Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-сентябры № 628
Турукташтыруу режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 289 токтомунун, 2025-жылдын 11-январындагы № 7 токтомунун редакциясына ылайык)
Турукташтыруу режимин колдонуу үчүн шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Турукташтыруу режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан турукташтыруу режими жөнүндө макулдашууларды түзүүгө ыйгарым укук берилсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 289 токтомунун, 2025-жылдын 11-январындагы № 7 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 13-октябрында № 110 жарыяланды
Премьер-министр | С.Ж. Исаков |