Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-октябры № 638
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 "Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 "Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жободо:
- 2-пунктунун тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"аукцион объектисинин баштапкы баасы - бонустун (жер казынасын пайдалануу укугуна салык) суммасын жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтын пакетинин наркын камтыган, аукциондо тоорук баштала турган баштапкы баа;";
65-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"65. Аукцион объектисинин акыркы баасы бонустун суммасын жана геологиялык маалыматтын пакетинин баасын алып салганда төмөнкү тартипте бөлүштүрүлөт: 93 пайызы республикалык бюджеттин кирешесине, 7 пайызы - жер казынасынын объектиси жайгашкан жер боюнча жергиликтүү бюджеттин кирешесине которулат. Жергиликтүү бюджетке жогоруда аталган каражаттарды которуу лицензия алган аукциондун жеңүүчүсүнө жер участогун пайдаланууга бөлүп берүү же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардагы иштерди аткарууга макулдук берүү жөнүндө маселе чечилгенден кийин жүргүзүлөт.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |