КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-июну № 356
Объекттерди кооптуу өндүрүштүк объекттердин мамлекеттик реестрине каттоо жана мамлекеттик реестрди жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын аймаганда иштеп жаткан кооптуу өндүрүштүк объекттердин бирдиктүү маалымат базасын түзүү максатында, "Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 10-беренелерине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Объекттерди кооптуу өндүрүштүк объекттердин мамлекеттик реестрине каттоо жана мамлекеттик реестрди жүргүзүү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |