Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-июну № 341
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.К.Жеенчороев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-июнундагы № 341 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Мыйзамына) өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.К.Жеенчороев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Аталган мыйзамдын долбоору менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына саясый партиялардын шайлоо штабынын мүчөлөрү, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары катары, ошондой эле шайлоочулардын колун жыйноо жана шайлоо алдындагы компанияны жүргүзүү мезгилинде (шайлоонун дайындалышы жөнүндө чечим жарыяланган күндөн тартып, шайлоонун жыйынтыгын расмий жарыялаган күнгө чейин) шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү боюнча иштерди аткаргандыгы үчүн жарандардын эмгегине (кызмат көрсөтүүсүнө) саясий партиялардын шайлоо фонддорунан, Президенттикке талапкерлердин фонддорунан жана айылдык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин фонддорунан берилүүчү төлөмдөрдү салык салуудан жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнөн бошотуу жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жатат.
Ошону менен бирге эле, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 55-беренесине ылайык жарандар мыйзамда каралган учурларда жана тартипте салыктарды, жыйымдарды төлөөгө милдеттүү.
Ошондой эле, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесине ылайык, шайлоо фонддорунун каражаттарына, ушул фонддорго ыктыярдуу кайрымдуулук менен берилген жана чегерилген каражаттарга, ошондой эле бул фонддордун чыгымдарына салык салуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленерин белгилеп кетебиз.
Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында дагы, уюштуруу-укуктук формаларына, ишинин түрүнө, баш ийүүсүнө жана менчигинин формасына карабастан салык салуу субъекттерине бирдей мамиле болушу керектиги каралган жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 5-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары салык салуунун милдеттүүлүгүнө, салык системасынын бирдейлигине, салык мыйзамдарынын ачык-айкындыгына, салык салуунун акыйкаттуулугуна, салык салуунун аныкталгандыгына негизделет.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 10-беренесинин 2-пунктуна ылайык жеке мүнөздөгү салыктык жеңилдиктерди берүүгө тыюу салынат.
Ушуга байланыштуу айта турган нерсе, айрым субъекттерге берилүүчү ар кандай салыктык жеңилдиктер салык салуунун негизги принциптеринин бири - бардык субъекттер үчүн бирдей шарттарды түзүүнү караштырган салык салуунун акыйкаттуулук принцибинин бузулушуна алып келет.
Ошондой эле, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык, камсыздандыруу салымдары эмгек акынын (кирешенин) бардык түрлөрүнө, түрткү берүүчү жана компенсациялоочу мүнөздөгү төлөмдөргө (анын ичинде бир жолку сыйлыктарга) ошондой эле подряд, акы төлөп кызмат көрсөтүүлөр, тапшырма келишими боюнча иштер үчүн төлөмдөргө жана аткарылган иш үчүн төлөнгөн автордук гонорарларга карата эсептелет.
Ушуну менен бирге эле белгилеп коюучу нерсе, "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын камсыздандырылган жарандары, республикада жашаган, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган негиздерде жана шарттарда мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандырууга салым кошкон чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия алууга укуктуу.
Буга байланыштуу айта турган зарыл нерсе, эгерде аталган мыйзам долбоору кабыл алына турган болсо, шайлоо фонддорунун жана саясий партиялардын иштерин аткарган жарандар камсыздандыруу стажынан, жеке камсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгүнөн ажырап калуусу мүмкүн, бул болсо алардын келечектеги пенсиясынын өлчөмүнө таасирин тийгизет.
Ошондой эле сунушталган мыйзамдын долбоору биздин көз карашыбызча төмөндөгү программалык документтердин максаттарына жооп бербейт, алар:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы, анда салыктык жеңилдиктердин колдонуудагы системасын оптималдаштыруу, негизсиз жеңилдиктерге жана бошотууларга тыюу салуу, ошондой эле салык салуудан четтеп кетүү мүмкүнчүлүктөрүн жоюу салык системасынын киреше потенциалын жогорулатуу жагындагы саясаттын өзүнчө багыты болуп калаары белгиленген;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июлундагы № 455 токтому менен бекитилген 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын концепциясы, анда чет өлкөлөрдүн практикалык тажрыйбаларын колдонуу менен милдеттүү төлөмдөр боюнча жеңилдиктерди берүүнүн негиздүүлүгүн баалоо методикасын иштеп чыгуу, салыктык жеңилдиктерди максималдуу түрдө кыскартуу жана салык төлөөчүлөрдүн жеңилдиктер берилген категориясынын салыктык отчеттуулукту туруктуу негизде берүү милдетин белгилөө жолу менен алардын натыйжалуулугун мониторингдөө системасын түзүү каралган;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык валюта фондунун ортосундагы 2015-жылдын 24-мартында кол коюлган, 2015-2017-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат боюнча меморандум, анда Өкмөт жоюлган салыктык бошотууларды кайра колдонуудан, ошондой эле айрым секторлор жана иштин түрлөрү үчүн салыктан бошотууларды жана салык салуунун жеңилдетилген режимдерин киргизүүдөн карманууга милдеттенген.
Ушул айтылгандардын негизинде, ошондой эле алынган кирешеден салык төлөө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын милдети экенин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптары, адилеттүү салык салуу принцибинин аткарылышын камсыздоочу шарттарды түзүү максатында, жарандардын (жеке адамдардын) кирешелерин жалпы декларациялоого өтөөрдүн алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мындай түрдөгү кызматтарды көрсөтүүчү жеке адамдар үчүн ыктыярдуу патентти киргизүү жолу менен кирешелерди администрациялоонун так механизмин киргизүүсү зарыл.
Ушуга байланыштуу азыр салык мыйзамын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыктыярдуу патенттөөнү киргизүүнү белгилеген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун тийиштүү долбоорун даярдады, аны кабыл алуу киреше салыгынын адилеттүү ставкасын белгилеп жана социалдык которуулар боюнча, кызмат көрсөтүшкөнү үчүн жеке адамдарга шайлоо фонддорунун каражатынын эсебинен төлөнүүчү акылар боюнча чыгымдарды оптималдаштырууга мүмкүндүк берет жана ушул мыйзам долбоору менен сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн актуалдуулугун жокко чыгарат.