Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-мартындагы № 141 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июнундагы № 394 токтому менен бекитилген |
2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча ПРОГРАММАСЫ
I. Жалпы жоболор
2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасы (мындан ары - Программа) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 9-июнундагы № 120 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун концепциясын ишке ашыруунун концептуалдык негизи болуп эсептелет.
Программанын артыкчылыктарынын бири болуп экстремисттик жана террордук топтордун, уюмдардын жана кыймылдардын азгырып жалдоо дареметин чектөөгө мүмкүнчүлүк берүүчү натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу эсептелет. Радикалдашуунун өсүшүнө жол берген негизги шарттарды талдоо менен катар, анын себептери менен кесепеттерин изилдөө экстремизмге каршы аракеттенүү жана терроризмдин алдын алуу чараларын түзүүгө жол ачат.
Программа адам укугу менен эркиндигин, мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын башка конституциялык принциптеринин үстөмдүгүн милдеттүү түрдө сактоо менен, экстремизм жана терроризм коркунучтарына каршы натыйжалуу аракеттенүүнү камсыздоочу чаралар комплексин өзүнө камтыйт. Ушул Программанын максаты экстремизмге каршы аракеттенүү жана терроризмди профилактикалоо жаатында түзүлгөн кырдаалды өзгөртүү болуп саналат.
Программаны Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, уюмдары жана мекемелери экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүүнүн макулдашылган чараларын көргөндө гана ийгиликтүү ишке ашырууга мүмкүн.
Программаны ишке ашыруунун негизги принциптери:
- экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүүнүн түпкү негизин түзгөн мыйзамдын үстөмдүгүн сактоо, ак ниет башкаруу жана жалпы адам укуктарын сыйлоо;
- экстремизм менен терроризмдин таралышына көмөктөшүүчү шарттарды жок кылуу максатында сабырдуулуктун, ошондой эле маданий, диндер жана этностор аралык диалог түзүү баалуулуктарын илгерилетүү;
- көрүлүүчү чаралардын адам укугу жаатындагы эл аралык милдеттенмелерге, анын ичинде мыйзамдуулук, пропорциялуулук, шайкештик жана басмырлабоо принциптерине ылайык келүүсү.
II. Учурдагы абалга жалпы баа берүү
Экстремизм менен терроризмдин келип чыгышынын тышкы жана ички жагдайлары.
Динге жамынган экстремисттик жана террордук топтордун активдүүлүгү акыркы мезгилде дээрлик дүйнө жүзүндө масштабдуу мүнөзгө ээ болууда. Экстремисттик жана террордук топтор тынчтыкка, коопсуздукка, туруктуу өнүгүүгө, адам укугуна жана мыйзамдын үстөмдүгүнө, мамлекеттердин бүтүндүгү менен эгемендүүлүгүнө коркунуч жаратууда.
Зомбулук жана жек көрүү идеологиясын карманган топтордун, уюмдардын жана кыймылдардын иши мамлекеттерди терроризм жана экстремизм менен күрөшүүнүн алдын алуу жана күч колдонуу методдорун пайдаланууга мажбурлоодо.
Мындай шартта бардык мамлекеттик жана коомдук түзүмдөрдүн, бийлик бутактарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын күч-аракетин бириктирүү актуалдуу бойдон калууда.
Мамлекеттик органдардын коомдук уюмдар жана эксперттик коомчулук менен биргеликте диний экстремизм жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча ишинин учурдагы жыйынтыгы экстремизм жана терроризм идеологиясынын Кыргыз Республикасында жайылышынын коркунучунун өсүшүнө көмөктөшүүчү төмөнкүдөй тышкы жана ички факторлорду белгилөөгө мүмкүндүк берет.
Тышкы факторлор. Эл аралык байланыштардын кеңейүүсү, глобалдашуу, коомдун маалыматташуусу учурдагы терроризм менен экстремизмдин трансулуттук мүнөзгө ээ болуусуна алып келди.
Кыргыз Республикасынын жаңжал, туруксуздук орун алган, экстремизм идеяларынын таралуу очогу болгон региондорго географиялык жактан жакындыгы ушуларга дуушар болуу мүмкүндүгүн шарттайт. Согуштук аракеттерге катышып, мекенине кайтып келгендер олуттуу коркунуч туудурууда. Республикадагы демократиялык режимди экстремисттер менен террористтер өздөрүнүн топторун Кыргыз Республикасында жайгаштыруу үчүн колдонуп, кошумча коркунучтарды пайда кылууда.
Айрым жарандарга карата системалуу психологиялык таасир берүү менен социалдык тармактарда жана интернет мейкиндигинде чет өлкөдөн келген диний экстремизм жана терроризм идеяларын үгүттөө алардын чет өлкөлүк деструктивдүү уюмдарга тартылуусуна жол ачты. "Ислам мамлекетинин" курамында согуштук аракеттерге катышуу үчүн чыгып кеткен Кыргыз Республикасынын жарандарынын саны өсүүдө. 2014-жылдын декабрына карата согуштук аракеттерге катышуу максатын көздөгөн Кыргыз Республикасынын 170 жараны чыгып кеткен, 2015-жылдын майында - 350, 2016-жылдын сентябрында 560 адам аныкталган. Кыргыз Республикасына согуштук тажрыйбага ээ болгон жарандардын кайтып келүүсү коомдук коопсуздукка коркунуч туудурууда.
Башка мусулман өлкөлөрүнүн диний идеологиялык абалын жана өлкөсүнүн өзгөчөлүктөрүн эске албастан алар менен болгон дин жана диний билим берүү жаатындагы интеграция диний экстремисттик идеологиялардын кирүүсүн тездетти. Мусулман мамлекеттеринин билим берүү борборлорунан билим алган Кыргыз Республикасынын айрым жарандары борбор азия чөлкөмүндөгү салттуу ислам агымына радикалдык идеяларды алып келди. Ушуга байланыштуу диний мусулман коомчулуктардын ортосунда карама-каршылыктардын көбөйүшү байкалууда.
Социалдык-экономикалык факторлордун таасири менен негизинен жаштардын эмгек миграциясы күч алды. Миграциялык кызматтын эмгек мигранттарынын маселелерин чечүүгө карата солгун мамилеси жаштардын эл аралык экстремисттик жана террордук кыймылдардын бутасы болууга түрткү берди. Бул көйгөйдү чечүү үчүн мамлекеттер аралык деңгээлде күч-аракеттерди координациялоо жана айкалыштыруу зарыл.
Ички өбөлгөлөр өзүнө саясий, социалдык-экономикалык, маданий жана диний факторлорду камтып, жалпысынан калктын аялуу катмарынын арасында радикалдуу идеялардын жайылуусуна таасир берүүдө.
Мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөр, коомдун социалдык керектөөсү боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алууда системалуу мамиленин жетишпегени, адам укугун коргоо механизмдеринин натыйжалуулугунун жетишсиздиги, ошондой эле өлкөдө болгон жаңжалдардын кесепеттери талаптагыдай чечилбегендиги калктын бир бөлүгүнүн мамлекеттик бийликтин иш-аракеттерине канааттанбоосун жаратууда.
Жумушсуздук, билим берүү системасындагы жана жергиликтүү башкаруудагы кемчиликтер калктын социалдык жактан аялуу катмарынын нааразычылыгын жаратууда, алардын бир бөлүгү диний экстремисттик жана террордук агымдардын таасирине туш болушу мүмкүн. Этностук коомчулуктардын социалдык-маданий жана саясий процесстерге жетиштүү түрдө интеграцияланбагандыгы айрым жарандар менен топтордун криминалдашуу коркунучун жогорулатат.
Көз карандысыздыктын чейрек кылымында калк арасында жалпы жарандык окшоштук, өзүн-өзү түшүнүү, баарынан мурда "кыргыз жаранымын" деп түшүнүү, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгү менен мамлекеттүүлүгүн чыңдоонун баалуулугун жана маанилүүлүгүн түшүнө билүү калыптанбагандыгы терс таасирин берүүдө.
Бул абал алардын башка улуттук жана диний окшоштукту издөөсүнө түрткү берип, радикалдашууга кыйыр түрдө таасирин тийгизет. Бул процесске тийиштүү мамлекеттик органдардын көңүл бурбагандыгы экстремисттик жана террордук уюмдардын азгырып жалдоо базасын кеңейтүүгө алып келиши мүмкүн.
Диний экстремисттик идеологияны жайылтуу экстремисттик адабият менен деструктивдүү мазмундагы башка маалыматтык материалдарды таратууга шарт түзөт. Интернет тармагындагы экстремисттик мазмундагы маалыматтык ресурстардын ар түрдүүлүгү жана мониторингдин жакшы жүргүзүлбөгөндүгү алдын алуу иш-чараларын ийгиликтүү ишке ашырууну кыйындатат.
Диний коомчулуктун майдаланып бөлүнүүсү расмий дин кызматчыларынын позициясын начарлатып, бир катар учурларда түрдүү диний мектептердин ортосундагы карама-каршылыктардын пайда болуусуна алып келет. Радикалдуу идеяны жактаган бир катар дин уюмдарынын жана дин кызматкерлеринин ишин көзөмөлдөөнүн жетишсиздиги экстремизм жана терроризм идеяларынын таралуусуна көмөктөшөт.
Диний өбөлгөлөргө калктын дин жаатында билим деңгээлинин төмөндүгү, учурдагы коомчулуктун талаптарына жооп бербеген диний булактарга кайрылуусу, дин кызматкерлеринин экстремизм идеологиясына каршы далилдүү үгүттөөнү бере албагандыгы кирет. Дин кызматкерлеринин, ошондой эле диний экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү маселелери боюнча иштеген укук коргоо органдарынын кызматкерлерин даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасы соңку жылдары гана калыптанып, институтташтырууну жана мазмунун өркүндөтүүнү талап кылат.
Жогоруда аталган факторлор калкка тийиштүү болгонуна карабастан, алардын айрым бөлүгү гана радикалдашкан. Ички факторлордун жыйындысы белгилүү шарттарда, атап айтканда социалдык тармактарда радикалдуу коомдоштуктар түзүлгөндө, экстремисттик топтордун өкүлдөрүнүн ортосунда жеке мамилелер болгондо, топтордун ичинде материалдык жана социалдык пайданы бөлүштүрүүдө гана ишке ашат.
Жалпысынан Кыргыз Республикасында экстремизм жана терроризм идеяларын таратуу өзгөчөлүгү төмөнкүлөр менен айырмаланат:
- радикалдуу диний агымдардын уюшкан кылмыштуу топтор менен биригип кетүүсү;
- пенитенциардык мекемелерде азгырып жалдоо;
- экстремизмге жана терроризмге тартылган Кыргыз Республикасынын калкынын азайбай жатканы.
1. Мамлекеттик органдар, министрликтер, мамлекеттик комитеттер менен административдик ведомстволор, жарандык коомдун уюмдары экстремизм жана терроризмге каршы аракеттенүүгө багытталган максаттуу ишти жүргүзүү; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен өз ара аракеттенип, алдын алуу жана профилактикалык иш-чараларды өткөрүү, анын ичинде:
- мечиттерде көрүнүктүү дин ишмерлеринин, Муфтият, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда түшүндүрүү иш-чараларын;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын аскердик бөлүктөрүндө жана кошуундарында комплекстүү окутуу жана түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүү;
- өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдар менен бирге укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана аткаруу бийлигинин, жогорку окуу жайларынын жана илимий коомчулуктун өкүлдөрүнө, студенттерге жана жалпыга маалымдоо каражаттарына лекцияларды, дискуссияларды жана семинарларды өткөрүү;
- жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда жана башка Интернет ресурстарда экстремизмге жана терроризмге каршы багыттагы видео жана тексттик материалдарды даярдоо жана жайылтуу; социалдык тармактарда үгүттөөгө каршы материалдарды камтыган тематикалык баракчаларды ишке киргизүү, активдүү интернет колдонуучуларын коомдук пикирди түзүү, фактыларга мониторинг жүргүзүү үчүн мобилизациялоо.
2. Экстремисттик жана террордук уюмдарга тийиштүү ишти жүргүзүп жаткан адамдарды табуу жана алардын ишине бөгөт коюу боюнча изин суутпай издөө иш-чаралары. 2015-2016-жылдары эл аралык террордук жана диний-экстремисттик уюмдар менен байланышкан 500гө жакын адамдын иши ачыкка чыгарылып, бул багыттагы кыйла топтордун ишине бөгөт коюлган.
3. 2014-2020-жылдарга Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын диний радикализм менен терроризмди алдын алуу, дин таануунун дин аралашпаган билим берүүсүн өркүндөтүү жана диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу бөлүгүн аткаруу.
Экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү учурдагы саясаттын ийгиликтүү аспектилери жана начар жактары.
Экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаалга жүргүзүлгөн талдоонун негизинде ушул Программанын милдеттерин жана чараларын түзүүгө мүмкүндүк берген төмөнкү ийгиликтүү аспектилер жана начар жактар аныкталган.
Ийгиликтүү аспектилер:
- региондук жана эл аралык уюмдардын колдоосунда укук коргоо органдарынын, улуттук коопсуздук органдарынын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн чек араны башкаруу боюнча кызматтарынын ортосунда кызматташуу, маалымат менен алмашуу, биргелешкен командалык-штабдык машыгуулар жигердүү жүргүзүлүүдө;
- эл аралык жана региондук террорго каршы түзүмдөрдүн алкагында тыгыз кызматташуу жөнгө салынды;
- терроризмге каршы аракеттенүү үчүн институттар түзүлдү, улуттук жана региондук деңгээлде ар түрдүү коопсуздук кызматтарынын ишин координациялоо жана маалымат алмашуу боюнча аракеттер жакшыртылды;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борборунун базасында экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүүнү координациялоонун ички системасы түзүлдү;
- экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча чаралар профилактикалык ишти күчөтүү жагына багытталган;
- профилактикалык иште мамлекеттик органдардын диний уюмдар жана алардын башчылары менен позитивдүү кызматташуу тажрыйбасы активдүү колдонулууда;
- либералдуу режим, мамлекеттик органдардын кызматташууга багытталган ачыктыгы диндин ачык саясатташуусунан жана саясий оппозициянын диний лидерлер жана коомчулуктар менен биригүүсүнө жол бербей келүүдө;
- террордук актыларды профилактикалоо жана алдын алуу боюнча тийиштүү практикалык тажрыйба топтолду;
- мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелердин потенциалы тажрыйба алмашуу аркылуу күчөтүлүүдө;
- мамлекет калктын аярлуу катмарынын байгерчилигин жогорулатууга багытталган социалдык-экономикалык мүнөздөгү ар кандай программаларды ишке ашырууда;
- диний, конфессия жана этностор аралык диалогду жүргүзүү үчүн шарттар түзүлүүдө;
- дин кызматкерлеринин потенциалын адистештирилген окуу курстары аркылуу күчөтүү, диний мекемелердин жана дин таануу борборлорунун ишин өркүндөтүү, башка өлкөлөр менен тажрыйба алмашуу боюнча иштер активдүү жүргүзүлүүдө;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертиза борборунда соттук психологиялык-лингвистикалык экспертиза өткөрүү боюнча атайын бөлүнүш түзүлгөн, экспертиза өткөрүү методологиясы иштелип чыккан;
- окуу-методикалык комплексин иштеп чыгуу жана билим берүү мекемелеринин базистик окуу планына "Дин маданиятынын тарыхы" предметин киргизүү аяктап калды;
- экстремизмди жана терроризмди профилактикалоого жана ага бөгөт коюуга байланышкан окуяларды объективдүү чагылдыруу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү окутулууда;
- экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча ишке жарандык коомдун институттарын тартуу деңгээли жогорулоодо.
Начар жактары:
- экстремисттик жана террордук топторго азгырып жалдоо тактикасы тез өзгөргөндүгүнө байланыштуу экстремизмди профилактикалоо жана ага бөгөт коюу боюнча чаралар натыйжалуу эмес;
- маалыматтык-түшүндүрүү иш-чаралары коомдун кеңири катмарын жана аярлуу топтордун өкүлдөрүн тийиштүү деңгээлде камтыбай жатат;
- Интернет тармагында экстремисттик жана террордук мазмундагы материалдардын таралышына каршы аракеттенүү системасы тийиштүү деңгээлде иштелген эмес;
- чет мамлекеттердеги Кыргыз Республикасынын жарандарын эсепке алуунун жана контролдоонун жакшы иштелбеген системасы менен катар тышкы жана ички миграциянын жогорку деңгээли сакталууда;
- үй-бүлө институту начарлап, кароосуз калган өспүрүмдөрдүн саны, өзгөчө мигранттардын балдарынын арасында көбөйүүдө;
- диний окуу жайларындагы билим берүү деңгээли төмөн бойдон калып, бул жагдай ата-мекендик теологиялык билим берүү системасынын атаандашууга жөндөмсүздүгүнүн себеби болууда;
- экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча кызматкерлерди системалуу даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча иш аягына чыга элек;
- белгилүү аймактарда тыгыз жашаган айрым этностук топтордун борборлорунун өкүлдөрүнүн ортосунда начар интеграцияланышы байкалууда;
- экстремисттик жана террордук топтордун финансы агымдарын контролдоо жана алардын каржылоосун аныктоо системасы жакшыртууну талап кылат;
- орто жана жогорку билим берүү системасы экстремизм жана терроризм көрүнүштөрүнө ыңгайлашкан эмес;
- профилдик укук коргоо органдары заманбап техника, курал-жарак жана башка жаңы тийиштүү иштелмелер менен начар жабдылган;
- стратегиялык объекттер мүмкүн болуучу террордук коркунучтардан жетиштүү деңгээлде корголгон эмес;
- эркиндиктен ажыратуу жерлеринде экстремизм жана терроризм идеологиясына каршы аракеттенүү боюнча алдын алуу чараларынын системасы жок;
- экстремисттик мүнөздөгү кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон, ошондой эле согуштук аракеттерге катышкан адамдарды реабилитациялоо жана реинтеграциялоо боюнча тийиштүү практика жок;
- айрым диний лидерлердин саясий процесстерге жана мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүү тенденциясынын болушу.
III. Программанын максаты жана багыты
Программанын максаты жана милдеттери
Программанын максаты болуп мыйзам үстөмдүгүн, адамдын/инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун Кыргыз Республикасында экстремизмди натыйжалуу алдын алуу жана ага бөгөт коюу, терроризм коркунучтарын болтурбоо системасын өркүндөтүү аркылуу камсыздоо саналат.
Программанын алкагында төмөнкү артыкчылыктуу багыттар боюнча ишти жүргүзүү аркылуу максатка жетишилет:
1. Экстремизмди жана терроризмди профилактикалоо чөйрөсүндө мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдардын ишин өркүндөтүү.
2. Экстремизм жана терроризм көрүнүштөрүн алдын алуу жана аларга бөгөт коюу боюнча атайын мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын практикасын жакшыртуу.
3. Экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдык механизмдерин жана өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү.
Ар бир артыкчылыктуу багыт боюнча негизги өз ара байланышкан милдеттерди чечүү каралган.
Экстремизмди жана терроризмди профилактикалоо боюнча биринчи артыкчылыктуу багыттын алкагында биринчи кезектеги милдеттер болуп төмөнкүлөр саналат:
- экстремизм жана терроризм көйгөйүн түшүнүүнү арттырган жана аларга каршы аракеттенүүнүн натыйжалуу чараларын иштеп чыгууга көмөк көрсөткөн изилдөө ишин колдоо. Бул милдет экстремизм жана терроризм идеяларынын жайылуу себептерин жана шарттарын изилдөө боюнча социологиялык жана аналитикалык изилдөөлөрдү өткөрүүнү, ошондой эле бул маселе боюнча ведомстволор аралык жана эл аралык тажрыйба алмашуу үчүн илимий-практикалык платформаларды кеңейтүүнү карайт;
- экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү маалыматтык-түшүндүрүү ишин өркүндөтүү. Бул милдет окуучулар, жергиликтүү коомдоштук жана кеңири коомчулук арасында биргелешкен комплекстүү маалыматтык-түшүндүрүү чараларын, кампанияларын жана коомдук иш-чараларды өткөрүүнү карайт, анда диний сабаттуулукту жогорулатуу багытында көмөк көрсөтүүгө жана экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясатты чагылдырууга басым жасоо керек;
- диний билим берүү жана миссионердик иш чөйрөсүндө радикалдашуу коркунучун төмөндөтүү. Бул милдет билим берүү мекемелеринин негизги окуу планына "Дин маданиятынын тарыхы" предметин киргизүү жолу менен орто мектептеги билим берүүнүн өркүндөтүлүшүн; диний билим берүү мекемелеринин ишин жакшылап жөнгө салууну жана чет мамлекеттердин аймагында диний билим алып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында радикалдашуу мүмкүнчүлүгүн төмөндөтүү боюнча чараларды өзүнө камтыйт. Ошондой эле зомбулук жана терсаяктык идеясын үгүттөгөн миссионердик ишти болтурбоо боюнча чаралар каралган;
- экстремизм жана терроризм көрүнүштөрү менен күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын потенциалын бекемдөө. Бул милдет экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү маселесине тартылган күч түзүмдөрүнүн, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу боюнча чараларды карайт. Ошондой эле диний билим берүүнү жөнгө салуу, контролдоо жана өз ара аракеттенүү боюнча билим берүү системасынын потенциалын жогорулатуу каралууда;
- даректүү максаттуу топтор менен профилактикалык ишти өркүндөтүү. Бул милдет өзүнө соттолгондордун билим деңгээлин жана диний сабаттуулугун жогорулатууну, алардын социалдашуусу жана өз ордун табуусу үчүн шарттарды, ошондой эле эркиндигинен ажыраткан жеринен бошонуп келген жана террордук, экстремисттик мүнөздөгү кылмыш жасагандыгы үчүн шарттуу түрдө соттолгон адамдардын реабилитациялоо жана реинтеграциялоо системасын жакшыртууну камтыйт.
Экстремизмди жана терроризмди алдын алуу жана аларга бөгөт коюу боюнча экинчи артыкчылыктуу багыттын алкагында биринчи кезектеги милдеттер болуп төмөнкүлөр саналат:
- экстремизмди жана терроризмди аныктоого жана аларга бөгөт коюуга багытталган оперативдүү-аналитикалык ишти күчөтүү. Бул милдет экстремизмди жана терроризмди аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча чараларды аналитикалык жактан коштоону жарандык коом менен кызматташып күчөтүүгө багытталат. Кийинки башка маанилүү милдет болуп жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Интернет тармагында экстремизмге жана терроризмге мониторинг жана анализ жүргүзүү, алардын идеясына каршы активдүү аракеттенүү саналат;
- экстремизмге жана терроризмге каршы практикалык иш-чараларды уюштуруу. Бул милдет террорго каршы таасирдүү иш-чараларды иштеп чыгуу үчүн террорго каршы иштин субъекттерин талдоону, болжолдоону, координациялоону жана өз ара аракеттенүүлөрүн карайт. Экстремисттик жана террордук уюмдардын мүчөлөрүн жана алардын жактоочуларын табуу боюнча изин суутпай издөөнү жана профилактикалык иш-чараларды күчөтүүнү, чек арадагы контролдоонун натыйжалуулугун жана экстремизмге, терроризмге көмөктөшкөн ишти каржылоо булактарын, каналдарын аныктоонун жана аларга бөгөт коюунун натыйжалуулугун жогорулатууну болжолдойт. Кошумча көңүл куралга, ок-дарыларга жана жарылгыч заттарга көзөмөлдү күчөтүү үчүн практикалык террорго каршы иш-чараларды уюштурууга, ошондой эле диний-экстремисттик жана террордук идеологиянын укук коргоо жана мамлекеттик атайын органдарына, Куралдуу Күчтөрдө, башка аскерлерде жана аскердик түзүлүштөрдө кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын арасына кирүүсүн алдын алуу маселесине бурулууда.
Экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдык механизмдерди өркүндөтүү жана өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча үчүнчү артыкчылыктуу багыттын алкагында биринчи кезектеги милдеттер болуп төмөнкүлөр саналат:
- экстремисттик жана террордук ишке каршы аракеттенүүнүн мыйзамдык механизмдерин өркүндөтүү. Бул милдет өзүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын терроризм менен күрөшүү боюнча эл аралык документтер менен жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциялары менен өз ара дал келтирүүнү, ошондой эле диний билим берүү, экстремисттик жана террордук иш менен күрөшүү чөйрөсүндөгү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча чараларды камтыйт;
- Программаны аткаруу боюнча өз ара аракеттенүүнү жана контролду уюштуруу. Бул милдет Программаны аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатууну жана анын аткарылышын контролдоону болжолдойт.
IV. Күтүлүүчү жыйынтыктар
Мамлекеттик программаны ишке ашыруудагы жагымдуу шарттар жана коркунучтары, "мониторинг жүргүзүү жана баа берүү":
Программа 2017-2022-жылдарга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасында диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча пландарды жана башка программаларды иштеп чыгуу боюнча негизги багыттарды аныктайт жана конкреттүү иш-чаралар менен бирге жалпы концептуалдык принциптерди камтыйт. Программаны ишке ашыруунун жыйынтыгы болуп адамдын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздук деңгээлинин жогорулашы, жарандардын радикалдашуу коркунучун кыскартууга көмөк көрсөткөн жагымдуу шарттар камсыздалышы керек.
Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдардын экстремизмди жана терроризмди профилактикалоо, күрөшүү жана аларга бөгөт коюу чөйрөсүндөгү иши системалуу, координацияланган жана ырааттуу мүнөзгө ээ.
Программа экстремизм жана терроризмге каршы аракеттенүүгө багытталган чаралардын натыйжалуулугун жогорулатууга байланышкан маселелерди ийгиликтүү чечүүдө баланстуу жана координацияланган аракеттерди иштеп чыгууга, ошондой эле алдыңкы эл аралык уюмдар менен кызматташтыкта, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан өлкөлөрдүн атайын кызматтары жана укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү аркылуу мамлекеттик органдардын жана коомдук түзүлүштөрдүн аны ишке ашыруусуна мүмкүндүк берет.
Программаны ишке ашыруу стратегиясын аныктаган маанилүү факторлорго төмөнкүлөр кирет:
- экстремизмди жана терроризмди колдогон идеологияга жана адамдарга каршы аракеттенүү маселелери боюнча кызматташууга жарандык коомду жана ар кандай жамаатты тартуу боюнча туруктуу практика;
- экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча ченемдик укуктук базадагы коллизиялар жана кемчиликтер, адам укуктары боюнча талаптарды жана улуттук коопсуздукту камсыздоону эриш-аркак айкалыштырууну эске алуу менен тийиштүү ченемдик укуктук актылар өркүндөтүлгөн;
- диний экстремизм менен терроризмге каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын коопсуздук секторунун институттук потенциалы;
- укук коргоо органдары заманбап чакырыктардын талаптарына жооп берген тийиштүү техникалык ресурстар менен камсыздалган;
- квалификацияны системалуу түрдө жогорулатуу аркылуу ар кандай категориядагы кызматкерлердин керектүү деңгээлдеги компетенттүүлүгү;
- объекттерди террордук кол салуудан коргоону камсыздоо боюнча уюштуруу-укуктук, оперативдүү жооп кайтаруу жана аскердик-техникалык мүнөздөгү чаралардын системасы;
- эл аралык терроризм, диний экстремизм жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулук тарабынан региондогу мамлекеттердин туруктуу өнүгүүсүнө коркунучтун күчөшүнөн кабар берген Борбордук Азиядагы чыр-чатактардын мүмкүндүгүнүн кескин көбөйүшү;
- Кыргыз Республикасынын айрым региондорунда айрым диний уюмдардын, секталардын жана агымдардын жүргүзгөн деструктивдүү иши, экстремисттик идеяларды кармануусу;
- укук коргоо органдарынын диний экстремисттер менен күрөшүүсүнүн натыйжалуулугун күчөтүү максатында ченемдик укуктук базаны жакшыртуу зарылдыгы;
- ар кандай деструктивдүү диний уюмдарга, секталарга жана агымдарга тартылган өспүрүмдөр менен жаштардын санынын кескин көбөйүшү.
Динге ишенген калк арасында профилактикалык ишти жүргүзүүдө Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын, Орустардын Православ чиркөөсүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ээлеген орду маанилүү болууга тийиш.
Программаны ишке ашыруу планына ылайык ар бир мамлекеттик органга иштин белгилүү бир сектору аныкталат, анын ишине туруктуу мониторинг жүргүзүү жолу менен баа берилет.