Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтому менен бекитилген |
Катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамынын электрондук маалыматтар базасын уюштуруунун жана күтүүнүн тартиби
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-июнундагы № 31, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасын күтүүнү, түзүүнү жана пайдаланууну аныктайт.
2. Катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасы Транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын мамлекеттик реестрин (мындан ары - реестр) түшүндүрөт, ал уюштуруу-укуктук формаларына карабастан, жеке жана юридикалык жактарга, Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактарга, жарандыгы жок адамдарга таандык транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар жөнүндө маалыматтарды, башка чет мамлекеттерде катталган жана Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу ташып келинген транспорт каражаттарын кошуу менен, менчик ээлери жөнүндө маалыматтарды, транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлгөн каттоо иш-аракеттери жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле айдоочулук күбөлүк жана анын ээси жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
3. Реестрдин кармоочусу болуп транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо, кайра каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саналат. Кармоочу реестрдин жүргүзүлүшүн жана иштешин, ошондой эле реестрде камтылган маалыматтардын белгиленген тартипте колдонулушун контролдойт жана алардын сакталышын камсыздайт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 токтомдорунун редакциясына ылайык)
4. Реестрдин техникалык оператору болуп реестрди жүргүзүүнү жана техникалык коштоону ишке ашырган Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Реестр транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлгөн каттоо иш-аракеттери жана транспорт каражаттарын башкаруу укугун берүү жана аларды эсепке алуу боюнча жүргүзүлгөн жол-жоболук иш-аракеттер жөнүндөгү маалыматтардын негизинде түзүлөт. Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган каттоо иш-аракеттерин жана транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга каттоо документтерин берүүнү жана транспорт каражаттарын башкаруу укугун берүү жана аларды эсепке алуу боюнча жол-жоболук иш-аракеттерди жүзөгө ашырат.
6. Реестр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде, ошондой эле латын алфавитин жана араб цифраларын пайдалануу менен жүргүзүлөт.
2. Реестрге киргизилүүчү маалыматтар
7. Реестр төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:
7.1. Менчик ээси жөнүндө маалыматтардын тизмеги:
а) жеке адамдар - Кыргыз Республикасынын жарандары:
- персоналдык идентификациялык номуру (мындан ары - ПИН);
- фамилиясы;
- аты;
- атасынын аты (болсо);
- туулган күнү;
- жашаган жеринин дареги;
- паспортунун номуру;
- паспортту берген орган жана анын коду;
- берилген күнү;
б) Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартипте катталган юридикалык жактар:
- салык төлөөчүнүн идентификациялык номуру (мындан ары - СИН);
- юридикалык жактын аталышы;
- юридикалык жак катталган күн;
- юридикалык дареги;
в) жеке адамдар - чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар:
- ПИН (болсо);
- фамилиясы;
- аты;
- атасынын аты (болсо);
- туулган күнү;
- жарандыгы;
- ким экендигин ырастоочу документтин номуру;
- ким экендигин ырастоочу документтин берилген күнү;
- ким экендигин ырастоочу документти берген орган;
- Кыргыз Республикасынын аймагында катталган дареги;
г) чет мамлекеттин аймагында катталган юридикалык жактар:
- СИН (болсо);
- каттоо тууралуу күбөлүктүн номуру;
- юридикалык жактын аталышы;
- юридикалык жак катталган күн;
- мамлекетке таандыгы;
- Кыргыз Республикасынын аймагында катталган дареги.
7.2. Транспорт каражаты жөнүндө маалыматтардын тизмеги:
- мамлекеттик каттоо белгиси;
- мамлекеттик каттоо белгисинин тиби;
- транспорт каражатынын уникалдуу идентификациялык номуру;
- маркасы;
- модели;
- категориясы;
- кузовунун номуру;
- шассинин/алкагынын номуру;
- транспорт каражатынын чыккан жылы;
- транспорт каражатынын тиби;
- кузовунун түрү;
- өңү;
- кыймылдаткычынын көлөмү;
- кыймылдаткычынын кубаттуулугу;
- отундун түрү;
- рулдун жайгашуусу;
- оордуксуз массасы;
- уруксат берилген максималдуу массасы;
- отургучтардын саны;
- өндүрүлгөн өлкө/алып келинген өлкө;
- каттоо документинин номуру жана түрү;
- төрт тарабынын жана кузовунун/шассисинин/рамасынын номеринин фотосүрөтү;
- өткөргүч коробкасы (АКПП, МКПП);
- одометрдин көрсөткүчү (километраж).
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-июнундагы № 31 токтомунун редакциясына ылайык)
7.3. Түзүлүштөр жана жабдуулар жөнүндө маалыматтардын тизмеги:
- каттоо документинин номуру менен түрү жана анын жарактуулук белгиси;
- транспорт каражатынын уникалдуу идентификациялык номуру;
- түзүлүштүн жана жабдуунун тиби;
- маркасы;
- модели;
- категориясы;
- түзүлүштүн жана жабдуунун номуру (болсо);
- түзүлүштүн жана жабдуунун чыккан жылы;
- өңү;
- кыймылдаткычынын көлөмү (болсо);
- кыймылдаткычынын кубаттуулугу (болсо);
- отундун түрү;
- өндүрүлгөн өлкө / алып келинген өлкө.
7.4. Айдоочу жөнүндө маалыматтардын тизмеги:
- ПИН;
- фамилиясы;
- аты;
- атасынын аты (болсо);
- туулган күнү жана жери;
- жашаган жеринин дареги;
- ким экендигин ырастоочу документтин номуру;
- ким экендигин ырастоочу документтин берилген күнү;
- ким экендигин ырастоочу документти берген орган;
- Кыргыз Республикасынын аймагында катталган дареги (чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн);
- жарандыгы;
- айдоочуга ыйгарылган категория, ар бир категориянын берилген күнү жана негизи;
- айдоочунун сүрөтү;
- айдоочунун колу;
- айдоочунун канынын тобу;
- эскертүү, чектөөлөр (көз айнек тагынуу, ден соолугунун абалы боюнча чектөө).
7.5. Айдоочулук күбөлүк жөнүндө маалыматтар тизмеги:
- айдоочулук күбөлүктүн номуру;
- айдоочулук күбөлүктүн тиби;
- берилген күнү;
- колдонуу мөөнөтү;
- берген орган.
7.6. Реестрде каттоо документтерин жана айдоочулук күбөлүктөрдү жараксыз деп таанууга негиздер жана күнү көрсөтүлөт.
7.7. Каттоо иш-аракеттери жөнүндө маалыматтардын тизмеги:
- транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга жүргүзүлгөн каттоо иш-аракеттери жөнүндө;
- транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо иш-аракеттерин жүргүзүүгө негиз болгон документтер жөнүндө;
- транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга берилген каттоо документтери жөнүндө;
- каттоо иш-аракеттерин жүргүзгөн кызмат адамдары жөнүндө;
- транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга тыюу салуулар жана чектөөлөр жөнүндө.
7.8. Айдоочулук күбөлүктөрдү берүү процесстери жөнүндө маалыматтардын тизмеги:
- айдоочулук күбөлүктөрдү берүүгө негиз болгон документтер жөнүндө;
- айдоочуларды даярдоо боюнча билим берүү мекемелери (автомектептер) жөнүндө;
- билим берүү мекемесин (автомектепти) бүткөндүгү тууралуу күбөлүктүн номуру жана алган күнү жөнүндө;
- айдоочунун сынак тапшырган жыйынтыктары жөнүндө;
- айдоочулук күбөлүктү берүү процессине тартылган кызмат адамдары жөнүндө;
- транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыраган айдоочулар жөнүндө.
3. Транспорт каражатынын уникалдуу идентификациялык номуру
8. Транспорт каражатынын уникалдуу идентификациялык номуру (мындан ары - VID) - транспорт каражатынын, түзүлүштүн жана жабдуунун идентификациялык номуру, ал реестрде транспорт каражатынын, түзүлүштүн жана жабдуунун менчик ээсине байлаштыруусуз ыйгарылат жана транспорт каражатынын, түзүлүштүн жана жабдуунун бардык пайдаланылган мезгилине сакталат. Бир эле VIDди башка транспорт каражатына, түзүлүшкө жана жабдууга ыйгарууга жана ыйгарылган VIDди өзгөртүүгө тыюу салынат.
9. VID 13 белгиден турган номурду түшүндүрөт жана төмөнкү түзүмгө ээ:
ТКНННННЧЧММГГ, мында:
Т - транспорт каражатынын тиби, ал кармоочунун цифралык белгиси менен аныкталат;
К - контролдук сан (белгилүү бир алгоритм боюнча эсептелет);
ННННН - учурдагы каттоо күнүнө карата каттоонун катар номуру;
ЧЧММГГ - катталган күнү (күнү, айы, жылы).
10. VID транспорт каражатынын, түзүлүштүн жана жабдуунун каттоо документтеринде милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.
11. VID мамлекеттик органдардын жана юридикалык жактардын маалыматтык системаларынын деңгээлинде транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды эсепке алуу жана идентификациялоо үчүн колдонулат.
4. Реестрди колдонуу тартиби
12. Реестрден электрондук жана кагаз түрүндө маалыматтарды берүү жеке мүнөздөгү маалымат, мамлекеттик сырлар чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Реестрде камтылган маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголууга тийиш.
14. Реестрде маалыматтарды сактоо мөөнөтү - мөөнөтсүз.
15. Кармоочунун, техникалык оператордун, транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери реестрде камтылган маалыматтарды таркатканы, ошондой эле мыйзамга ылайык келбеген жана так эмес маалыматтарды бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жана тартиптик жоопкерчиликке тартылышат.
16. Жеке жана юридикалык жактар реестрде камтылган, алардын менчигинде турган транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар жөнүндө жана алардын атына берилген айдоочулук күбөлүктөр жөнүндө маалыматтарды алууга укуктуу.
17. Реестрден маалыматтар мамлекеттик органдарга, юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана тийиштүү макулдашуулардын негизинде берилет.
18. Маалыматтарды алуучулар кармоочу тарабынан маалыматтар кандай максатта берилсе, реестрден алынган маалыматтарды ошол максатта гана колдонушат.