабынан аныкталат. Комиссиянын курамына төмөнкүлөр эскириши керек: Агенттиктин жетекчиси, анын орун басары, кадрлардын жана юридикалык кызматтардын өкүлдөрү жана профсоюз комитетинин уюмдарынын өкүлдөрү же башка өкүлчүлүк органдын кызматкерлери. Комиссиянын курамы Агенттиктин жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
4. Иш стажын аныктоо үчүн негиз болуп эмгек китепчеси эсептелет. Эмгек китепчесинин жоктугу жана эмгек китепчесинде керектүү жазуу жок болгон учурда же иштеген мезгили жөнүндө так эмес жазуу болсо, иштеген жылдарын ырастоо үчүн маалымкат, буйруктун көчүрмөсү, иштеген мезгили жөнүндө маалымат камтыган энчилүү эсеби кабыл алынат.
5. Үстөктөрдү белгилөө жөнүндө комиссиянын чечими протокол менен таризделет.
6. Комиссиянын чечиминин көчүрмөсү эки нускада даярдалат жана бухгалтерияга - кошумча төлөмдү эсептөө үчүн жана кадрдык кызмат бөлүмүнө - кызматкердин өздүк көктөмөсүнө жалпылоо үчүн жөнөтүлөт.
4-тиркеме
Агенттиктин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлеринин иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк
№ | Иш стажы | Үстөктүн өлчөмдөрү (пайыз менен) |
1 | 1 жылдан 3 жылга чейин | 5 |
2 | 3 жылдан 5 жылга чейин | 10 |
3 | 5 жылдан 10 жылга чейин | 15 |
4 | 10 жылдан 15 жылга чейин | 20 |
5 | 15 жылдан 20 жылга чейин | 25 |
6 | 20 жылдан 25 жылга чейин | 30 |
7 | 25 жылдан жогору | 40 |