ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-сентябрындагы № 615 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 577 «Онкологиялык кызматты колдоо фонду» коомдук фондун түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция27.09.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 27-сентябры № 615

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 577 "Онкологиялык кызматты колдоо фонду" коомдук фондун түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатын жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын онкологиялык кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 577 "Онкологиялык кызматты колдоо фонду" коомдук фондун түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктундагы "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому менен бирдикте" деген сөздөр алып салынсын;

- 2-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Фондду Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги дайындаган Байкоочу кеңештин башкара тургандыгы;";

- 3-пунктунун биринчи абзацындагы "үч күндүк мөөнөттө" деген сөздөр алып салынсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

С.Исаков