Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 16-февралы № 44
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын, ошондой эле Советтер Союзунун Баатыры Асанов Даир Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучуларынын азык-түлүк паегунун ченемдери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-августундагы N 479 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын, ошондой эле Советтер Союзунун Баатыры Асанов Даир Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучуларынын тамактануусун уюштурууну тартипке келтирүү жана жакшыртуу максатында, "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларына азык-түлүк паекторунун төмөнкүдөй ченемдери белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчылары үчүн - "жалпы аскердик поек" № 1 ченеми, 1-тиркемеге ылайык;
2) аскер госпиталдарында дарыланып жаткан аскер кызматчылары үчүн - "дарылык поек" № 2 ченеми, 2-тиркемеге ылайык;
3) мамлекеттик чек араны кайтаруу маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чек ара наряддарынын курамында түнкү убакта кызмат өтөөчү аскер кызматчылары, ошондой эле жазаларды аткаруу маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу органдын түнкү убакта кызмат өтөөчү аскер кызматчылары үчүн - "түнкү поек" № 5 ченеми, 5-тиркемеге ылайык;
4) учуучу аппараттардын экипаждарынын штаттык эсептерине кирген учкучтар курамынын аскер кызматчылары үчүн - "учкучтук паек" № 6 ченеми, 6-тиркемеге ылайы
5) туруктуу жайгашкан пункттардан тышкары жүргөн бардык категориядагы аскер кызматчылары үчүн, алар талаа же башка шарттарда тапшырмаларды аткарууда ысык тамак-аш даярдоо мүмкүн болбогон же кыйынчылык туудурган учурда - "тамактануунун жеке рациону" № 8 ченеми, 8-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-августундагы N 479 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Советтер Союзунун Баатыры Асанов Даир Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучуларына № 7 ченем боюнча азык-түлүк поегу 7-тиркемеге ылайык белгиленсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын аскердик башка түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-октябрындагы № 782 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 токтомуна толуктоолор киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 7-августундагы № 553 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-июлундагы № 138 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматкерлеринин азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-мартындагы № 150 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматкерлеринин азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-сентябрындагы № 537 "Советтер Союзунун Баатыры Асанов Дайыр Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучуларынын тамактануусунун суткалык ченеми жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 700 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 10-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 306 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-июлундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-сентябрындагы № 537 "Советтер Союзунун Баатыры Асанов Дайыр Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучуларынын тамактануусунун суткалык ченеми жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 34 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын аскердик башка түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын аскердик башка түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 612 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын аскердик башка түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 91 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын аскердик башка түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
