Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-февралы № 57
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн балдардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Турмуштук оор кырдаалда турган балдардын маалыматтарынын автоматташтырылган маалыматтык системасын киргизүү, ошондой эле турмуштук оор кырдаалда турган балдардын керектөөлөрүн баалоону оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 26-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 391 "Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 1-1, 1-2-пункттар менен толукталсын:
"1-1. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана административдик ведомстволорунун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жана шаарлардын мэрлери (макулдашуу боюнча), жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары (макулдашуу боюнча) жана жарандык коом (макулдашуу боюнча) турмуштук оор кырдаалда турган балдардын маалыматтарынын автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу менен турмуштук оор кырдаалда турган балдарга жана үй-бүлөлөргө комплекстүү социалдык кызматтарды ыкчам көрсөтүү боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылсын.
1-2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана административдик ведомстволорунун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жана шаарлардын мэрлери (макулдашуу боюнча), жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары (макулдашуу боюнча) бул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пунктта:
"кызматтарды көрсөтүү максатында" деген сөздөрдөн кийин "турмуштук оор кырдаалда турган балдардын маалыматтарынын автоматташтырылган маалыматтык системасын (мындан ары - ТОК АМС) пайдалануу менен" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Турмуштук оор кырдаалда турган балдарга жана үй-бүлөлөргө комплекстүү социалдык кызматтарды ыкчам көрсөтүү боюнча аймактык мамлекеттик органдардын, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жана жарандык коомдун ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсү "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу ТОК АМСти пайдалануу менен камсыз кылынат.";
- расмий тилдеги 3-пункттун алтынчы абзацындагы "конфиденциональность" деген сөз "конфиденциальность" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 6-пункт "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары" деген сөздөрдөн кийин ", аймактык мамлекеттик органдар" деген сөздөр менен толукталсын;
- 7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- табылган (ташталган), ошондой эле ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар боюнча чараларды токтоосуз көрүүнү.";
- 8-пункт "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары" деген сөздөрдөн кийин ", аймактык мамлекеттик органдар" деген сөздөр, "аймактык бөлүмү тарабынан" деген сөздөрдөн кийин "ТОК АМСти пайдалануу менен" деген сөздөр менен толукталсын;
- 9-пунктта:
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары;";
бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табууда аталган органдар, уюмдар жана адамдар бир күндүк мөөнөттө ТОК АМС аркылуу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө маалымдоого милдеттүү, ТОК АМСке кирүү мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда маалыматты бардык мүмкүн болгон ыкмалар менен (жазуу жүзүндө, оозеки, телефон, электрондук почта аркылуу) берет.";
- 10-пунктта:
биринчи абзац "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары" деген сөздөрдөн кийин ", аймактык мамлекеттик органдар" деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынан, аймактык мамлекеттик органдардан, уюмдардан жана жарандардан маалымат алуу;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 10-1-пункт менен толукталсын:
"10-1. Табылган балдар жана үй-бүлө жөнүндө маалымат бир жумуш күндүн ичинде ТОК АМСке киргизилет.";
- 11-пунктта:
"маалыматты алууда" деген сөздөрдөн кийин "(анын ичинде ТОК АМС аркылуу)" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Токтоосуз чараларды көрүү зарыл болгон учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери өз компетенциясынын чегинде кечиктирбестен жерине баруу менен тиешелүү иштерди жүргүзөт.";
- 12-пункттун биринчи абзацы "толтурат жана" деген сөздөрдөн кийин "маалыматтарды анкеталоо максатында ТОК АМСке маалыматтарды киргизүү менен" деген сөздөр менен толукталсын;
- 14-пункттун экинчи абзацындагы "ушул Жобонун 2 жана 3-тиркемелерине ылайык форма боюнча" деген сөздөр "ТОК АМС" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- 17-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Турмуштук оор кырдаалда турган баланын жана үй-бүлөнүн социалдык жана башка кызмат көрсөтүүлөргө керектөөлөрү жөнүндө ТОК АМСке киргизилген маалыматтын негизинде үй-бүлө менен жеке иштөө планынын жана/же баланы коргоо боюнча жеке пландын долбоорлору автоматтык режимде түзүлөт.";
- 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (шаардын мэриясынын) алдындагы Балдар иштери боюнча комиссиянын (мындан ары - Балдар иштери боюнча комиссия) кароосуна ТОК АМС менен түзүлгөн үй-бүлө менен жеке иштөө планынын жана/же баланы коргоо боюнча жеке пландын долбоорлорун кагаз жүзүндө жана/же электрондук түрдө зарыл болгон маалыматтарды тиркөө менен жиберет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 25-1, 25-2-пункттар менен толукталсын:
"25-1. Балдар иштери боюнча комиссиянын катчысы эки жумуш күндүн ичинде аткаруу үчүн жооптуу органдарга бекитилген баланы коргоо боюнча жеке планды жана/же үй-бүлө менен жеке иштөө планын ТОК АМС аркылуу жиберет.
25-2. Бекитилген баланы коргоо боюнча жеке план жана/же үй-бүлө менен жеке иштөө планы белгиленген мөөнөттөрдө милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.";
- 26-пункт "ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү" деген сөздөрдөн кийин "ТОК АМСти пайдалануу менен" деген сөздөр менен толукталсын;
- 29-пункттагы "же баланы, үй-бүлөнү эсептен чыгаруу тууралуу өтүнөт" деген сөздөр алып салынсын;
- 31-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31. Бекитилген үй-бүлө менен жеке иштөө планында жана/же баланы коргоо боюнча жеке планда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө иш-чаралар аткарылбаган учурда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн жана Балдар иштери боюнча комиссиянын төрагасынын сунушу боюнча аткаруу үчүн жооптууларга, анын ичинен Балдар иштери боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө да Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик жоопкерчилик чаралары колдонулушу мүмкүн.";
- 33-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"33. Ата-энелеринин (ата-энесинин) камкордугусуз калган бала (балдар) жөнүндө белгилүү болгон адам шашылыш тартипте бул тууралуу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү аймактык бөлүмүнө жана/же аймактык мамлекеттик органга маалымдоого милдеттүү.";
- 35-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"35. Табылган (ташталган), ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө факт аныкталган учурда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү ички иштер органынын кызматкерлери менен бирге жагдайлар аныкталганга чейин аны (аларды) алып кетүү боюнча токтоосуз чараларды көрөт.
Мында алгачкы медициналык жардам көрсөтүү, ошондой эле баланы үй-бүлөсү менен бириктирүү максатында биологиялык ата-энелерин (ата-энесин) же туугандарын издөө боюнча иштер жүргүзүлөт, зарыл болгон учурда туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн калыбына келтирүү же алуу боюнча иштер жүргүзүлөт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 35-1-пункт менен толукталсын:
"35-1. Табылган (ташталган) баланын статусу такталганга жана аныкталганга чейин, багып алуучу (фостердик) үй-бүлөгө, ал эми мындай мүмкүнчүлүк жок болгон учурда башка балдардын интернат мекемесине убактылуу жайгаштыруу камсыз кылынат.";
- 40-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Мында ТОК АМС аркылуу түзүлгөн бала жөнүндө маалымат "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу интернат тибиндеги балдар мекемелеринин автоматташтырылган маалыматтык-аналитикалык системасына берилет.";
- 41-пункт "баланы коргоо боюнча жеке планынын долбоорун" деген сөздөрдөн кийин "ТОК АМСти пайдалануу менен" деген сөздөр менен толукталсын;
- 47-пункттун биринчи абзацы "балдар эмгегинин эн начар формаларына тартылган баланын проблемаларына" деген сөздөрдөн кийин "ТОК АМСти пайдалануу менен" деген сөздөр менен толукталсын;
- 55-пункттун экинчи абзацы "жеке планынын долбоорлорун" деген сөздөрдөн кийин "ТОК АМСти пайдалануу менен" деген сөздөр менен толукталсын;
- 60-пункттун биринчи абзацы "баланын жана анын үй-бүлөсүнүн проблемаларын" деген сөздөрдөн кийин "ТОК АМСти пайдалануу менен" деген сөздөр менен толукталсын;
- 67-пункттун экинчи абзацы "бала жана үй-бүлө үчүн турмуштук оор кырдаалды түзгөн" деген сөздөрдөн мурда "ТОК АМСти пайдалануу менен" деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган Жобонун 2-5-тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 449 "Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2, 3-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жана шаарлардын мэрлери (макулдашуу боюнча) жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Балдар иштери боюнча комиссиянын иши жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине берүүнү камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Балдардын иштери боюнча комиссиянын иши жөнүндө аналитикалык отчетту Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү жободо:
- 16-пункттун экинчи абзацы "өз ара кызматташтыгын" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинде турмуштук оор кырдаалда турган балдардын маалыматтарынын автоматташтырылган маалыматтык системасын (мындан ары - ТОК АМС) пайдалануу менен" деген сөздөр менен толукталсын;
- 18-пунктта:
2-пунктчада:
бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ТОК АМС менен түзүлгөн баланы коргоо боюнча жекече пландын же/жана үй-бүлө менен жекече иштөө планынын долбоорлорун;";
алтынчы абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
жетинчи абзац "баланы коргоо боюнча жекече планга" деген сөздөрдөн мурда "ТОК АМС менен түзүлгөн" деген сөздөр менен толукталсын;
4-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) ички иштер органдары тарабынан берилген жашы жете электер, алардын ата-энелери же мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан жасалган укук бузуулар жөнүндө материалдарды (иштерди) карайт;";
6-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды менчиктин бардык түрүндөгү интернат тибиндеги балдар мекемелерине жайгаштырууга жол бербөө.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 18-1-пункт менен толукталсын:
"18-1. Балдарга көзөмөлчүлүктү жана камкорчулукту белгилөө, балдарды асырап алууга берүү, балдарды интернат тибиндеги балдар мекемелерине жайгаштыруу маселелери Комиссия тарабынан өзүнчө каралбайт. Аталган маселелер Комиссиянын жактыруусуна баланы коргоо боюнча жекече пландын жана/же үй-бүлө менен жекече иштөө планынын алкагында киргизилет.";
- 19-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- аткаруу үчүн жооптуу органдардын бекитилген баланы коргоо боюнча жекече планды жана/же үй-бүлө менен жеке иштөө планын алуусун контролдойт.";
- 23-пункттун сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- эки жумуш күндүн ичинде аткаруу үчүн жооптуу органдарга бекитилген баланы коргоо боюнча жекече планды жана/же үй-бүлө менен жекече иштөө планын ТОК АМС аркылуу жиберет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 32, 33-пункттар менен толукталсын:
"32. ТОК АМС менен түзүлгөн баланы коргоо боюнча жекече план жана/же үй-бүлө менен жекече иштөө планы Комиссиянын протоколдук чечиминин негизинде жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (шаардын мэриясынын) чечими менен бекитилет.
33. Бекитилген үй-бүлө менен жекече иштөө планында жана/же баланы коргоо боюнча жекече планда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө иш-чаралар аткарылбагандыгы үчүн балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн жана Комиссиянын төрагасынын сунушу боюнча аткаруу үчүн жооптууларга, анын ичинен Комиссиянын мүчөлөрүнө да Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик жоопкерчилик чаралары колдонулушу мүмкүн.".
3. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана административдик ведомстволорунун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, шаарлардын мэрлери (макулдашуу боюнча) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары (макулдашуу боюнча) жана жарандык коом (макулдашуу боюнча):
1) ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн;
2) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Ушул токтомдон келип чыгуучу чыгымдар тартылган министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга бюджетинин чегинде ишке ашырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 17-февралындагы № 12 (3461) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |