Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 14-декабры № 834
Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 6-ноябры № 760 токтомдун редакциясына ылайык)
Жер казынасын пайдаланууну жөнгө салуу системасын өркүндөтүү, ошондой эле укуктук ченемдик актыларды "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекитилсин:
- Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоонун тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
- Жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;
(Бешинчи абзац КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 6-ноябры № 760 токтому менен кγчγн жоготту)
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 228 "Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо жана жөнгө салуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 8-июнундагы № 425 "Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо жана жөнгө салуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 228 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев
|