4. Ушул токтом 2021-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | У.А. Марипов |
1-тиркеме |
"Жалпы аскердик поек" № 1 ченеми
№ | Азыктардын аталышы | Суткасына ченем, грамм |
1 | 1-сорттогу буудай унунан нан | 400 |
2 | 2-сорттогу буудай унунан нан | 350 |
3 | 2-сорттогу буудай уну | 10 |
4 | Ар түрдүү акшак | 80 |
5 | Күрүч | 30 |
6 | Макарон азыктары | 90 |
7 | 1-категориядагы уй эти (жылкы, уй, кой, топоз эти) | 200 |
8 | Жарым-жартылай ышталган колбаса | 50 |
9 | Балык | 120 |
10 | Тоок жумурткасы (бүтүн) жумасына даана | 2 |
11 | Катуу сорттогу сыр | 15 |
12 | Уйдун майы | 30 |
13 | Өсүмдүк майы | 50 |
14 | Кумшекер | 65 |
15 | Жаңы картөшкө | 600 |
16 | Капуста | 150 |
17 | Кызылча | 40 |
18 | Пияз | 45 |
19 | Сабиз | 40 |
20 | Бадыраң, помидор, жашылчалар | 40 |
21 | Томат пастасы | 6 |
22 | Туз (йоддолгон) | 30 |
23 | Чай | 1,2 |
24 | Лавр жалбырагы | 0,2 |
25 | Калемпир | 0,3 |
26 | Уксус | 2 |
27 | Кургатылган жемиш | 30 |
28 | Коюлтулган сүт | 30 |
29 | Ширелер (жаңы жемиштер) | 100 |
Жалпы калориялуулугу, ккал | 5325,65 | |
Эскертүү:
1. Деңиз деңгээлинен 2000 метрден 3000 метрге чейинки бийиктикте (тоолуу жер) болгон учурда, "Жалпы аскердик поек" № 1 ченемине кошумча суткасына 1 адамга төмөнкүлөр берилсин:
- 1-сорттогу буудай унунан нан | - 50 грамм; |
- кара буудай унунан нан | - 50 грамм; |
- кумшекер | - 5 грамм. |
2. Деңиз деңгээлинен 3000 метрден жогорку бийиктикте (бийик тоолуу жер) болгон учурда "Жалпы аскердик поек" № 1 ченемине кошумча суткасына 1 адамга төмөнкүлөр берилсин:
- кара буудай унунан нан | - 100 грамм; |
- ар түрдүү акшак | - 20 грамм; |
- жарым-жартылай ышталган колбаса | - 20 грамм; |
- кумшекер | - 10 грамм. |
|
| 2-тиркеме |
"Дарылык поек" № 2 ченеми
№ | Азыктардын аталышы | Суткасына 1 адамга ченем, грамм |
1 | 2-сорттогу буудай унунан нан | 250 |
2 | 1-сорттогу буудай унунан нан | 400 |
3 | 2-сорттогу буудай уну | 10 |
4 | Ар түрдү акшак | 90 |
5 | Күрүч | 30 |
6 | Макарон азыктары | 50 |
7 | 1-категориядагы уй эти | 150 |
8 | Канаттуулардын эти (1-категориядагы тазаланган тоок) | 50 |
9 | Балык | 100 |
10 | Уйдун майы | 30 |
11 | Өсүмдүк майы | 40 |
12 | Уйдун сүтү | 200 |
13 | 20% каймак | 50 |
14 | Быштак | 30 |
15 | Кумшекер | 65 |
16 | Жаңы картөшкө | 600 |
17 | Капуста | 150 |
18 | Кызылча | 40 |
19 | Сабиз | 40 |
20 | Баш пияз | 45 |
21 | Бадыраң, помидор, жашылчалар | 40 |
22 | Томат пастасы | 6 |
23 | Картошка крахмалы | 5 |
24 | Туз (йоддолгон) | 30 |
25 | Чай | 1,2 |
26 | Накта кофе | 2,5 |
27 | Лавр жалбырагы | 0,2 |
28 | Калемпир | 0,3 |
29 | Уксус | 2 |
30 | Кургатылган жемиштер | 30 |
Жалпы калориялуулугу, ккал | 3904 | |
|
| 3-тиркеме |
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-августундагы N 479 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
|
| 4-тиркеме |
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-августундагы N 479 токтомунун редакциясына ылайык күчун жоготту)
|
| 5-тиркеме |
"Түнкү поек" № 5 ченеми
№ | Азыктардын аталышы | Суткасына 1 адамга ченем, грамм |
1 | Буудай наны | 100 |
2 | Жарым-жартылай ышталган колбаса же ышталган эттер | 30 |
3 | Уйдун майы | 15 |
4 | Кумшекер | 20 |
5 | Печенье | 20 |
6 | Чай | 0,5 |
Жалпы калориялуулугу, ккал | 444,04 | |
|
| 6-тиркеме |
"Учкучтук поек" № 6 ченеми
№ | Азыктардын аталышы | Суткасына 1 адамга ченем, грамм |
1 | 2-сорттогу буудай унунан нан | 250 |
2 | 1-сорттогу буудай унунан нан | 300 |
3 | 1-сорттогу буудай уну | 40 |
4 | Ар түрдүү акшак | 50 |
5 | Күрүч | 30 |
6 | Макарон азыктары | 40 |
7 | Эт | 250 |
8 | Канаттуулардын эти (1-категориядагы тазаланган тоок) | 50 |
9 | Балык | 100 |
10 | Малдын майы, маргарин | 20 |
11 | Жарым-жартылай ышталган колбаса же ышталган эттер | 25 |
12 | Өсүмдүк майы | 20 |
13 | Уйдун майы | 60 |
14 | Уйдун сүтү | 200 |
15 | 20% каймак | 50 |
16 | Быштак | 30 |
17 | Коюлтулган сүт шекери менен | 20 |
18 | Катуу сорттогу сыр | 15 |
19 | Тоок жумурткасы, даана | 1 |
20 | Кумшекер | 80 |
21 | Тамак-аш тузу | 20 |
22 | Чай | 1,2 |
23 | Накта кофе | 2,5 |
24 | Лавр жалбырагы | 0,2 |
25 | Калемпир | 0,3 |
26 | Горчица күкүмү | 1 |
27 | Уксус | 2 |
28 | Томат пастасы | 10 |
29 | Картошка крахмалы | 5 |
30 | Ныкталган камыр ачыткылар | 0,5 |
31 | Картошка | 550 |
32 | Капуста | 120 |
33 | Кызылча | 30 |
34 | Сабиз | 40 |
35 | Түрп | 30 |
36 | Пияз | 50 |
37 | Сарымсак | 15 |
38 | Бадыраң, помидор, тамырлар, жашылчалар | 110 |
39 | Кургатылган жемиштер | 30 |
40 | "Гексавиг" поливитаминдүү препараты, драже | 1 |
Жалпы калориялуулугу, ккал | 4418 | |
|
| 7-тиркеме |
№ 7 ченем Советтер Союзунун Баатыры Асанов Даир Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучулары үчүн тамактануу ченеми
№ | Азыктардын аталышы | Суткасына 1 адамга ченем, грамм |
1 | Кесек тартылган кара буудайдын жана 1-сорттогу буудай унунун аралашмасынан нан | 250 |
2 | 1-сорттогу буудай унунан ак нан | 400 |
3 | Печенье | 20 |
4 | 1-сорттогу буудай уну | 30 |
5 | Ар түрдүү акшак (анын ичинде буурчактан жасалган) | 70 |
6 | Күрүч | 35 |
7 | Макарон азыктары | 30 |
8 | Эт | 150 |
9 | Балык | 100 |
10 | Өсүмдүк майы | 30 |
11 | Уйдун майы | 35 |
12 | Уйдун сүтү | 200 |
13 | Каймак | 25 |
14 | Быштак | 25 |
15 | Катуу сорттогу сыр | 10 |
16 | Тоок жумурткасы, даана | 1 |
17 | Кумшекер | 65 |
18 | Туз (йоддолгон) | 20 |
19 | Чай | 1 |
20 | Кофе суусундугу же какао (күкүм) | 4 |
21 | Лавр жалбырагы | 0,2 |
22 | Калемпир | 0,3 |
23 | Горчица күкүмү | 0,3 |
24 | Уксус | 2 |
25 | Томат пастасы | 6 |
26 | Картошка крахмалы | 5 |
27 | Ныкталган камыр ачыткылар | 0,1 |
28 | Картошка | 400 |
29 | Капуста | 100 |
30 | Кызылча | 30 |
31 | Сабиз | 50 |
32 | Пияз | 40 |
33 | Сарымсак | 10 |
34 | Бадыраң, помидор, тамырлар, жашылчалар | 40 |
35 | Кургатылган жемиштер | 20 |
36 | Жаңы жемиштер (1-июлдан тартып 1-декабрга чейин берилсин) | 200 |
37 | Мөмө-жемиштер кыямы же джем | 20 |
38 | "Гексавит" полувитаминдүү препараты, драже (15-апрелден тартып 15-июнга чейин берилсин) | 1 |
Жалпы калориялуулугу, ккал | 4006 | |
8-тиркеме |
"Тамактануунун жеке рациону" № 8 ченеми
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-августундагы N 479 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Азыктардын аталышы | Суткасына 1 адамга ченем, грамм |
1 | 1-сорттогу буудай унунан аскердик галеттер | 300 |
2 | Ассортименттеги эт консервалары | 325 |
3 | Ассортименттеги эт-өсүмдүк консервалары | 750 |
4 | Ассортименттеги паштет | 100 |
5 | Стерилденген эритилген сыр | 80 |
6 | Мөмө кыямы | 45 |
7 | Ассортименттеги мөмө батончиги | 70 |
8 | Ассортименттеги накта шире | 200 |
9 | Ассортименттеги кактар | 50 |
10 | Накта бал | 20 |
11 | Кара чай | 6 |
12 | Накта эрүүчү кофе | 2 |
13 | Тез эрүүчү кургак сүт | 2 |
14 | Кумшекер | 60 |
15 | Аскорбин кислотасы | 1 таб. |
Жалпы калориялуулугу, ккал | 4125 | |
Тамактануунун жеке рационуна комплекттөөчүлөр | ||
1 | Сууну дезинфекциялоочу таблеткалар | 3 таб. |
2 | Портативдүү жылыткыч (комплектте кургак спирт түрүндөгү 4 даана күйүүчү таблетка) | 1 к-т |
3 | Сууга жана шамалга туруктуу ширеңке (1 таңгакта 6 даана) | 1 таңг. |
4 | Дезинфекциялоочу салфеткалар | 3 даана |
5 | Кагаз майлык | 3 даана |
6 | Желим кашык | 3 даана |
7 | Желим бычак | 2 даана |
Эскертүү: Тамактануунун жеке рациону 3 суткага же андан ашык мөөнөткө берилген учурда ассортименттеги эт консервалары ассортименттеги концентрацияланган шорпого алмаштырылсын.