Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 16-июну № 31
Транспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук
күбөлүктөрдү берүү маселелери боюнча Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Автотранспорт каражаттарынын менчик ээлеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 222-беренесине, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 122 чечимине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринде:
- 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
төмөнкүдөй мазмундагы 212-пункт менен толукталсын:
"212. Транспорт каражатын каттоо, кайра каттоо, эсептен чыгаруу жана мамлекеттик каттоону убактылуу токтотуу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүүнүн алдында каттоого, кайра каттоого катышкан адамдар архивдик иш, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук
"транспорт каражатын мамлекеттик каттоону убактылуу токтотуу - катталган транспорт каражаттарынын электрондук маалыматтар базасына транспорт каражатынын жол кыймылына катышуусуна уруксат берүүнү убактылуу токтотуу жөнүндө тийиштүү жазууну киргизүү;";
- 10-пунктунун тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- транспорт каражатын, өзү жүрүүчү технологиялык машинаны жана тракторду ар тарабынан фотофиксациялоо жана фотосүрөтүн киргизүү менен транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды кароодон өткөрөт, ошондой эле электрондук маалыматтар базасына киргизүү үчүн транспорт каражатын кароо актысын түзөт, зарыл болгон учурда транспорт каражатын, түзүлүштү жана жабдууну жалгыз кароо актысын берет;";
курамды, жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте фамилиясынын, аты-жөнүнүн берилген документтерге шайкештигине карата бетинин графикалык сүрөтү боюнча идентификациялоодон өтүшөт.
Кыймылдуу мүлктүн менчик ээсинин атынан ишеним берилген адам арыз берген учурда (ажыратуу укугу менен колдонуудагы ишеним кат болсо), ишеним берилген адамды (адамдарды) идентификациялоо да бетинин графикалык сүрөтүнүн негизинде жүргүзүлөт.";
- 22-пунктунун сегизинчи абзацындагы "(юридикалык жак же жеке ишкер катарында катталган жеке адам тарабынан гана берилет)" деген сөздөр алып салынсын;
- 52-пунктунун жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 11-глава жана 84-88-пункттар менен толукталсын:
"11. Транспорт каражатын мамлекеттик каттоону убактылуу токтотуу тартиби
84. Транспорт каражатынын менчик ээси (жеке жана юридикалык жактар) өзүнүн ким экендигин ырастоочу документин (паспортун), ал эми юридикалык жактар юридикалык жакты мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүгүн көрсөтүү менен транспорт каражатын мамлекеттик каттоону убактылуу токтотуу жөнүндөгү арыз менен ыйгарым укуктуу органга кайрылууга укуктуу.
85. Берилген документтердин негизинде ыйгарым укуктуу орган транспорт каражатын мамлекеттик каттоону убактылуу токтотуу жөнүндөгү маалыматтарды электрондук маалыматтар базасына киргизип, арыз менен кайрылган транспорт каражатынын менчик ээсине (же ишеним кат боюнча иш жүргүзгөн адамга) маалым катты колдонуу мөөнөтүн көрсөтүү менен берет.
86. Транспорт каражатынын менчик ээси (же ишеним кат боюнча иштеген адам) ушул Эрежелердин 24-пунктунда каралгандай берилген документтердин негизинде транспорт каражатын мамлекеттик каттоону калыбына келтирүүгө укуктуу.
87. Транспорт каражатын мамлекеттик каттоо убактылуу токтотулган учурдан тартып үч жылдык мөөнөт өткөндөн кийин, транспорт каражатын эсептен чыгаруу жөнүндө маалыматтар ыйгарым укуктуу орган тарабынан электрондук маалыматтар базасына киргизилет.
88. Транспорт каражатын мамлекеттик каттоону токтотуу, ошондой эле соттун белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде жүргүзүлөт.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамынын электрондук маалыматтар базасын уюштуруунун жана күтүүнүн тартибине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 7.2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма үчүнчү - жыйырма бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"- төрт тарабынын жана кузовунун/шассисинин/рамасынын номеринин фотосүрөтү;
- өткөргүч коробкасы (АКПП, МКПП);
- одометрдин көрсөткүчү (километраж).".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 "Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелеринде:
- 20-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Биринчи квалификациялык сынакка окугандардын санынан 70 пайызынан ашыгын түзгөн катышуучулардын тобу киргизилет.
Теориялык сынакты тапшыра албаган талапкер практикалык сынакка киргизилбейт. Теориялык же практикалык сынакты кайрадан тапшыруу мурдагы сынак өткөрүлгөн күндөн тартып 10 күндөн эрте эмес дайындалат. Тапшырылган сынактардын жыйынтыгы терс болгондо, квалификациялык сынактарды тапшыруу аракеттеринин саны чектелбейт.
Сынактарды өткөрүү класстарынан тышкары жерлерде теориялык сынактарды өткөрүүгө жол берилбейт".
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 25-июнундагы № 73-74 (3252-3253) жарыяланды
Төрага | У.А. Марипов |