Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 356 токтому менен бекитилген |
Объекттерди кооптуу өндүрүштүк объекттердин мамлекеттик реестрине каттоо жана мамлекеттик реестрди жүргүзүү жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо объекттерди кооптуу өндүрүштүк объекттердин мамлекеттик реестрине каттоо жана ушул реестрди жүргүзүү боюнча талаптарды белгилейт.
2. Ушул жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
кооптуу өндүрүштүк объект (мындан ары - объект) - адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, алардын мүлкүнө, айлана-чөйрөгө потенциалдуу коркунучу бар жана ал коркунуч авария учурунда ишке ашышы мүмкүн болгон, "Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде аныкталган өндүрүштүк объект (ишкана, цех, участок, аянтча, ошондой эле кооптуулугу жогору башка объект);
кооптуу өндүрүштүк объекттердин мамлекеттик реестри (мындан ары - мамлекеттик реестр) - бирдиктүү методологиялык жана программалык-технологиялык принциптерге негизделген жана Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жактар же жеке ишкерлер тарабынан (мындан ары - эксплуатациялоочу уюмдар) эксплуатациялануучу кооптуу өндүрүштүк объекттер жөнүндө маалыматтар камтылган бирдиктүү маалыматтык банк (маалыматтар базасын башкаруу системасы жана өндүрүштүк объекттердин бирдиктүү маалымат базасы);
объектти мамлекеттик реестрге каттоо - мамлекеттик реестрдин маалымат банкына иштеп жаткан объект жөнүндө маалыматтарды киргизүү, ага мамлекеттик реестрде каттоо номерин ыйгаруу жана объектти каттоо жөнүндө күбөлүктү эксплуатациялоочу уюмга берүү;
мамлекеттик каттоону жүргүзүү - мамлекеттик реестрдин маалымат банкында иштеп жаткан объекттер жөнүндө маалыматтарды топтоо, маалымат банкына өзгөртүүлөрдү киргизүү, катталган объекттер жөнүндө жана эксплуатациялоочу уюмдар тууралуу системалаштырылган маалыматты талдоо жана сактоо;
объектти мамлекеттик реестрден чыгаруу - мамлекеттик реестрдин маалымат банкына объектти жоюунун, пайдалануудан чыгаруунун (баланстан чыгаруунун) же кооптуулук белгилери калбагандай объектти өзгөртүүнүн натыйжасында объектти мамлекеттик реестрден чыгаруу жөнүндө маалыматтарды киргизүү;
кооптуу өндүрүштүк объекттерди идентификациялоо (мындан ары - идентификациялоо) - уюмдун курамындагы объектти табуу жана кооптуу өндүрүштүк объект категориясына киргизүү жана "Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык анын тибин аныктоо.
3. Объекттерди мамлекеттик реестрге каттоо кооптуу өндүрүштүк объекттерди жана эксплуатациялоочу уюмдарды эсепке алуу үчүн жүргүзүлөт. Объекттер ушул Жобонун талаптарына ылайык кооптуу өндүрүштүк объекттерди идентификациялоо процессинде аныкталат.
4. Объекттерди мамлекеттик реестрге каттоону ыйгарым укуктуу контролдоочу орган - өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндө контролдоочу жана көзөмөлдөө функцияларына ээ болгон аткаруу бийлигинин органы жүргүзөт (мындан ары - ыйгарым укуктуу контролдоочу орган).
2. Кооптуу өндүрүштүк объекттерди идентификациялоого карата жалпы талаптар
5. Кооптуу өндүрүштүк объекттерди идентификациялоону эксплуатациялоочу уюм жүргүзөт.
6. Эксплуатациялоочу уюм идентификациялоонун мөөнөтүн, идентификациялоо, тариздөө жана анын жыйынтыктарын ыйгарым укуктуу контролдоочу органга берүү үчүн жооптуу адамдарды белгилейт.
7. Кооптуу өндүрүштүк объектти мамлекеттик реестрде каттоо үчүн аны идентификациялоонун жыйынтыгы болуп ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча эксплуатациялоочу уюм тарабынан түзүлгөн мамлекеттик реестрде объектти эсепке алуу картасы саналат.
Эсепке алуу картасын толтуруу ушул Жобонун 2-тиркемесинде келтирилген тартипте жүргүзүлөт.
Эсепке алуу картасына эксплуатациялоочу уюмдун жетекчиси кол коёт жана анын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
8. Кооптуу өндүрүштүк объекттердин идентификациялоосун туура өткөрүүнү ыйгарым укуктуу контролдоочу орган көзөмөлдөйт.
9. Идентификациялоо процессинде эксплуатациялоочу уюм тарабынан өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарын эске алуу жана ишкананын курамын, долбоордук документтерди, технологиялык регламенттерди жана кооптуу өндүрүштүк объекттерди эксплуатациялоого байланыштуу башка документтерди талдоонун негизинде кооптуу өндүрүштүк объекттер, кооптуулуктун белгилери жана ар бир кооптуу өндүрүштүк объекттин тиби аныкталат.
10. Кооптуу өндүрүштүк объектти идентификациялоодо бириктирүүчү белги катары кооптуу заттар алынып, пайдаланылып, кайра иштетилип, түзүлүп, сакталып, ташылып, жок кылынып жаткан (мындан ары - пайдаланылып жаткан); 0,05 мегапаскалдан көп ашыкча басым астында же суунун температурасы Цельсий боюнча 110 градустан жогору ысыганда иштеген жабдуу пайдаланылган; стационардык орнотулган жүк көтөрүүчү механизмдер, эскалаторлор, аркан жолдор, фуникулёрлор, лифттер, аттракциондор пайдаланылган; кара жана түстүү металлдардын эритиндиси жана бул эритиндилердин негизинде эритмелер алынган; тоо, геологиялык чалгындоо жана жардыруу иштери, пайдалуу кендерди казуу жана байытуу боюнча иштер, ошондой эле жер астындагы шартта иштер жүргүзүлгөн; курамында адамдын жана айлана-чөйрөнүн тиричилик аракети үчүн кооптуу заттарды камтыган тоо-металлургия өндүрүшүнүн калдыктары көмүлгөн өндүрүштүк аянтча же өндүрүштүк имараттар пайдаланылат.
Мында кооптуу өндүрүштүк объект катары өзүнчө механизм, жабдуу, кооптуу заттары бар идиш эмес, бир өндүрүштүк аянтчада жайгашкан техникалык түзүлүш же зат пайдаланылган өндүрүштүк объект, ишкана (же анын цехи, участогу ж.б.) эсептелет.
11. Эгер ишканада бир нече объект иштесе жана алардын бирөөсү гана кооптуулук белгилерине ээ болсо, анда кооптуу өндүрүштүк объект катары бүтүндөй ишкана эмес, ошол объект каралат.
3. Объекттерди каттоого карата талаптар
12. Эксплуатациялоочу уюм каттоочу органга ушул Жобонун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык мамлекеттик реестрге каттоо үчүн зарыл документтерди объектти эксплуатациялап баштаган күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбей берет. Мамлекеттик реестрде катталган кооптуу өндүрүштүк объекттер 5 жылда бир жолудан кем эмес кайра катталат.
13. Ижарага алынган кооптуу өндүрүштүк объекттер эксплуатациялоочу уюмдун-ижарачынын курамында катталат же кайра катталат. Катталган кооптуу өндүрүштүк объектти ижарага берген эксплуатациялоочу уюм каттоочу органга ижарачы жөнүндө маалыматтарды берет.
14. Объекттерди мамлекеттик реестрде каттоо же кайра каттоо үчүн эксплуатациялоочу уюм каттоочу органга ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча төмөнкүлөрдү тиркөө менен кат жөнөтөт:
1) объекттерди эсепке алуу картасын, ар бир объектке карата үч нускада;
2) мурда берилген каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн (кайра каттоодо).
15. Каттоочу орган 5 иш күндүн ичинде:
1) берилген документтердин пакетинин толуктугун, аларды туура толтурууну жана аларды түзүүдө идентификациялоо критерийлерин туура колдонууну текшерет;
2) берилген документтер ушул Жобонун талаптарына шайкеш келген учурда ар бир кооптуу өндүрүштүк объектке мамлекеттик реестрде каттоо номерин ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык ыйгарат;
3) объекттерди каттоо жөнүндө маалыматтарды жана каттоо номерлерин алардын эсепке алуу картасына киргизет жана аларды мөөр менен күбөлөндүрөт;
4) объекттерди мамлекеттик реестрде каттоо жөнүндө күбөлүктү ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча тариздейт, аны мөөр менен күбөлөндүрөт, ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык форма боюнча мамлекеттик реестрде каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү эсепке алуу китебине күбөлүктү берүү жөнүндө жазууну калтырат;
5) эксплуатациялоочу уюмга каттоо жөнүндө күбөлүктү жана ар бир эсепке алуу картасынын бирден нускасын жөнөтөт, калган нускаларын мамлекеттик реестрдин маалымат базасын түзүү боюнча иште пайдаланат;
6) объекттерди мамлекеттик реестрде кайра каттоодо кайра катталган объектти каттоо жөнүндө эски документтерин мыйзамда белгиленген тартипте архивге тапшырат;
7) берилген документтер ушул Жобонун талаптарына шайкеш келбеген учурда аларды эксплуатациялоочу уюмга кайра кайтарат, ал аларды 10 календардык күндүн ичинде кайра тариздейт.
16. Каттоо жөнүндө күбөлүк эсепке алуу картасы (карталары) менен комплектте объекттерди мамлекеттик реестрде каттоону далилдеген документтер болуп саналат.
17. Каттоо жөнүндө күбөлүктө же эсепке алуу картасында камтылган маалыматтын өзгөрүшүнө байланыштуу мамлекеттик реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн эксплуатациялоочу уюм каттоочу органга ушул Жобонун ылайык форма боюнча төмөнкүлөрдү тиркөө менен кат жөнөтөт:
1) кайрадан таризделген же өзгөртүлгөн объекттердин эсепке алуу карталарын, ар бир объектке карата үчтөн нускада;
2) каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрүн.
18. Каттоочу орган 10 календардык күнгө чейинки мөөнөттө:
1) берилген документтердин пакетинин толуктугун, аларды туура толтурууну жана аларды түзүүдө идентификациялоо критерийлерин туура колдонууну текшерет;
2) берилген документтер ушул Жобонун талаптарына шайкеш келген учурда мурда катталган объекттердин каттоо номерлери жана каттоо датасы өзгөрүлбөйт, жаңы объекттерге каттоо номерлери ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык ыйгарылат;
3) объекттерди каттоо жөнүндө маалыматтарды жана каттоо номерлерин алардын эсепке алуу картасына киргизет жана аларды мөөр менен күбөлөндүрөт;
4) эсепке алуу картасына каттоо жөнүндө күбөлүктүн мазмунуна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү учурунда, объекттерди мамлекеттик реестрде каттоо жөнүндө жаңы күбөлүктү тариздейт, аны мөөр менен күбөлөндүрөт, мамлекеттик реестрге каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү эсепке алуу китебине күбөлүктөрдү берүү жөнүндө жазууну калтырат, эксплуатациялоочу уюмга каттоо жөнүндө күбөлүктү жана ар бир кайра таризделген же өзгөртүлгөн эсепке алуу картасынын нускасынан бирден жөнөтөт, калган нускаларын мамлекеттик реестрдин маалымат базасын түзүү боюнча иште пайдаланат;
5) эсепке алуу картасына каттоо жөнүндө күбөлүктүн мазмунуна тиешеси жок өзгөртүүлөрдү киргизүү учурунда, эксплуатациялоочу уюмга ар бир өзгөртүлгөн эсепке алуу картасынан бирден нуска жөнөтөт, калган нускаларын мамлекеттик реестрдин маалымат базасын түзүү боюнча ишке пайдаланат;
6) мамлекеттик реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүүдө алгачкы документтерди мыйзамда белгиленген тартипте архивге тапшырат;
7) берилген документтер ушул Жобонун талаптарына шайкеш келбеген учурда аларды эксплуатациялоочу уюмга кайра кайтарат, ал аларды 10 календардык күндүн ичинде кайра тариздейт.
19. Объектти жоюунун, пайдалануудан чыгаруунун же объекттин кооптуулук белгилери калбагандай өзгөртүүнүн натыйжасында объектти чыгаруу жөнүндө мамлекеттик реестрге маалыматтарды киргизүү үчүн эксплуатациялоочу уюм каттоочу органга ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча катты төмөнкүлөрдү тиркөө менен жөнөтөт:
1) объектти жоюуну же эксплуатациялоодон чыгарууну ырастаган документтин көчүрмөсүн;
2) мамлекеттик реестрден чыгарылган объекттин эсепке алуу картасын;
3) объект мамлекеттик реестрге киргизилгенин ырастаган каттоо жөнүндө күбөлүктөрүн (эгер чыгарылган объект мамлекеттик реестрде уюм эксплуатациялоочу жалгыз кооптуу өндүрүштүк объект катары катталган учурда);
4) каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрүн (эгер мамлекеттик реестрде чыгарылгандан тышкары, уюм эксплуатациялоочу башка кооптуу өндүрүштүк объекттер катталган учурда).
Объектти кооптуулук белгилери калбагандай кылып өзгөртүүнүн натыйжасында мамлекеттик реестрден объектти чыгаруу учурунда эксплуатациялоочу уюмдун катында аталган өзгөртүүлөр көрсөтүлүшү керек.
20. Каттоочу орган 10 календардык күнгө чейинки мөөнөттө:
1) берилген документтердин пакетинин толуктугун жана аларды туура толтурулушун текшерет;
2) мамлекеттик реестрге объектти мамлекеттик реестрден чыгаруу жөнүндө маалыматты киргизет;
3) эгер мамлекеттик реестрде чыгарылгандан тышкары, уюм эксплуатациялаган башка кооптуу өндүрүштүк объекттер катталса, объекттерди мамлекеттик реестрге каттоо жөнүндө жаңы күбөлүктү тариздейт, аны берүү жөнүндө жазууну мамлекеттик реестрге каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү эсепке алуу китебине киргизет жана аны эксплуатациялоочу уюмга жөнөтөт;
4) эгер чыгарылган объект мамлекеттик реестрде уюм эксплуатациялаган жалгыз кооптуу өндүрүштүк объект катары катталса, эксплуатациялоочу уюмга объектти мамлекеттик реестрден чыгаруу жөнүндө билдирет;
5) объектти жоюуну же эксплуатациялоодон чыгарууну ырастаган документтин көчүрмөсүн, каттоо жөнүндө күбөлүктү жана тиешелүү эсепке алуу картасын архивге тапшырат, алар аталган жерде бул уюм эксплуатациялаган объекттерди кийинки кайра каттоого чейин же мындай объекттер жок болгондо 5 жыл бою сакталат, андан кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жок кылууга берилет.
|
| Объекттерди кооптуу өндүрүштүк объекттердин мамлекеттик реестрине каттоо жана мамлекеттик реестрди жүргүзүү жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Кооптуу өндүрүштүк объектти кооптуу өндүрүштүк объекттердин мамлекеттик реестринде ЭСЕПКЕ АЛУУ КАРТАСЫ
1. Кооптуу өндүрүштүк объект
1.1. Объекттин толук аталышы |
1.2. Объекттин жайгашкан жери (дареги) |
2. Объекттин кооптуулук белгилери (керектүү белгилерин оң жактагы талаада "v" белгиси менен белгилөө керек)
2.1. "Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде көрсөтүлгөн кооптуу заттарды алуу, пайдалануу, кайра иштетүү, түзүү, сактоо, ташуу, жок кылуу |
|
2.2. 0,05 МПдан көп басым астында же суунун температурасы 110 °Cтан жогору ысыганда иштеген жабдууну пайдалануу |
|
2.3. Стационардык орнотулган жүк көтөрүүчү механизмдерди, эскалаторлорду, аркан жолдорду, фуникулерлорду пайдалануу |
|
2.4. Кара жана түстүү металлдардын эритиндисин жана бул эритиндилердин негизинде эритмелерди алуу |
|
2.5. Тоо иштерин, пайдалуу кендерди байытуу боюнча иштерди, ошондой эле жер астындагы шартта ишти жүргүзүү |
|
3. Объекттин тиби (типтердин бирин оң жактагы талаада "v" белгиси менен белгилөө керек)
3.1. "Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде көрсөтүлгөн өлчөмүнө барабар же андан жогору көлөмдөгү кооптуу заттары бар объект |
|
3.2. Ушул картанын 3.1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерге тиешеси жок, "Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде көрсөтүлгөн чектүү өлчөмдөн азыраак өлчөмдөгү кооптуу заттары бар объект |
|
3.3. Ушул картанын 3.1 жана 3.2-пункттарында көрсөтүлгөн объекттерге кирбеген, ушул картанын 2.1-2.5-пункттарында көрсөтүлгөн кооптуулук белгилерине ээ болгон объект |
|
4. Эксплуатациялоочу уюм
4.1. Уюмдун толук аталышы |
| ||
4.2. Уюмдун почта индекси, дареги |
| ||
4.3. ОКПО боюнча уюмдун коду |
| ||
4.4. ОКОГУ боюнча уюмдун ведомстволук таандыгынын коду |
| ||
4.5. Телефон |
| 4.6. Факс |
|
Уюмдун жетекчисинин кызматы |
| ||
Уюмдун жетекчисинин аты-жөнү |
| ||
Колу |
| Дата |
|
М.О.
5. Мамлекеттик реестрде объектти каттоо жөнүндө маалымат (каттоочу орган тарабынан толтурулат)
5.1. Каттоо № 1 |
| ||
5.2. Каттоо датасы |
| ||
5.3. Каттоочу орган |
| ||
Каттоочу органдын жетекчисинин кызматы |
| ||
Каттоочу органдын жетекчисинин аты-жөнү |
| ||
Колу |
| Дата |
|
М.О.
|
| Объекттерди кооптуу өндүрүштүк объекттердин мамлекеттик реестрине каттоо жана мамлекеттик реестрди жүргүзүү жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Кооптуу өндүрүштүк объекттердин мамлекеттик реестринде кооптуу өндүрүштүк объектти эсепке алуу картасын толтуруунун ТАРТИБИ
Кооптуу өндүрүштүк объекттердин мамлекеттик реестринде кооптуу өндүрүштүк объектти эсепке алуу картасынын (мындан ары - эсепке алуу картасы) 2.1-2.5-пункттарында кооптуулуктун бир белгиси (эгер объектте башка белгилер жок болсо), ошондой эле бир нече белгилер, мисалы, объектте кооптуу заттар дагы, ошондой эле басым астында иштөөчү жабдуу жана жүк көтөрүүчү механизмдер болгондо бир нече белгилер белгилениши мүмкүн.
Эсепке алуу картасынын 3.1-3.3-пункттарында объектти жогорку кооптуулук менен мүнөздөлүүчү типке киргизүү принциби боюнча кооптуу өндүрүштүк объекттин бир тиби гана белгиленет. Объектте мындай заттар жок болгондо (мисалы, жүк көтөрүүчү механизмдер жана күйүүчү чаңдар гана болгондо) эсепке алуу картасынын 3.3-пунктунда гана белгиленет, 3.1 жана 3.2-пункттары белгиленбей калат.
Эсепке алуу картасында иштин түрү жана алардын коддору ыйгарым укуктуу контролдоочу орган - өнөр жай коопсуздугу жаатындагы контролдоочу жана көзөмөлдөөчү функцияларга ээ болгон аткаруу бийлигинин органы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
|
| Объекттерди кооптуу өндүрүштүк объекттердин мамлекеттик реестрине каттоо жана мамлекеттик реестрди жүргүзүү жөнүндө жобого 3-тиркеме |
(уюмдун бланкында толтурулат) |
Форма
|
| _____________________________________ (каттоочу органдын аталышы) |
Өтүнөм (керектүүсү тандалат) 1) уюм эксплуатациялаган төмөнкү объекттерди кооптуу өндүрүштүк объекттердин мамлекеттик реестрине каттоону: ________________________________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________________________ 2) уюм эксплуатациялаган төмөнкү объекттерди кооптуу өндүрүштүк объекттердин мамлекеттик реестрине кайра каттоону: ________________________________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________________________ 3) кооптуу өндүрүштүк объекттердин мамлекеттик реестрине уюм эксплуатациялаган төмөнкү объекттер жөнүндө маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү: ________________________________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________________________ 4) кооптуу өндүрүштүк объекттердин мамлекеттик реестрине кооптуу өндүрүштүк объекттерди эксплуатациялаган уюм жөнүндө маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү: ________________________________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________________________ 5) кооптуу өндүрүштүк объекттердин мамлекеттик реестринен уюм эксплуатациялаган төмөнкү объекттерди чыгарууну: ________________________________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________________________ 6) ушул объекттерде кооптуулук белгилери жоголгондугуна байланыштуу өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгында уюм эксплуатациялаган төмөнкү объекттерди кооптуу өндүрүштүк объекттердин мамлекеттик реестринен чыгарууну ________________________________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________________________
|
Тиркемелер:
(керектүүсү тандалат)
1. Объекттерди эсепке алуу карталары ___ б., 3 нускада.
2. Өзгөртүүгө чейин объекттерди эсепке алуу карталары ___ б., 1 нускада.
3. Өзгөртүлгөн объекттерди эсепке алуу карталары ___ б., 3 нускада.
4. Өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынын корутундусу ___ б., 1 нускада.
5. Каттоо жөнүндө күбөлүк ___ б., 1 нускада.
6. Каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү ___ б., 1 нускада.
7. Баланстан чыгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү ___ б., 1 нускада.
Уюмдун аталышы: __________________________________________________________
Почта дареги: _____________________________________________________________
Телефон: _______________________________ Факс: _____________________________
Уюмдун жетекчисинин кызматы | (Колу) | Аты-жөнү |
|
| Объекттерди кооптуу өндүрүштүк объекттердин мамлекеттик реестрине каттоо жана мамлекеттик реестрди жүргүзүү жөнүндө жобого 4-тиркеме |
________________________________________________________________________________________
(ыйгарым укуктуу контролдоочу орган - өнөр жай коопсуздугу жаатында контролдоочу жана көзөмөлдөөчү функцияларга ээ болгон жана өнөр жай коопсуздугу жаатында мамлекеттик көзөмөлдү жүргүзгөн аткаруу бийлигинин органы)
КООПТУУ ӨНДҮРҮШТҮК ОБЪЕКТТЕРДИН МАМЛЕКЕТТИК РЕЕСТРИ КАТТОО ЖӨНҮНДӨ КҮБӨЛҮК XXX-XXXXX
Ушул күбөлүк _____-жылдын "__" ____________ __________________________________________
____________________________________________________________________________ берилди,
(уюмдун толук аталышы, почта индекси, дареги)
ал аталган уюмда эксплуатацияланган кооптуу өндүрүштүк объекттер "Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ылайык кооптуу өндүрүштүк объекттердин мамлекеттик реестринде катталганын ырастайт.
Объекттин аталышы | Каттоо № | Каттоо датасы |
|
|
|
Аталган объекттер _____-жылдын "__" _________ чейин кайра катталууга тийиш.
Мамлекеттик реестрге (өзгөртүүлөрдү киргизүү) _____-жылдын "__" _____________
______________________________________________________________________________ киргизди
(кызматы, аты-жөнү, колу)
Каттоочу органдын жетекчиси ______________________________________________________
________________________________________________________________________________
(кызматы, аты-жөнү, колу)
М.О.
|
| Объекттерди кооптуу өндүрүштүк объекттердин мамлекеттик реестрине каттоо жана мамлекеттик реестрди жүргүзүү жөнүндө жобого 5-тиркеме |
Форма
Объекттерди кооптуу өндүрүштүк объекттердин мамлекеттик реестрине каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү эсепке алуу КИТЕБИ
__________________________________________________________________________ (каттоочу орган)
Башталды __________________ |
| Аяктады __________________ |
Жазуу датасы | Күбөлүк берилди (№, дата) | Эксплуатациялоочу уюм (алуучу) | Объекттердин саны | (дата) чейин кайра катталууга тийиш | Күбөлүктүн ордуна (№, дата) | Берүү жөнүндө белги |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
|
|
|
|
|
|
|
|
| Объекттерди кооптуу өндүрүштүк объекттердин мамлекеттик реестрине каттоо жана мамлекеттик реестрди жүргүзүү жөнүндө жобого 6-тиркеме |
Каттоо номерлерин ыйгарууга жана каттоо жөнүндө күбөлүктү тариздөөгө карата ТАЛАПТАР
Объекттерди кооптуу өндүрүштүк объекттердин мамлекеттик реестрине (мындан ары - мамлекеттик реестр) каттоодо ар бир объектке каттоо номери ыйгарылат, ал каттоочу органдын, аны эксплуатациялоочу уюмдун жана объекттин өзүнүн идентификатору болуп саналат.
Каттоо номери XXX-XXXXX-XXX түрүндө тире (дефис) менен бөлүнгөн белгилердин үч тобунан турат.
Белгилердин алгачкы эки тобу каттоо жөнүндөгү күбөлүктүн номерин кайталайт, мында белгилердин биринчи тобу каттоочу органды идентификациялайт. Белгилердин экинчи тобу (уюмдун идентификатору) эксплуатациялоочу уюмду идентификациялайт. Белгилердин үчүнчү тобу (объекттин идентификатору) кооптуу өндүрүштүк объекттерди идентификациялайт.
Белгилердин биринчи тобунда биринчи белги (кириллица символу) ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын региондук бөлүмүн билдирет.
Белгилердин экинчи тобу цифралардан турат жана 00001 баштап 99999 чейинки сандарды камтыйт. Анда ар бир эксплуатациялоочу уюмга идентификациялоочу уюмга каттоо жөнүндө күбөлүктү берүү тартибинде сан ыйгарылат.
Белгилердин үчүнчү тобу цифралардан турат жана 001 баштап 999 чейинки сандарды камтыйт. Анда ар бир катталган объектке эксплуатациялоочу уюмдун курамында, аны каттоочу орган тарабынан каттоо тартибинде аны идентификациялоочу сан ыйгарылат.
Эксплуатациялануучу объекттерди мурда каттаган эксплуатациялоочу уюм объектти эксплуатацияга киргизүүдө, кайрадан эксплуатацияга киргизилген объектке ирети боюнча кийинки идентификатор ыйгарылат.
Кайра каттоодо жана эксплуатациялоочу объект жөнүндө маалыматтар өзгөрүлгөндүгүнүн натыйжасында мамлекеттик реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүүдө уюмдун жана бул объекттин идентификаторлору өзгөрүүсүз калат.
Эсепке алуу картасына жана каттоо жөнүндө күбөлүккө киргизилген мамлекеттик реестрде объектти баштапкы каттоо датасы кайра каттоодо же объект жөнүндө маалыматтарды өзгөртүүдө өзгөрүүсүз калат.
Кайра каттоо датасы баштапкы каттоодогу жана кайра каттоодогу күбөлүккө киргизилет жана кийинки кайра каттоого чейин өзгөрүүсүз калат.