Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-июлу № 445
“Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |
Долбоор
1-берене
“Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 134-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренесинде:
- 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
- 6-бөлүгүндөгү “кыска мөөнөттүү мезгилге” деген сөздөр “орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилдерге” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 2-беренесинин 8-бөлүгүндө:
- “келерки жылдын 15-мартына чейин” деген сөздөр “учурдагы жылдын 31-мартынан кечиктирилбестен” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- “, жана бюджеттин кирешесин үч жылдык мезгилге эсептөө үчүн негиз болуп саналат (СПБ)” деген сөздөр алып салынсын;
3) 3-беренесинин 1-бөлүгү “ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөрдөн мурун “экономикалык болжолдоо боюнча” деген сөздөр менен толукталсын.
4) 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы “Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргызстан элине, Жогорку Кеңешине жана Өкмөтүнө карата кайрылууларында аныктаган” деген сөздөр “программалык документтерде аныкталган” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) 5-беренесинде:
- 1-бөлүгү “министрликтер,” деген сөздөн кийин “мамлекеттик комитеттер, ведомстволор,” деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-4-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2. Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү мезгилге социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жалпыланган болжолу экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тармактык жана региондук болжолдордун негизинде түзүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн параметрлеринин болжолу учурдагы жыйынтыктарды баалоону, жаңы ички жана тышкы факторлорду/тобокелдиктерди аныктоону эске алуу менен болжолдонгон мезгилдин ичинде кайра каралышы мүмкүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү мезгилге социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолу келерки финансылык жылга жана келерки эки болжолдонуучу жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана республикалык бюджеттеринин кирешелери боюнча болжолду даярдоо үчүн негиз болуп саналат.”;
- 5-бөлүгүндөгү “сентябрына” деген сөз “октябрына” деген сөз менен алмаштырылсын.
2-берене
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
2. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти