Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралындагы № 44 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-сентябры № 612
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын аскердик башка түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Аскер кызматкерлеринин тамактануусун жакшыртуу максатында, "Аскер кызматкерлеринин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын аскердик башка түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктундагы "жалпы аскердик кургак паек" деген сөздөр "мыйзамда аскер кызматы каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын аскердик түзүмдөрү (Куралдуу Күчтөрдүн курамына кирбеген) үчүн кургак паек" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматкерлери үчүн кургак паек | 10-норма - 3588 ккал кем эмес (10-тиркеме) |
";
- аталган токтомдун 6-тиркемесиндеги "жалпы аскердик кургак паек" деген сөздөр "мыйзамда аскер кызматы каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын аскердик түзүмдөрү (Куралдуу Күчтөрдүн курамына кирбеген) үчүн кургак паек" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 10-тиркеме менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамына кирген мамлекеттик органдар ушул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдарды республикалык бюджетте тийиштүү жылга каралган каражаттардын чектеринде төлөшсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Тиркеме
"10-тиркеме
10-норма (Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматкерлери үчүн кургак паек)
№ | Азыктардын аталышы | Азыктар, грамм | Калориялуулугу, ккал |
1 | Ж/с ундан жасалган галеттер | 300 | 1245 |
2 | Эт өсүмдүк консервалары | 500 | 1176 |
3 | Эт консервалары | 325 | 708 |
4 | Рафинад канты | 120 | 455 |
5 | Чай | 4 | 4 |
| Жалпы калориялуулугу: |
| 3588 |