Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-июлу № 449
Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
Балдар иштери боюнча комиссиянын ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 26-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жана шаарлардын мэрлери (макулдашуу боюнча) жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Балдар иштери боюнча комиссиянын иши жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине берүүнү камсыз кылсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Балдардын иштери боюнча комиссиянын иши жөнүндө аналитикалык отчетту Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жана шаарлардын мэрлери (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Балдар иштери боюнча комиссиянын иши тууралуу отчет берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Балдар иштери боюнча комиссиянын иши тууралуу аналитикалык отчет берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-декабрындагы № 878 "Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |